ТАБАК

Кошкон | 22.09.2017

«Эт эмес табагыңды таппай калды» (макал).

Бул — кырма идиштердин бири. Табак арчадан да, кайыңдан да, жаңгактан да, талдан да чабылат. Жарылып кетпеси үчүн жаңы табакты майга же майлуу сууга (кээде сорпого) салып, аны кайнатабыз жана отко кактап карайтабыз. Андай табак «кара табак» деп аталат. Кээде муну майлоодон ага кичине жошо сүртүлөт. Чара табакты көмкөргөндө айлананы элестетет. Бул кырмачылык өнөрү менен так жана таза бүткөндүгүн аныктайт.

Тайпак табакты «желпүүр табак» деп да коет. Аны менен агышак, таруу өңдүү дандардын кебегин учурат. Табактын айлана четине 2—3 сызык (кеште) түшүрүлгөн.

Бул «кырбу» же «кобул» деп аталат. Жыгач табактын чуңкуру 6—12 см, дм и 20— 20 см болуп, түбү кууш жана тегерек келип, турмушта урунуп жүрүүгө бул укмуштай шартташкан. Кээде аны илеген (тарелка табак) деп да коёбуз. Мунун да оозу кенен, түбү кичине келет. Анын бир нече формалары бар. Тарелка табак, илеген табак, тайпак табак жалпысынан окшош көрүнгөнү менен чеберлер бири-бирине айырмалуу кармашкан. Булардын үч төрт жеринде «кеште» түшөт.

«Миске чара» — табактын иштүүсү. Кештелеринен тышкары оозу чыгат. Ал жайпак түспөлүн берип турат.

Айрым усталар кол дүкөн колдонбойт. Чот, керки, бычак, ийги сымал жөнөкөй куралдарды ыңгайына карай пайдалануу аркылуу бүткөргөн табактарын көбүнчө талдан тандашат. Тал тарамыш сымал келип, ийри-муйру жарылат. Анын жарылган ыгы менен конот. Араалаганга караганда колдо жарылган талдан жасалган идиш- аяктын калыбы кийинчерээк анча өзөрбөйт. Андай жарылышы ийри-муйру жыгачтар кургаган соң табигый жолуна келет. Өрүктү иштетүүдө да ушул ыкманы эске алуу зарыл. Идиштин сөлөкөтүн келтирген чакта кайнатып, заттын сары суусу менен чыгарып алат. Бул болсо такыр чирибейт, урунууга бышык болот.

Досторуңуз менен бөлүшүүнү унутпаңыз (ツ)





Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *