УСТА, УЗАНУУ, УСТАЧЫЛЫК

Кошкон | 27.09.2017

«Кулукедей уста бол,
Кыргыз элдин ичинде,
Өлбөй турган нуска бол» (Токтогул).

Бул — жердиги катуу буюмдарга узануучу чебер. Буга кара уста (темирчи), зергер (күмүш уста) (ат жабдыктарынын чебери: өрүмчү, кайыкчы, кайышчы, анан жыгаччы, кырмаччы, ээрчи, түндүкчү, уук-кереге матоочу, мүйүз уста (мүйүзчү), тери буюмдарынын чебери (көн, шири, көөкөр, көнөк, көнөчөк, көңдөөл, чыны кап жасоочу) өңдүүлөр кирет.

УЗАНУУ — зергерчилик, темирчилик, жыгаччылык, мүйүзчүлүк, терини иштетүүчүлүк, таш чегүүчүлүк. Тактап айтканда, көбүнчө эркектердин металлдан, жыгачтан, мүйүздөн, сөөктөн, таштан, териден жана башка жердиктерден кооз буюмдарды жасоо аракеттери.

УСТАЧЫЛЫК — темир, жез, миз, мүйүз, сөөк, жыгач, тери, кайыш, таш жана башка жердиктерден кооз буюм тайымдарды кармоочулук. Элдик кооз кол өнөрчүлүктүн мерчемдүү түрү. Күндөлүк жашоо шартын көздөп, салттуу, аземдүү жана ашкана буюм-тайымдарын жасоо үчүн чеберден-чебер чыккан. Төтөн, күмүштү кармоо доору күн тартибине келип, үй буюмдарына, ат жабдыктарын, азем жасалгаларын, аруулата кармоо өзүнчө маданий төңкөрүштү түзгөн. Албетте, мында устакерчилик элдик салтты дагы дааналап айкындаган таптык мүнөздү да көздөгөн. Кийинки муундарга легендарлуу катары айтылган Дөөтүнүн устакерчилик «кан жолун» улаган, анын «демөөрү колдогон» усталар чыккан. Алар кара темирди камырдай жуурушкан. Алтын-күмүштү күндө күлдүрүшкөн.

Көркөм кол өнөрчүлүктүн табиятында уста болуп калыш көчмөндүү турмушубузда көбүнчө тукум куучулукка шартташкан. Демек, жалаң гана усталарды эле айтпайлы, колдонмо-жасалга өнөрүнүн бүтүндөй түрүн көз алдыбызга келтирсек чеберлердин алгачкы шыктарын ата-энелери жана ага-туугандары, айылдаштары көбүрөөк ойготкону, тутанткандыгын даана баамдайбыз. Албетте, мында чебердин жекече шыгы, идиректиги, өнөргө кыялдануусу, баса отуруп күндүр-түндүр талбай узануусу зор роль ойнойт.

Ошондой эле айтылган уламыштар, айрым атактуу усталардын алыстан угулган атак-даңкы, алардын эл ичинде сейрек кездешүүсү, азем буюмдары устанын узануусунун андан аркы өөрчүшүнө ичтен тымызын шык берген кездери да арбын болот.

Элдик усталардын бөтөнчөлүгү — алардын уздануулары терең сырдуулугу, көп кырдуулугу, Акыйкатта, уста — өнөрдүн ата башы. Көпчүлүк усталар ага дейре эле өнөрдүн калган мындай түрлөрүн: жыгаччылыкты, мүйүзчүлүктү, ташчылыкты, теричиликти, өрүмчүлүктү, кайыкчылыкты, айтор, булардын баарын тең тизгинде кармоого дасыгышат.

Мурунку усталардын узануу шарты ар кандай болгон. Алардын чакан өнөрканалары-дүкөндөрү боз үйдүн ыпта жагына жайланышкан. Айрымдарынын устаканалары үңкүрдө же жер кепеде болгон. Элибиздин көчмөндүү турмушуна байланыштуу усталар жайдыр-кыштыр эле бир жайга жалпак олтуруп узанышкан эмес. Буюм жасатуучулар үйүнө атайын чакырып барып узантуучу. Анда усталар керектүү аспап-куралдарын куржунуна артына барышкан. Демек, кардар түшкөндөр өз шартына ылайык устага обочороок өзүнчө боз үй тигип, көмүрүн өчүрүүгө: көөрүгүн басууга атайын киши дайындаган. Мындай шартта усталар көбүнчө кыз себин кармаган. Жумуштун көлөмүнө карата узануу айлап, жылдап кеткен.

Азыр усталардын көбүнүн узануу шарты өзгөрдү. Булар ичи кенен жана жарык, туруктуу узана турган дүкөндөрү бар. Анда бүгүнкү техникабызга ылайыктуу ар түрдүү аспап-куралдары ирээттүү жайлашкан. Илгери алаа көөрүк болсо, ага караганда күжүнү үйлөтүү жеңил болгондуктан асма көөрүк колдонулууда. Бүгүнкү зергерлер жыгач көмүрдү анча өчүрүшпөй, көбүнчө таш көмүрдү жана «көгүлтүр отту» (газды) пайдаланышат.

Илгери устанын өнөр акысы күн мурунтан эле бычылуучу. Алардын айлакердигин баалагандар, албетте, эч нерселерин аяшпай, ат мингизишкен, тон кийгизишкен, алдына мал айдатышкан. Элибиздин салтында аруу буюмдарды «балдарга ыроолошкон», «бирөөлөргө тартуулашкан», «бала жентектеген», «белекке беришкен». Ушинтип, «Темене тартып төө алган» учурлар устачылыктын санжыргалуу салты жана наркы болгон. Мындай жөрөлгөбүз журтчулугубуздун атам-замандан берки жоомарттыгын айгинелейт. Бирок, уста «Өнөрүн сатпайт, кардар бергенин алат» — бул да устачылыктын наркы болот.

Устанын накта белгиси темирди төрт кырдап таамайтаасын чаба билүүсүнөн көрүнөт. Балканы кармай жана темирди чаба билүүнүн өзү эле анын устакерчилигин аныктап турат. Кара темирди таптоодон устанын кимдиги көрүнөт. Айталык, чалгыны, керкини, балтаны таптоо менен мизин текши чыгара билүүдөн баамдалат.

Устанын айлакерлиги ошол темирдин ар кандайын сугаруудан көрүнөт. Бул — ар бир курал-аспапта «тапка келтирүү» деген түшүнүктү берет. Ар түркүн темирлерди кесүүгө-өгөөгө жарактуу кылуу. Чынында жашык темир аспап-курал боло албайт. Натыйжада, аспап-курал ийине келтире сугарылып алуу аркылуу алмаздай курч болот. Зирек усталар муну сугаруудан тап жылдырышат. Чоктонгон кызыл темирди улам кичине сууга сунуп, улам четинен ширетип, кайрадан тартып алып, көрүп- баамдап, темирдин курчтугун же мококтугун көз өлчөм, ой таразасынан өткөрүп турушат. Муну сугатына даана көзү жетпеген усталар темирди өгөө менен сынайт. Курч темирге өгөө жолобой, тайгаланып турат. Мунун курчтары гана ал темирди өгөөлөй алат. Ушинтип, градус жок болгондуктан усталар ой-болжоо аркылуу гана сугарышат. Мындай даана чеберлер турмушта сейрек кездешет. Алардын арасында да ич ара сөздөр козголот. Маселен, кескич жасатсаң, «бир күндүк кылып берейинби», «үч күндүк кылып коеюнбу», «беш күндүк…» Ал сугарууга тыгыз байланышат. Эгерде усталар керектүү темирди катуу сугарса, ал акыры сынбай койбойт. Усталар «орточо сугардым», «кичине сугардым» дешет. Демек, мунун орточо сугаруусу түзүк көрүнөт. Катуу сугарылган аспаптарды кышта абайлап урунбаса, чорт сынат. Суукта катуу муздаган темирдин чыдамы анча болбойт.

Сынган-бүлүнгөн буюмдарды жиксиз кадоодон — бүтөөдөн уста көрүнөт. Уста жоктон бар кылып, үзүлгөндү улашы тийиш. Таштандыда жаткан темирди алып, өзүнө аруу буюм жасап алуучу усталар өзүбүздүн уюткулуу кыргыз элинен көп чыккан. Алар да ич ара «Мен кыйынмын» деп мактанышы мүмкүн. Бирок, алардын кармаган буюмдарын эл баалайт. Акыйкатта, эл айгак, элдей улуу, элдей кара кылды как жарган калыс эчтеке жок.

Металлды иштетүүнүн сырларын усталар билет. Чалгы, орок, жуушан, бычак, устара, керки, балта сыяктуу күндөлүк керектүү тиричилик шаймандарын жана буюмдары үчүн ак курч темир, кара курч темир жаны жашык темир деген үч түрү болот. Ак курчтан кесүүчү аспап-курал, керки, кескич, өгөө, балта, бычак, капкан өңдүүлөр жасалат да, ал эң эле өткүр, бирок, муңайымыраак келип, чорт сынбайт. Кара курч болсо катуу, бирок, морт болот да, буга өгөө өтпөйт. Мындан буюм жасоо үчүн көбүнчө чарыкты колдонуубуз керек. Эгер кара курчтан миздүү, өткүр буюмду кармоого туура келсе, анын сугаты өтө муңайым, жеңил сугарылат. Терс сугарса, ал чорт ыргып кетет. Ошентип, анын сугатынын ички кереметтерин усталар таба билишет.

Сугатын талаптагыдай таап сугарса, ак курч да өтө өтүмдүү келет. Илгерки баатырлардын жоо жарагы Наркескен мына ушундай сугарылган. Ушинтип, кадимки алгыр куштардай «тапталган» устара, жуушан өңдүүлөр мокобогон да, көпкө барып анан курчутулган. Жашык темирден көбүнчө така жасалат. Ал таштак жайларда жүрсө, эки-үч айдан анча ашпай түшүп калат. Ал эми кара курчтан ат такаланса, така көпкө чейин чыдайт. Албетте, кара курчка узанууда аны ийип- чоюуда колго аябай күч келет. Ошондуктан, айрым усталар муну кармоодон жадайт да, анын артында «анын такасы беш эле күндүк» — деген уяттуу сөз калат. Чынында, жашык темир коргошундай ийкемдүү жумшак келип, башталган иш бат бүтөт.

Илгери мындай жашык темирден калак, кычкач, кыпчуур, аткуур, депкир, үзөңгү жана ат жабдыктарынын башка шөкөттөрү, түндүктүн чулгууру (түндүктүн көздөрүн төрт чарчы кылып көзөй турган аспап) өңдүүлөр жасалган. «Темирдин уузун тапкыча, суусун тап» деген макал бар. Булар менен айыл чарба шаймандары: трактор, араба, тырмоо сыяктуулардын бузулган тетиктери оңдолот. Ак курчту темирдин учун сууга дароо малат. Ошондо ал тез чыйралып, өңү бордой агарып, курчтукка айланат. Анан беш-он мүнөт тышка кармап, күжүдөн чыккан кызыл темир бат эле жашылга айланып, миздеги ак бордой курчту сарыкер түзгө алганда гана сугарылган темир табына келген кези болот. Демек, темирдин мизи сүрүлүп отуруп, сарала сагызган канатына айланат. Так ошондо темир миздин таасын курчуган учуру билинет. Ушундан кийин сууга кайрадан малып, курчун ошол бойдон калтырат. Ак курч темир эки курдай эле сугарылат.

Айткандай, кара курч темир өтө катуу, ак курчтай дароо сууга малынбайт. Мунун учун этиет тийгизип, өлчөөсүн уста баамдайт да, кара өң жашыл болгон тапта же кара күрөң өңгө келген кезде темир курчуган учуру болот. Ошондо муну менен усталар молоташ, тегирмен, жаргылчак өңдүү катуу нерселерди көзөгөн. Аны үйдөй таштарга коюп, барскан менен чапканда канжара бөлүнгөн. Мындан аттыш жана кескич да жасалган.

Усталардын баамдоосунда незильберь күмүштү мүмкүн катар алмаштырат. Ал эми мельхиор болсо көгүлтүр өңдөнүп, күмүшкө анча окшобойт. Незильберди созууда балканы так ортосуна түз чабуу керек. Мында балканын кыры тийбөөсү керек. Аны согуунун-чоюунун өзүнчө жатагы бар. Ошондо гана незильберь таасын ийине келет. Чаап жатканда затты кармаган кол менен балка кармаган кол буралбашы зарыл, кичине эле кылт дедирсе, буюм бузулат. Билерик, шакек, оймок өңдүүлөрдүн ортосу домпок чабылса, буюм көркөм көрүнөт.

Досторуңуз менен бөлүшүүнү унутпаңыз (ツ)





Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *