ЧАКЧА (НАСКАБАК)

Кошкон | 03.10.2017

«Чалдар да жыргап ал кезде,
Чакчадан насын чекчү эле» (Байдылда).

Бул — назбай чегүүчүлөрдүн өздүк буюму. Илгери элибизде мүйүз чакча урунуу салттуу болгон. Ага назбай салынып, чөнтөккө дайыма сакталуучу. Бул чакан идиш күмүштөн да, жезден да, мистен да, калайдан да чүкүрттөлүп жасалып, анын бетине кадимки металлга таандык элдик көркөм оюм-чийим түшкөн. Ашкабактан кургатылып оюлган чакчаны «наскабак» дейт. Муну көбүнчө Түштүк Кыргызстандын журтчулугу арбын колдонушат. Чеберлер чакчаны жасоодо адегенде жердигин тандашкан. Буюм негизинен төрт бөлүмдөн турат. Чакчанын эки капталынан бирөө жазыраак, экинчиси кичирээк алынат да, аларды өзүнүн мүйүздөн же жыгачтан жасалган жатагына коюп, эки бөйрөгүн чыгарып туруп, ичинен бири-бирине жиксиз бириктирет. Айрым зергерлер алардын бөлүктөрүн ичтен кабыштырууда ыро колдонушат. Коргошун менен кепшердейт. Чакчаны моюнунун оозуна кайрыла коюлуучу жери «чакчанын курбусу» деп аталат. Анын оозу менен моюну гана данакерленип, тыгыны чачыланат да, күмүш, жез, калай, мис аркылуу чүкүрттөлөт. Чакчанын эки жак беттерине «чапкылоо ыкмасы» аркылуу чапкылар менен түшүрүлүүчү оюм-чийимдер негизинен «мүйүзчөлөнүп», ич ара «табакчаланып», «куш тырмактанып», «жарым кыялданып», кудум шырдак оюмдары сымалданып кетет. Чакчанын бөлүктөрүн ичинен жиксиз бириктирүүдө зергерлердин жекече ыкмаларынын жашыруун сырларын өзүлөрү гана билишкен.

Досторуңуз менен бөлүшүүнү унутпаңыз (ツ)





Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *