МАНАС ЭПОСУНДАГЫ АСЫЛДЫК

Кошкон | 06.12.2017
АСЫЛДЫК — эстетикалык баалуулукка ээ көрүнүштөрдү мүнөздөөчү түшүнүк (категория). Бул түшүнүк «Манас» эпосунда кеңири чагылдырылып, анда реалдуу чындыкка, 6. а. жаратылыштагы, социалдык чөйрөдөгү, адамдардын өз ара мамилелериндеги түрдүү көрүнүштөргө элдин оң баасы камтылган. В. Г. Чернышевскийдин сөзү менен айтканда: «Асылдык — бул турмуш» (Эстетика, М., 1958, 55-б.) жана оомалуу-төкмөлүү бул жашоонун өзүн адамдар асыл нерсе катары баалашат. А. реалдуу, бирок, ар бир тарыхый конкреттүү турмуштук шарттарда ар башкача кабылданат, башкача айтканда ошол шарттардын өзү тигил же бул кубулушту эстетикалык же эстетикалык эмес, асыл же асыл эмес деп аныктайт. Эгерде предмет, кубулуш биздин түшүнүгүбүздү көрсөтсө жана алар чыныгы турмушту, анын кандайча болуу керек экендигинин образдык чагылышын билдирсе, демек, ал — асыл. «Манас» эпосу күбөлөп тургандай өткөн мезгилдердеги жашоонун, турмуштун оор шарттары, социалдык эзүү, тынымсыз согуштардагы бүлгүндөр кыргыз элинин асылдыкка, сулуулукка умтулушун, аларга болгон кызыгуусун басып коё алган эмес. Муну эпостун текстинде учураган А. түшүнүгү негизин түзгөн сонун, сулуу, асем, кооз, көркөм деген сөздөр да ырастайт. А. түшүнүгү предметтердин жана кубулуштардын маңыздык ички курулушун жана касиеттерин, алардагы мыйзам ченемдүү байланыштарды ачьш көрсөтөт. Маселен, эпостогу каармандардын мүнөздөрү, эрдиги, эл-жерине болгон сүйүүсү, чыныгы достук, таза махабаты жан дүйнөнү тазартып, жаркыратып турушу, алардын асыл көрүнүштөр экендигинин белгиси. Ошондой эле акыйкаттык, эркиндик, жакшылык сыяктуу рухий жактан бөтөнчө мазмунга ээ түшүнүктөр да А-ка жатат. Эпосто элдин өсүп-өнгөн, туулган жерине, ата-журттун ажайып кооздугуна, аны мекендеген жан-жаныбарларга түрдүү оюн-зоокторго, жоо-жарактарга болгон эстетикалык мамилесинде элдин А. тууралуу түшүнүктөрү иштелип чыккан. Эпосто Манас баатырдын төрөлүшү да асыл көрүнүш катары кабылданат. Мунун себеби, биринчиден, чачылган элди баш коштуруп бириктире турган, душманга намыс алдырбаган эр-азаматтардын туулушун эңсеген элдин тилегинин ишке ашкандыгында. Экинчиден, Манас, Семетей, Сейтектин укмуштуудай сырдуу жышаан менен жаралып, жарык дүйнөгө келиши, бала чагынан баатырдык ишке ынтызарлыгы, кудуреттүү колдоочуларга ээ болушу да алардагы асыл сапаттар катары мүнөздөлөт. Үчүнчүдөн кырчылдашкан кандуу кармашта мертиниши же сырдуу себептер менен кайып болуп кетиши А-тын баалуулугун, түбөлүктүүлүгүн көрсөтөт. Эпосто Манас айкөл, кабылан, арстан, асыл деп сыпатталып, анын артыкча асыл сапаттарга ээ экендиги айгинеленет. Манастын өзүнө ылайык жоо кийими, курал- жарагы бар. Эпосто баяндалгандай жоокерчилик доордогу согуштарда, салгылашууларда, негизинен, найза, кылыч, чокмор жана башкалар куралдар колдонулуп, аны пайдаланууда эптүүлүк жана зор кара күч талап кылынган. Мында найза канчалык узун, жоон, кылыч канчалык оор болсо душманга ошончолук коркунучтуу болгон. Ал куралды алып жүргөн каарман ошончолук сүрдүү көрүнгөн. Мына ушулардын бардыгы тарыхый жактан шартталып, элдин түшүнүгүндө А-ты туюнтуучу мааниге ээ болуп калган. Эпостун оң каармандарынын адамдык мыкты сапаттары (айкөлдүк, берешендик, кең пейилдик, ак санатайлык, ишмердүүлүк, чеберчилик жана башкалар) дээрлик асыл көрүнүштөр катары сүрөттөлөт. Илгертен бери эле кыргыздардын түшүнүгүндө Ай менен Күн, Асман менен Жер өтө ыйык нерсе катары аздектелип, асыл көрүнүш катары орун алган. Бул асыресе, элдин фетиштик, магиялык, мифтик түшүнүктөрү менен да белгилүү даражада байланышып турат. Эпикалык чыгармаларда бул түшүнүктөр поэтикалык планда туюнтулуп, өзүнүн башкы каарманын элестүү сыпаттап сүрөттөө элдин идеалына туура келген, башкача айтканда өз түшүнүмдөрүндө сүйүктүү баатырларын (Манас, Алмамбет, Семетей) асылдардын асылы, мыктылардын мыктысы катары көрсөтүүгө умтулушкан. Ошондуктан, Манас сыяктуу эле Семетей да «Ай менен Күндүн жаркынынан», «Ай алдында булуттун салкынынан», «Алтын менен күмүштүн ширөөсүнөн», «Асман менен жериңдин тирөөсүнөн» жаралат. Алтын менен күмүштүн өзү асыл, Ай менен Күндүн өзү асыл, асман менен жер асыл, ушундай асыл нерседен жаралган нерсе да — асыл. Эпосто аял затынын асылдыгы жөнүндө да «сулуу», «көркөм», «асем» деген сыпаттоолор негизинен элдик идеалдарды алып жүрүүчү аял каармандарга колдонулат. Эпосто Каныкейдин руханий сулуулугу (аял заттын нурдуусу, ыктуусу, мыктысы) өңү-түсүнүн сулуулугу, керме кашы, узун чачы, келишимдүү өңүнө, сымбаттуу тулку боюна адамгерчилиги, иш билгилиги, уздугу, керек болсо баатырдыгы да шайкеш келип, эстетикалык таасирдүүлүктү, сулуулукту жараткан. Эпосто аялдардын сулуулугу «ак», «кызыл» деген эпитеттер аркылуу да берилет. «Ак» деген сөз белгилүү даражада таза, тунук, нукура дегендикти туюнтуу менен негизинен А-ты билгизип турат. Эпосто аял каармандардын келбетин сүрөттөөдө «кызыл» деген сөз да арбын колдонулат. Элдин кылымдар бою калыптанган түшүнүгүндө беттин кызылы — кан, адамдардын оору-сыркоодон, илдеттен алыс экендигинин белгиси катары кабылдангандыктан, аялдын көңүлү куунак болуп, жамалын кызыл нур чалып турса, ал бөтөнчө сүйкүм, сулуу көрүнгөн. Адатта аялзатынын сулуулугун сүрөттөөдө боёк жаратылыш көрүнүштөрүнөн алынган. Мисалы, Айчүрөктү сыпаттоодо актыгын көбүк карга, чачы, тиши берметке салыштырылат. Өндүрүш каражаттарынын, эмгек куралдарынын өтө эле жөнөкөйлүгү адамдардын жаратылыштын даяр беренелерин пайдаланууга, жашоого ыңгайлуу жер издөөгө мажбурлаган. Малга жай, жер-жемиши төгүлгөн, кайберен-илбээсиндерге бай жерлер жашоо үчүн өтө ыңгайлуу келип, адамдарды өзүнө тартып турат. «Манас» эпосунда деги эле жаратылыштын байлыктары менен табияттын кооз көрүнүштөрү ажырагыс биримдикте каралып, мындай жерлерде жашоо жыргал катары белгиленет. Мисалы, Таластын көркү сүрөттөлгөн жерде аны туура эле «жыргалдуу Кең-Кол, кең Талас, Жер соорусу турбайбы, Муну жердеген адам тунбайбы», болбосо Талас «бөтөнчө бейиш жер келет», — деп мүнөздөлөт. Мындай асыл көрүнүштөр адамдардын материалдык гана эмес, алардын рухий таламдарын да канааттандырат:

Кермеге күлүк сергитип,

Байлап жатчу жер экен,

Күн тамаша, түн оюн,

Жайлап жатчу жер экен,

Коштоп кийип суусар бөрк,

Ыргап жатчу жер экен,

Кунан минип, куш салып

Жыргап жатчу жер экен (Курама варианты, 2, 52). Демек, жердин асылдыгы, кооздугу жалаң гана материалдык кенчинде эмес, ал жерде жашоонун көңүлдүү, шаттуу, эркин, бакыбат экендигине да байланыштуу. Мындайча алганда, эпостогу кеңири сүрөттөлгөн оюн-зоок, таң-тамашалар (Көкөтөйдүн ашындагы түркүн мелдештер) элдин бакыбат жашоосунан, бактылуу турмушунан кабар берүү менен элдин түшүнүгүндө өзүнө А-ты да камтыйт. Элдин эмгек ишмердүүлүгүн таасын айгинелеген мүнүшкөрдүк, мергенчилик, саяпкерлик, аңчылык жан багуунун амалы, көңүлдүү жашоонун ыңгайы катары өтө маанилүү. Эпосто жаратылыш кооздугу туурасында кеп болгондо анда элдин жаныбарлар дүйнөсүнө мамилеси да көрүнөт. Аялдардын сулуулугун сыпаттоодо да аларды өздөрү асыл, сулуу деп эсептеген жаныбарларга салыштырат (бото көз, кой көз, аркардай, ак куудай, чүрөктөй, кундуздай, калтардай жана башкалар). Жаныбарлардын ичинен кыргыздар жылкы баласын бөтөнчө кастарлап келишкен. Жылкы минерине унаа, ичерине кымыз, жээрине тамак болуп, жоокерчилик доордогу жашоонун маанилүү өбөлгөсү болгон. Жылкынын пири Камбар атаны ыйык тутуп, чыгаан күлүктөрдү Камбар атанын тукуму дешкен. Эпосто ар бир каармандын өзүнө ылайык тулпары бар: Манастыкы — Аккула, Алмамбеттики — Сарала, Коңурбайдыкы — Алгара, Жолойдуку — Ачбуудан жана башкалар Өз тулпарын минип жүргөн баатыр жоого тартынбай кирет, душманды кууса жетип, качса кутулат. Бекеринен Аккула окко учканда жөө калган Манас Таластан Тайбуурул келгенче башына «мээнеттүү канча күн түшүп, бек кейип» турбайт. Эпосто тулпарлардын өзгөчө касиеттерин — чаалыгып-чарчабастыгы, жел жетпеген күлүктүгү, ар тулпардын өзүнө гана таандык көркөм келбети зор ынтаа менен сүрөттөлүп, асыл сапат катары бааланат. Элдин эпостон орун алган эстетикалык түшүнүктөрү жаратылышка, тууган жерге болгон сүйүүсү, турмуштагы, жүрүш-туруштарындагы, өз ара мамилелериндеги аздектелген А., сулуулук жөнүндөгү түшүнүктөрү материалдык жана рухий турмушунун практикалык натыйжасы болуп саналат.

О. Исмаилов

Досторуңуз менен бөлүшүүнү унутпаңыз (ツ)





Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *