М. Богданова эпоско илимий баа берип, анын идеясын, темасын, поэтикасын жогору баалаган. К. Рахматуллин манасчылардын чыгармачылык жалпылыктары, өзгөчөлүктөрү, варианттарынын карым-катышы боюнча изилдөөлөрдү жүргүзгөн. Академик В. М. Жирмунский «Манас” эпосун үйрөнүүгө киришүү” деген эмгегинде чыгармага дүйн. контексттен, чыгыш-батыш адабий синтезинен баа берген жана мифологиялык белгилерди ачып көрсөтүп, салыштырма-тарыхый аспектиден эпосту изилдеп чыккан. Академик Б. Юнусалиев эпосту жыйноо, изилдөө, жарыялоо боюнча практикалык иштерди көп жүргүзгөн, ондогон макалаларды, анын ичинде бириктирилген вариантка кириш сөз жазган, дээрлик чыгарманын бардык өзөктүү маселелери боюнча өз оюн айткан. КРУИАсынын Манастаануу жана көркөм маданияттын улуттук борборундагы окумуштуулар тобу (С. Мусаев, Р. Кыдырбаева, Э. Абдылдаев, К. Кырбашев, О. Сооронов, С. Бегалиев, А. Жайнакова, Р. Сарыпбеков, М. Мамыров, А. Акматалиев ж. б.) эпосту изилдөө ишин тереңдеткен. Эпостун ар түркүн проблемаларына арналган 20га жакын диссертациялык эмгек (А. Сыдыков, Т. Ормонов, А. Сапарбаев, Р. Эгембердиев, И. Молдобаев, К. Жумалиев, Д. Саалиева, Б. Оторбаев ж. б.) корголгон. Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы тарабынан «Манас” энциклопедиясынын эки томдугу чыккан. Алдыда эпосту дүйн. масштабда салыштырма-типологиялык, тарыхый-салыштырма, мифологиялык багытта изилдөө, философия, социология, этнография, психология, педагогика, космология илимдеринин жардамы менен комплекстүү баа берүү, кыргыз элинин байыркы түшүнүктөрүн талдап чыгуу, поэтикасын ар тараптан изилдөө, башка тилдерге которуунун илимий жол-жоболорун аныктоо, идеялык-көркөмдүк деңгээли жеткилең бардык варианттарын басып чыгаруу, илимий басылмаларын ишке ашыруу, иск-вонун башка тармактарына оодарууга илимий негиз түзүү, мектепте, жогорку окуу жайларында окутуунун дидактикалык-методикалык ыкмаларын көрсөтүү сыяктуу көптөгөн проблемалары бар.
Материал «КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫ ЭНЦИКЛОПЕДИЯЛЫК ОКУУ КУРАЛЫ” китебинен алынды. МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ЖАНА ЭНЦИКЛОПЕДИЯ БОРБОРУ