«Перед классом» тасмасы

Кошкон | 28.05.2019

Кызыктуу, өзүнө тартып ала турган тасманы көрүү мыкты ырахат тартуулайт. Ал эми мындай тасманын негизин чыныгы жашоодо болуп өткөн окуя түзүп качандыр бир убакта чыныгы адамдын чыныгы жашоосу ушундай болгонун билип көрүү ырахатты дагы арттырат. Ушундай чыныгы жашоодо болуп өткөн окуя тууралуу мыкты тасмалардын бири бул “Перед классом” тасмасы. 

Тынчыраак сүйлөй албаган, тез-тезден кыйкыртып турган жана көзөмөлгө алынбаган “оорусу” бар каармандын кыялы мугалим болуп балдарга тарбия берүү. Бирок, бул кыялына жетүүгө чоң тоскоолдук жараткан анын оорусу. Мектепке орношуу үчүн канчалаган баарлашууга барбасын баардыгы оорусунан улам баш чайкап гана кутулушат. Каарман тоскоолдуктун алдында багынып береби же көк беттигин көрсөтүп баардыгын жеңип утуучу болобу тасмадан кеңири көрө аласыз.  

 

Тасманы көрүү

Досторуңуз менен бөлүшүүнү унутпаңыз (ツ)