КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ТАШ ЖАНА КОЛО ДООРУ

Кошкон | 26.07.2017
Таш доору адам коомунун өнүгүшүндөгү тарыхый-маданий мезгил. Бул учурда эмгек жана согуш куралдары негизинен таштан жасалып, жыгач менен сөөк да колдонула баштаган. Анын акыркы баскычында карапа идищтерди жасоо өнүккөн. Таш доору адамзат тарыхындагы узакка созулган доор, ал адамдын айбанаттар дүйнөсүнөн бөлүнүп чыгышынан башталып (мындан 2,5 млн жылдай мурда), металл пайда болгонго (мындан 8 мин жылдай мурда) чейин созулган. Бул доор маданияттын өнүгүш өзгөчөлүктөрүнө ылайык байыркы таш доору (палеолит), жаны таш доору (неолит) жана бул экөөнүн ортосундагы өткөөл доору ортонку таш доор мезолит деп бөлүнөт. Булар да өз алдынча мезгилдерге ажырайт. Таш доору алгачкы жамааттык түзүлүш доорунун көп мезгилин камтыйт.

Болжол менен миллион жыл мурун Түштүк Казакстанда, Борбордук Азияда, анын ичннде азыркы Кыргызстандын аймагында адамдардын үйүрлөрү пайда болгон. Кыргызстандагы эң байыркы адамдардын турмушун ошол кезде жасалып, массалык түрдө пайдаланылган таш куралдары аркылуу билебиз.

Байыркы таш доору палеолиттин биринчи баскычы болгон эрте палеолитучурунда Кыргызстандагы адамдар кадимки эле таштарды бири-бирине ургулап зң жөнөкөй кескичтерди, кыргычтарды, учтуу көзөгучтөрдү, бычактарды ж. б. жасашкан. Кийинчерээк таштардын түрүн пайдалануунун натыйжасында андан жасалган куралдар акырындык менен өркүндөтүлгөн.

Кыргызстандын аймагынан табылган эң жөнөкөй таш куралдары б. з. ч. 800-10 мин жылдыктарга таандык. Алар Нарын областындагы Он-Арча суусунун жээгинен, ЫсыкКөлдө Балыкчы шаарына жакыя жерден, Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы Кожо-Бакырган-Сайдан табылган.

Эрте палеолит доорунда Кыргызстандагы адамдар отту пайдаланууну үйрөнүшкөн. Табигаттын татаал шарттарында, куралдардын жөнөкөйлүгүнөн улам адамдар жырткыч жаныбарлардан коргонуу жана ири жаныбарларга анчылык кылуу үчүн адам үйүрү деп аталган майда топторго биригип жашашкан.

Ортоңку палеолит доорунда таш куралдары бир кыйла жакшырган. Бул доорго таандык эстеликтер Ысык-Көл өрөөнүндөгү Тосор суусунун боюнан, Чүй өрөөнүнүн Георгиевка дөңсөөсүнөн, Ош областынын Араван районундагы Сасык-Үңкүрдөн табылган. Алай тоо кыркасындагы Дангирек-Дере капчыгайынан эң байыркы таш талкалоочу жай табылган. Бул өнөрканада кара, боз, жашыл түстөгү кат-кат кремний таштары табигый издери менен жарылып мурдагыдан миздүү, учтуу куралдар жасалган. Бул мезгилде инстинкт боюнча болуп келген коомдук мамилелер ак-сезимдин негизинде өнүгө баштаган. Кыргызстандын эң байыркы тургундары питекантроп менен синантроп типтеринде болгон. Эволюциялык өнүгүшү боюнча «акыл-эстүү адам» «гомо сапиенс» деп аталган. Алар негизинен аңчылык менен күн көрүп, ар үйүрүндө 25-50дөн киши болгон. Өзбекстандагы Тешик-Таш үңкүрүнөн табылган (бул эстелик чындыгында Кыргызстандын азыркы Кадам-Жай районундагы Сел-Үңкүрдөн табылган деген маалымат бар) өспүрүмдүн сөөгүнөн мындан 40 миң жыл мурда өлгөндөрдү жерге жашыруу жөрөлгөсү пайда болгонун билебиз.

Соңку палеолит доорунда, окумуштуулардын пикири боюнча адамдар планетабыздын бардык климаттык алкактарында жайгашып, расалык топтор жана расалар калыптанган. Дал ушул доордо коомдук мамилелердин өркүндөшүнүн натыйжасында алгачкы адам үйүрлөрү эне тарабынан кандык байланышка негизделген уруулук коомдорго биригишкен.

Адам тукумун улантуудагы жана коомдун үй-чарбасындагы ээлеген орду үчүн байыркы адамдарда аял заты өзгөчө аздектелген. Илимде бул коом эне бийлигинин коому матриархат делип аталат. Энелик урукка негизделген коом мурдагы адам үйүрүнө караганда жогорку баскычта турган. Бара-бара адамдын аң-сезими өскөн. Жаныбарлардын сөөктөрүнөн, жыгачтан эмгек куралдарын шибеге, ийне жасоону үйрөнүшкөн. Бул доорго таандык куралдар Ош аймагындагы Сел-Үңкүрдөн, Исфана өрөөнүндөгу Кожо-Гор булагынын жанынан табылган. Алгачкы коомдо искусствонун пайда болушу ошол кездеги адамдардын дүйнөгө болгон көз карашын айгинелейт. Ысык-Көл аймагындагы бийик тоолуу Сары-Жаз өрөөнүндөгү Ак-Чуңкур үңкүрүндө 10 миң жыл мурун байыркы сүрөтчүнүн жаныбарларды, адамдардын ан уулоо, бийлөө учурун үнкүрдүн бооруна чагылдырган эмгектери сакталып калган. Адамдардын таштан жасалган элестери да ушул мезгилде пайда болгон.

Дал ушул жогорку палеолит доорунда азыркы кебетекешпирдеги адамдар калыптанган. Алар ойлонууга, оюн айтып түшүндүрүүгө жарап калышкан.

Жаңы таш доору (неолит) б. з. ч. 5-3 мин жылдыктарды камтыйт. Бул учурда адамзат табигатты өздөштүрүүдө ири секирик жасаган. Дыйканчылык менен мал чарбачылыгы өздөштүрулуп, ал тургай чарба жургузуунун негизги тармактарына айланат. Бул мезгилден баштап адамдар азык түлүктү өздөрү өндүрө баштаган. Бул жетишкендик илимде неолит доорундагы биринчи революция делип аталат. Албетте, адамдарды эзелтеден эле багып келген аңчылык менен жыйноочулук көмөкчү кесип катары сакталып кала берген. Орто Азиявын өрөөндүү жерлеринде мал чарбачылыгы менен катар дыйканчылык көбүрөөк өнүккөн. Негизинен тоолуу аймак болгондуктан Кыргызстанда алгач мал чарбачылыгы өнүккөн. Неолит дооруна таандык эстеликтер Ысык-Көлдөгү Сары-Жаз өрөнүнүн жанындагы Ак-Чуңкур жергесинде жана Нарын шаарына жакын Теке-Секирик үңкүрлөрүндө, Чүйдөгү Аламүдүн суусунун боюнан, Чолпон-Ата шаарынын жанынан ж. б. жерлерде табылган. Бул доордо жашагандар кийимди токуп кийгенди, карапа идиштерин жасаганды үйрөнүшүп, айрым жерлерде кен иштетүүнүн алгачкы аракеттери башталган.

Социалдык жактан неолит доорунда өндүрүш каражаттарына карата жалпы менчикке, коллективдүү эмгекке негизделген уруулук жамаат өнүккөн. Бул мезгилде уруулар жана уруу бирикмелери түзүлүп, ага бир уруктан тараган жана бир типтеги чарба жүргүзүүчү бир нече ири же майда уруктар бириккен. Бул мезгилдеги Кыргызстандагы неолит уруулары өздөрүнүн чарба жүргүзүүдөгү жана маданиятындагы өзгөчөлүктөрүн сактоо менен коңшу региондогу уруулар менен тыгыз байланышта болгондугун тарыхый эстеликтер айгинелейт.

Таш доорунун акыркы этаптарында таштан жасалган өндүрүштүк куралдар бир кыйла жакшырып, кой, уй, жылкы сыяктуу айбандар колго үйрөтүлө баштаган. Бара-бара дыйканчылык менен мал чарба өндүрүшү бир кыйла өнүгөт.

Эмгек куралдары негизинен жез, коло сыяктуу металлдардан жасалган. Коомдо аялдарга караганда эркектердин ролу тездик менен жогоруланган. Ошентип, аталык уруулук түзулүш патриархат энелик доорду (матриархат) алмаштырган. Бул өзгөрүү неолит доорундагы экинчи революция делип аталат. Бул мезгилде илгерки үйүр топтук никелешүүнүн ордун үйбүлө байланыштары ээлеген. Бул мезгилге ар бир уруулар энеге карап бөлүнбөй, атага карап бөлүнүп, ал уруулар эркектин наамы менен атала баштаган. Өндүрүштө эркектердин негизги орунга өтүшү менен өндүрүштүк каражаттарга болгон жеке менчиктүүлүк жана адамдарды адам эзүү мезгили башталат.

Өскөн ОСМОНОВ — Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мучөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор

Досторуңуз менен бөлүшүүнү унутпаңыз (ツ)





Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *