АГРЕССИЯ

Кошкон | 20.09.2019

АГРЕССИЯ (лат. agressio – кол салуу) – БУУнун Уставы тарабынан мыйзамсыз деп табылган, мамлекеттин же улуттун эркине жана аймактык бүтүндүгүнө, саясий көз каранды эместигине каршы экинчи мамлекеттин куралдуу кол салуусу. А. тикелей же кыйыр түрүндө жана кошо катышуу формасында (өзүнүн аймагын агрессиялык аракеттерди ишке ашыруу учун пайдаланууга берүү, курал-жарак жана кеңешчилерди берүү, агрессорду материалдык-техникалык жактан камсыздоо) болот. Куралдуу кол салууну ишке ашырган мамлекет А. cубъектиси болот. А. фактысын таануу укугу БУУнун Коопсуздук Кеңешине таандык, СССРдин жана социалисттик лагердин жоюлушу менен эл аралык мамиледе согуштук күчтөрдүн атаандаштыгы басаңдап, А. болтурбай коюу мүмкүнчүлүгү жогорулоодо. Тикелей А-га бир

мамлекеттин куралдуу күчтөрүнөн бөлөк бир мамлекеттин аймагына кол салуусу же басып кирүүсү, мындай кол салуунун же басып кирүүнүн натыйжасында өлкөнү басып алуусу (убактылуу басып алуу да); бөлөк өлкөнүн аймагын аннекциялоонун бардык түрлөрү кирет. Ошондой эле мамлекеттин аймагын бомбалоо же ага каршы курал колдонуу, бир мамлекеттин куралдуу күчтөрүнөн башка мамлекеттин портторун же деңиз жээктерин курчоого алуусу, жөө аскерлерине жана аскер деңиз же аба күчтөрүнө кол салуусу, башка өлкөдө аскер күчүн кармап туруунун эл аралык келишимде белгиленген эрежелерин бузуу ж. б. да тикелей А. болуп саналат. А-га мисал: фашисттик Германиянын СССРге кол салуусу (1941), Египетке каршы англия-француздук-израилдик А. (1956), Кувейтке каршы ирактык А. (1992) ж. б.

 

«Саясат таануу» энциклопедиялык окуу куралы.
Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору
Кыргыз республикасынын билим берүү министрлиги
Жусуп баласагын атындагы кыргыз улуттук университети

Досторуңуз менен бөлүшүүнү унутпаңыз (ツ)