«МАНАС» ЭПОСУ КЫРГЫЗСТАН ТАРЫХЫНЫН КӨӨНӨРГҮС БУЛАГЫ

Кошкон | 26.07.2017
«Манас» эпосу — кыргыз элинин кылымдарды карыткан тарыхынын алтын казынасы. Бул чыгарма элибиздин руханий табылгаларынын алгылыктууларын, басып өткөн тарыхый жолунун орчундуу окуяларын чогултуп, укумдан-тукумга өтүп келген улуу мурасы, улуттук сыймыгы. Кыргыз эли өткөн миң жылдыктагы адамзаттын дүйнөлүк маданиятына «Манас» эпосун жаратуу менен чоң салым кошту деп сыймыктануу менен баса белгилесек болот.

Манас» эпосу дүйнөдө тендешсиз зор көлөмдүү көркөм чыгарма. Манасчы Саякбай Карала уулунан жазылып алынган эпостун «Манас», «Семетей» жана «Сейтек» үч бөлүмүнүн жалпы көлөмү 500 миң сап ырды түзөт. Бул байыркы гректердин «Иллиадасы» менен «Одиссеясын» бирге кошкон көлөмүнөн 20 эседей көп. «Манастын» ошол бир эле варианты илимде узак убакыт эн көлөмдүү эпос делип келген инди элдеринин «Махабхаратасынан» эки жарым эсе чоң.

Жанрдык белгилери боюнча баатырдык эпос катары эсептелген бул чыгарманын мазмуну, берген маалыматтарынын көлөмү боюнча баатырдык эпостордун демейки алкагынан чыгьш, андан алда канча тереңдиги, масштабдуулугу менен айырмаланат. Дүйнөгө белгилүү Ч. Валиханов, В. Радлов өңдүү окумуштуулар XIX к. эле «Манас» эпосу аны жараткан кыргыз элинин тарыхын, философиясын, этнографиясын, тилин, көркөм өнөрүн, психологиясын, географиясын, медицинасын жалпы эле рухий жана социалдык турмушунун ар кыл жактарын изилдеп үйрөнүүдөгү өзгөчө бай жана баалуу булак экендигин баса белгилешкен.

Кыргыз элинин турмушунун көркөм энциклопедиясы болгон «Манас» эпосунда кыргыз элинин эн байыркы доордон берки басып өткөң тарыхый жолунун урунттуу учурлары боюнча маалыматтар берилет. Андан байыркы жамааттык коомдук формациянын түзүлүшүнүн айрым мүнөздүү белгилерин аскер демократиясын (согуштан түшкөн олжолорду бөлүштүрүүдө кошуундун мүчөлөрүнүн тен укуктуулугу, жол башчыларды, хандарды шайлоо ж. б.) баамдоого болот. Окуялар болуп өткөн жерлердин, уруулардын, элдердин, адамдардын аттары архаикалык мүнөздө берилет.

«Манас» эпосунан кыргыз элинин согуштардагы абалы менен катар жай турмуштагы жашоосу жөңүндө өтө бай жана так маалыматтарды билүүгө болот. Элдин жай турмушу согуштар ортосундагы окуяларда айтылуу менен гана чектелбейт. Эпосго элдин абалын, жашоо шартыв, үрп-адатын, дүйнөгө карата болгон философиясын чагылдырган көлөмдүү эпизоддор өтө арбын кездешет.

Чыгармадан кыргыздардын турмушун белгилүү бир жагын чагылдырууга арналып, аны терең деталдаштырып берген маалыматтарды кездешүүгө болот. Мисалы, баласыз улгайган адамдын зарланганынан, балалуу болуу, ага байланыштуу элдик ырым-жырымдар, жаш баланы турмуш менен тааныштырып, тарбия берүүгө байланыштуу материалдар негизинен «Манастын туулушу жана балалык чагы» бөлүмүндө берилет. Кыргыз элинин эл башкаруу, уюмдашуу, элди бириктирүү жөңүндөгү аракеттери «Манастын кан шайланышында» чечмеленет. Элибиздин куда түшүү, баласын үйлөөгө байланыштуу каада-салттары «Манастын Каныкейди алганында» чагылдырылса, адам өлүмү, сөөк коюу үрп-адаттары «Кекөтөйдүн ашы», «Манастын өлүмү жана ага кумбөз салдыруу» бөлүмүндө баяндалган.

Эпостон кыргыз элинин турмушунун бардык тармактарын камтыган ак менен кара, өмүр-өлүм, жакшылык-жамандык, пайда-зыян жөнүндөгү философиялык ой-толгоолорун билүүгө болот. Элибиздин ишенимдери, жүрүш-туруш нормалары, эл аралык мамилелери, жаратылыш, коом, география, медицина ж. б. жөнүндөгү билимдери да эпосто кеңири чагылдырылган.

«Манас» эпосу зор көлөмдүү, узак убакыт ооз жүзүндө гана жашап келгендиктен анын өзгөрүүсүз сакталган (канондук) тексти жок. Эпостун мазмуну, ыр саптары устаттан шакиртке, бир муундан экинчисине өткөңдө, ал түгүл бир эле манасчы эпосту улам кайталап аткарганда өзгөрүүлөргө учураган. Ушундан келип эпостун түрдүү варианттары жаралган.

Азыркы кезде «Манас» эпосунун негизги бөлүмдөрүнүн кагаз бетине түшүрүлгөң 70тен ашуун варианты белгилүү. Эпостун улам жаны үлгүлөрүн жыйноо иши дагы эле улантылууда. «Манастын» варианттарынын дээрлик бардыгында эпостогу негнзги мазмунун, окуялардын нугун түзгөн салттык туруктуу эпизоддор сакталган. Бирок эпостун варианттарынын көлөмү, мазмундук, формалык касиеттери, көркөмдүк денгээли бир кылка эмес. Бири-биринен орчундуу айырмачылыктарга ээ варианттар да, көп белгилери боюнча жакын турган, бир эле окуяны айрым өзгөчөлүктөр менен айткан варианттар да бар.

Чыгарманын бардык негизги окуяларын камтыган толук кандуу варианттар чыныты же чоң манасчылар тарабынан тузүлөт. «Манас» таануу илиминде эпостун окуялары толук камтылган үлгүлөрү такталган. Аларга эпостун биринчи бөлүмүнүн Сагымбай Орозбак уулу, Саякбай Карала уулу, Шапак Рысменде уулу, Тоголок Молдо (Байымбет Абдыракман уулу), Багыш Сазан уулу, Мойдобасан Мусулманкул уулу, Ыбрайым Абдыракман уулу, Мамбет Чокмор уулу тарабынан түзүлгөң варианттарын, ал эми «Семетей, «Сейтектин» Саякбай Карала уулу, Жаңыбай Кожек уулу, Молдобасан Мусулманкул уулу, Багыш Сазан уулу, Жакшылык Сары уулу, Мамбет Чокмор уулу, Акмат Рысменде уулу, Актан Тыныбек уулу ж. б. жараткан варианттарын кошууга болот.

«Манас» эпосунун негизги варианттарынын ичинен чоң манасчылар Сагымбай менен Саякбайдан жазылып алынган тексттер башка варианттардан материалдарынын толуктугу жана өзгөчө кенири планда айтылышы, көркөмдүк деңгээлинин жогорулугу менен айырмаланып турат.

«Манас» эпосунун бардык негизги варианттарга мүнөздүү өзөк окуяларга төмөңдөгүлөр кирет:

  •  күчтүү душман тарабынан кыргыздардын чабылышы;
  •  баатырдын төрөлүшү жана бала чагы, алгачкы эрдиктери;
  • ата журтту баскынчылардан бошотуу,
  • Алтайдагы кыргыздардын Ала-Тоого кайра келиши;
  • Шоорук, Алооке окуялары;
  • Алмамбеттин тарыхы;
  • Манастын Каныкейге үйлөнүшү;
  • Көзкамандар окуясы;
  • Көкөтөйдүн ашы;
  • Чоң Казат;

Манастын өлүшү жана ага күмбөз салдыруу.

Эпосто бул өзөк окуялардын бершшши ыгы, ар бир окуянын орду туруктуу. Айрым учурларда гана окуялар орун алмашып кеткен же айрым эпизоддор өз ордуна эмес башка бөлүмдө айтылып калган учурлар болот.

«Манасты» тарыхый булак катары пайдаланууда эпостун түрдуү варианттарын изилдеп-иликтөө өзгөчө мааниге ээ. «Манас» эпосторунун бардык варианттарына бирдей мамиле кылып аларды объективдүү, терең изилдеп, кыргыз элинин тарыхын окуп үйрөнүүдө кеңири пайдаланууну ыйык парз катары эсептешибиз керек.

Өскөн ОСМОНОВ — Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мучөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор

 

Досторуңуз менен бөлүшүүнү унутпаңыз (ツ)





Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *