ДАВАН МАМЛЕКЕТИ

Кошкон | 27.07.2017
Тоо этектериндеги зонасы жана чыгыш бөлүгү кийинчерээк Кыргызстандын курамына кирген Фергана өрөөнүндө 6. з. ч. I миң жылдыкта эле отурукташкан дыйканчылык маданияты өнүккөн мамлекет пайда болгон. Бул мамлекет миңдеген жылдарды камтыган тарыхый өсүшкө ээ. Бирок, ал тууралуу жазуу жүзүндөгү маалыматтар б. з. ч. 11-1 кк. тартып гана кездешет. Тарых булактарында байыркы Фергана мамлекети Дабан (Даван) деп аталган. «Фергана», «Дабан» аталыштары байыркы түрк тилинде «перидей сулуу жер», «ажайып кооз жер» дегенди түшүндүрөт. Перстер бул мамлекетти «Сог», ал эми кытайлар «Полоно» деп аташкан.

Б. з. ч. II к. Фергана чарбачылыгы өнүккөн күчтүү мамлекет болгон. Анын экономикасынын негизин сугат дыйканчылыгы түзгөн. Калк күрүч, буудай, жүзүм, пахта, беде өстүргөн, атагы алыска жеткен аргымактарды багышкан. Бул жерде кичинеси-чоңу болуп, 70 шаар бар эле, алар өз-өзүнчө кооз оазистерден орун алышкан. Борбору болуп Эрши шаары (урандылары Ош областыныя Араван районун борбору Араван кыштагына жакын жерде сакталган) эсептелинген. Фергананын калкы болжол менен 300 минге жакын адамдан турган. Сырт келбеттери боюнча алар европеоиддерге окшош эле. Кытай эмгектеринде «…көздөрүчүңкүл, сакалдары коюу болгон» деп көрсөтүлөт.

Коомдук мамилелери таптык мүнөздө болгон. Мамлекетти падышалардын династиясы башкарган. Алардын бийлиги мансаптуу адамдардан түзүлгөн аксакалдар кеңеши менен чектелип турган. Аксакалдар кенеши падышаларды тактан алган жана такка отургузган, согуш же тынчтык маселелерин чечкен, элчилик байланыштарды түзгөн же үзгөн. Эмгектерден көрүнүп тургандай, аксакалдар кеңеши эки жолу ферганалык падышаларды өлүм жазасына буюрган.

Б. з. ч. II к. аягында Дабан элине күчтүү жана агрессивдүү Хаыь империясы менен болгон узак күрөштүн оор кесепетин башынан кечирүүтө туура келди.

Император У-дн б. з. ч. 105-ж. усундар менен шериктештик түзүп, Улуу Жибек жолундагы эң маанилүү пункт катары Дабан мамлекетин каратып алууну чечкен. Бул жакка айтылуу аргымактарды алуу максатында атайын элчилер жиберилген. Ферганалык аксакалдар кеңеши кытайларга аргымактарды сатуудан биротоло баш тарткан. Кытай элчиси өйдөсүнүп текеберленгени үчүн чек арада турган Ю шаарында (азыркы Өзгөндөгү Шоро-Башатка жакын жерде) өлтүрүлгөн. Согуштун чыгьш кетиши үчүн ушинтип өзүнөн-өзү шылтоо табылат. Каарданган император Ферганага согуш жарыялаган. Анын 6 миң атчандар жана бир нече мин кошумча жоокерлерден турган кошууну полководец Ли Гуанлинин жетекчилиги менен жолго чыккан. Б. з. ч. 103-ж. Кытайдын Дуаньхуандагы кошууну батышты карай аттанган. Оор салгылапгуудан кийин бул кошуун Ю шаарына кирип, аны каратып алган. Бирок жергиликтүү элдин катуу каршылыгына туруштук бере алышпай, чабуулду андан ары улантып, Фергананын борборуна жылууга мүмкүнчүлүк болбой калат. Ли Гуанли кайра чегинүүгө мажбур болот. Хань армиясындагы жоготуулар эбегейсиз чоң эле: Армия аттанып чыккан Дуаньхуан шаарына жоого аттанган ар бир он жоокердея араңдан зорго экиден гана жоокер кайтып келген.

Хань империясынын Батыштагы атак-даңкы Ферганадагы жортуулдан кийин биротоло төмөндөп калат. Мына ошондуктан, Даванды өз жайына кой деген кеңешке карабай император багынбас мамлекетти биротоло талкалап, ошону менен кылтыйып сынай карап турган коншу мамлекеттерге сес көрсөтүп коюуну максат кылат. Ошентип ал, бүтүндөй империясын түп көтөрүп, Ли Гуанлинин карамагына 100 миңге жакын жоокер топтойт да сансыз колду сан жеткис кербен коштоп, дээрлик 140 миң малга артылган жүк менен жолго чыгарат. Б. з. ч. 101-ж. империянын колу Эрши шаарына жетип, аны курчоого алат. Курчоодо турган дабандыктар мезгил-мезгили менен кытайларга кыйраткыч соккуларды уруп турушат. Кырк күн камап жаткандан кийин кытайлар аксакалдар кенешинин сунуштарына макул болот. Бул сунуштарда көрсөтүлгөн шарт боюнча хандыктар ондогон аргымактарды жана үч миңдей жылкы алышты. Ошентип, Эршини басып ала албай, баскынчылардын аскерлери кайра кайтууга аргасыз болушту. Кытайга мурдагы аскерлердин алтыдан бир бөлүгү гана кайтып келди. Ал эми ферганалыктардан алган үч миң жылкынын мини гана жетти.

Ли Гуанлинин аскерлери кетишери менен Фергананын мамлекеттик иштерине Хань империясынын саясий кийлигишүүсү биротоло токтолду. Хань империясына каршы болгон төрт жылдык согуштун жыйынтыгында, Орто Азия жана Чыгыш Түркстан элдеринин колдоосу менен байыркы Фергана мамлекети өзүнүн көз каранды эместигин сактап калган.

 

Өскөн ОСМОНОВ — Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мучөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор

Досторуңуз менен бөлүшүүнү унутпаңыз (ツ)





Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *