БАСЫМ КӨРСӨТҮҮ ТОБУ – өз максатын ишке ашыруу үчүн атайын бийлик институттарына басым көрсөтүп жетишүүчү, коомдук бирикме. АКШда пайда болуп, кийин бардык өлкөлөргө таралган. Б. к. т. – саясий, аймактык, локалдуу, трансулуттук болуп бөлүнөт. Саясий плюрализмге негизделген системада топтор саясий партиялар, мыйзам чыгаруучулар, өкмөт кишилери, бюрократия, коомдук пикир аркылуу жасашат. Б. к. т-нун бар болушу бир жагынан саясаттын субъектилеринин көбөйүшүнө алып келет, же көп партиялуулукка кошумча катары эле башка жагынан, ири Б. к. т-нун ири монополиялык бюрократия менен кошулуп кетүүсү күтүлөт. Б. к. т-нун иштөө методдору: бийликтегилерге кат менен кайрылуудан демонстрацияга чейин. АКШ, Европада, Б. к. т-нун ишмердиги көзөмөлдөнөт. Натыйжада М. Дюверже айткандай, бул Б. к. т. кыймылын коррупциядан маалыматтыкка жеткирди. Ошону менен катар Б. к. т. күчөдү, б. а., АКШда агент-лоббисттер, атайын даярдалат, атайын бийликке басым көрсөтүүгө даярдалат. Басым көрсөтүүгө катышуучулар тобокелге салышат, анткени жеңилип калган учурда аларды репрессия күтөт. Б. к. т. негизинен мамлекеттин – саясий системанын ичинде болот да, бюрократтык аппараттын өз ара атаандашкан (жердешчил, клан, этникалык ж. б.) звенолорун түзүшөт. Б. к. т-нун эл аралык саясатка тийгизген таасири аз изилденген. Бирок, Кытайда Б. к. т. же АКШда нефти өндүрүүдөгү Б. к. т. мамлекеттер ортосундагы мамилеге чоң таасирин тийгизери белгилүү.