ГРОЦИЙ (Гуго де Гроот) (1583–1645) – голландиялык юрист, социолог. Табигый укуктук теориясын жана эл аралык илимин негиздөөчүлөрдүн бири. Г-дин ою боюнча эл аралык конфликттерди чечүүдө универсалдык моралдык нормалар – жалпы мораль болушу зарыл. Ал төмөнкү принциптерден турган. Биринчиден, өзүн-өзү сактоого умтулуу мыйзамдуу иш; экинчиден, бирөөнү кемсинтүү мыйзамсыз деп таанылат. Ушул эки принципти табигый укуктардын негизи деп, ошондон улам граждандык коомдун негизи болуп да эсептелет деген. Г-дин негизги эмгектери: «Эркин деңиз» (1609), «Согуш жана тынчтык укугу жөнүндө» (1625).