ДИСКРИМИНАЦИЯ – (лат. discriminatio — ажыратуу, бөлүү) – айрым граждандарды жынысы, улуту, социалдык теги, расасы, дини, саясий көз караштарына байланыштуу укуктарынан ажыратуу же чектөө. Ал катуу сегрегациядан (бөлүнүү) атайын бөлүнгөн аймакка күч менен көчүрүп жиберүү, геноцидге чейин алып келүүсү мүмкүн. Кандай убакта жүргүзүлгөндүгүнө карабастан, Д. адам укугун бузуу болуп саналат. (1949-ж. БУУнун Конвенциясын кара). Д. диний себептер менен да болгону жөнүндө маалыматтар бар. Д-нын башка түрү: аялдардын, балдардын, «түстүүлөрдүн» айлык акыларын аз төлөө ж. б. Советтик тоталитаризмде да Д-нын көп түрү болгон. Мисалы, кээ бир жогорку окуу жайларына өтүүдө, идеологиялык багыттар ж. б. Д. либералдык-демократтык коомдо да орун алган, адам укугу жана эркиндигин улутуна, расасына, динине карабай сактоо, коргоо актуалдуу маселе болуп саналат. 1982-ж. БУУнун 42-сессиясында, Россияда инсандын укугу бузулуп жатат деп билдирген. СССР кулагандан кийин Д-лык жаңы фактылар пайда болуп, натыйжада жергиликтүү эмес калк эмиграцияга дуушар болууда. Мис., Эстонияда 1,5 млн. шайлоочудан 600000 жергиликтүү эмес калктын өкүлдөрүн шайлоо укугунан ажыраткан мыйзам кабыл алынган.