ДИССИДЕНТ (лат. dissidens — каршы сүйлөгөн, макул эмес) – диндин тарыхынан келип кирген термин; орто кылымда Д. деп еретиктерди аташкан. Реформациядан кийин Д. катары өлкөдөгү негизги динди тутпаган адам эсептелген. ХХ к. 70- ж. СССРде пайда болгон бул термин өлкөдөгү абалга нааразы болгондорду түшүндүрө баштаган. Д. тоталитардык түзүлүштүн кризис мезгилине таандык кубулуш. Репрессия, бир партиялуулук Д-терди жок кыла албайт. Эмиграция жолу менен да Д-тик кыймылды жоюу мүмкүн эмес. Д-тик кыймылга негизги максаты инсанды баалоо, анын укугун коргоо экендигин түшүнгөндө ага диний агым да кирген. 1968-ж. «Адам укугун коргоочу демилгелүү группа», Эл аралык амнистиянын советтик бөлүмү (1970-ж.) ж. б. уюмдар түзүлгөн. Д-тердин урааны: коомду демократташтыруу, айкындык, радикалдуу экономикалык реформа ж. б. Д-тиктин негизги формалары: 1. Өкмөт тарабынан тыюу салынган адабияттарды чыгаруу, таратуу (И. Бунин, А. Ахматова, М. Цветаева, А. Солженицын. Р. Медведев, А. Сахаров, В. Гавел ж. б.); 2. Мыйзамсыз айыпталгандарды коргогон, коомдук турмушту чагылдырган «ачык каттарды» жарыялоо (Л. Чуковская, Л. Копелев, В. Войнович ж. б. репрессияланган комиссарлардын балдарынын КПСС БКга каты ж. б.), 3. демонстрациялар (1965-ж. 5-декабрда Москвадагы Пушкин аянты, адам укугун коргоо боюнча; 1969-ж. 25-август Кызыл Аянт, Чехословакияга совет аскерлеринин киришине каршы); 4. 1974-ж. Репрессиялангандардын үй-бүлөсүнө моралдык, материалдык жардам берүү боюнча атайын жардам Фонду түзүлгөн ж. б.