ДОГМАТИЗМ – (грек. dogma — ой, окуу, токтом) – Д. терминин байыркы грек скептиктер Пиррон жана Зенон киргизген. Кийин Д. өз маанисин бир аз өзгөрткөн. Гегель боюнча Д. – бул метафизикалык, эч кандай диалектикасы жок, маңызсыз. Диндин түрлөрүндө Д. жогорку өзгөртүлгүс чындык катары чыгат. Ошондуктан Д. авторитетке (диний, саясий) сокур ишенген фанатизмге чейин алып келген. Д-дин бир түрү – фашисттик идеология. Д-дин социалдык бутагы болуп эскирген эрежелер, концепциялар аркылуу өз абалын сактоого умтулган группанын, топтун, таптык кызыкчылыгы эсептелет. Д-дин саясий булагы – коомдо ишмердүүлүк, чыгармачылык менен ой жүгүртүүгө шарттын (демократия, айкындык) жоктугу, натыйжада теория практикадан ажырап калат. Доктрина, платформа, концепцияларды улам текшерип туруу көрсөткөндөй, алар улам өзгөрүлө турган шарттарга жараша гана чын болот. Сталинщинанын жылдарында ошол коомдун абсолюттук чындыгы марксизм-ленинизм болгондуктан Д. Союзда жакшы өнүккөн, өкмөт башчылары доктринаны өзгөртүүгө окумуштууларга социалдык заказдарды беришкен эмес. Д. коммунисттик режим учурунда кибернетика, генетика илимдеринин өсүшүнө тоскоол болгон.