ЕВРОАЗИЯЧЫЛЫК

Кошкон | 05.03.2020

ЕВРОАЗИЯЧЫЛЫК – ХХ к. 20-ж. россиялык эмиграциянын чөйрөсүн-дө келип чыккан коомдук-саясий жана идеялык  агым. Анын башкы идеологдору: Н. С. Трубецкой, П. Н. Савицкий, Г. В. Флоренский (кийин четтеп кеткен), Л. П.  Карсавин, Г. В. Вернадский, Н. Н. Алексеев. Е-тын негизги идеясы: Россия – империя жана улут катары бир мезгилде  өнүккөн улуу Евроазиялык держава. Демек, орус улуту – империялык улут. Россия – европалык цивилизациянын чет  жакасы эмес, өзүнө чыгыш жана батыш маданияттарынын жетишкендиктерин камтыган өз алдынча цивилизация. Бирок  евроазиячылар маданияттагы жалпы адамзаттык башталышты жокко чыгарышкан, себеби маданиятты улуттук деп  эсептешкен. Алардын ою боюнча жалпы адамзаттык болуп жалгыз материалдык маданияттын жетишкендиктери –  цивилизациялар гана боло алышат. Е. Батышка жана анын маданиятына ашкере терс мамиле кылуу менен мүнөздөлөт,  бул пландагы лоялдуулук «евро баш ийүүчүлүк», «жансыз интернационализм» катары каралган. Е-тын жактоочулары  Петр 1 дин ишмердүүлүгүнө Батышка багыт алгандыгы үчүн сын көз караш менен мамиле кылышкан; славянофилдерди  пансламизмди жогору коюп, орус улутунун калыптанышындагы түрк-татардык таасирди унуткандары үчүн жектешкен.  Большевиктик атеизмди жокко чыгаруу менен бирге, евразиячылар анда Батышка туруштук берип, Россияны Чыгышка  бурган реалдуу күчтө; элдик стихиянын чыгуусун; күчтүү адамдардын, улут жол башчыларынын илгерилөөсүн;  мамлекеттен куткарылышын көрүшкөн. Келечекте евразиячылар большевизмди четтетип, Россияны башкаруудагы анын  ордун ээлегенге үмүттөнүшкөн. Бул үчүн Е-тын бир туугандык идеясынын принциптеринде түзүлгөн, «жаңы типтеги  партияга» калыптануусу керек болгон. Келечектеги мамлекеттик түзүлүштүн түрү евразиячылар тарабынан идеократия  катары ойлонгон. Жакындап кароодо анда коомдун индивидуалдуулуктан, инсандыктан ажыраган мүчөлөрүнүн үстүндө  элитанын үстөмдүгү менен кармалып турган тоталитардык режимдин белгилери байкалып турган. Ошентип, коом  объективдүү түрдө тиранияга барып такалмак. «Эски» Е. карама-каршылыктуу. Ал «эксплуататордук пролетардык  мамлекетке» каршы, ошондой эле адамдардын өзүмчүлдүккө тарбиялаган жеке менчиктик капиталисттик түзүлүшкө да  каршы чыгат. Е-тын өкүлдөрү экономикалык дүйнөдө стимулдарды ырастаган «боорукер кожоюнга» макул болушкан.  Канчалык парадокс болбосун, евразиялыктар барыдан корккон так Батыш цивилизация чарбалык турмушунун бардык  негиздери менен дал ушундай кожоюнду тарбиялоону ишке ашыра алды.

Евразиялыктардын ою боюнча «боорукер  кожоюндар» экономиканын жалпы мамлекеттештирилишинен көп айырмаланбаган «собордук биримдикти» түзүүсү  керек; Саясатта да евразиялыктар ийгиликке жетише алышпады. Бара-бара кыймыл консервативдик багытка бурулуп,  тарап кеткен. Бүгүнкү күндө Е. геосаясий концепция катары принципиалдык жаңы өнүгүүгө жетишти. Анын негизинде  Россиянын келечегин жана КМШ чегинде пайда болгон мамлекеттердин биригиши жөнүндөгү көз караш жатат.

Досторуңуз менен бөлүшүүнү унутпаңыз (ツ)