ЕВРОПАРЛАМЕНТ

Кошкон | 05.03.2020

ЕВРОПАРЛАМЕНТ – Европанын 12 өлкөсү кирген (Бельгия, Улуу Британия, Германия, Греция, Дания, Ирландия,  Испания, Италия, Люксембург, Нидерландия, Португалия, Франция) мамлекеттер жана улуттар аралык саясий орган. Ете 518 депутат бар, 5 жылда бир жолу түз добуш менен шайланат. Е. Батыш Европада саясий интеграцияга жол ачкан.  1970-ж. 18-июлда Е-те 1 шайлоо болуп өткөн. Е-тин депутаттары Францияда чогулушат. Депутаттардын саны ар бир  өлкөнүн чоңдугуна жараша болот. Мис., Улуу Британия, Италия Германия, Франция – 81, Ирландия – 15, Люксембург –  6 ж. б. Депутаттар улуттук таандыгына жараша эмес, партиялык фракцияларга биригишет. 1989-ж. шайлоодон кийин 9  фракция пайда болгон. Е-тин иштешинде интеграциянын эки тенденциясы бар: консервативдүү жана либералдуу.

Досторуңуз менен бөлүшүүнү унутпаңыз (ツ)