КЫРГЫЗ ЭЛИНИН КАЛЫПТАНЫШЫ

Кошкон | 27.07.2017
Кыргыз элинин түзүлүшү байыркы орто кылымдардагы Саян-Алтай, Чыгыш Түркстан, Тенир-Тоодогу этностук процесстер менен тыгыз байланышта өткөн. Бул процесс кеминде эле беш кылымга созулуп, XVI к. аяктаган. Орто Азиядагы бул процесс түрк тилиндеги тектеш — өзбек, казак, түркмөн, каракалпак ж. б. элдердей эле бир эле мезгилде жүргөн. Көпчүлүк учурларда тигил же бул уруулар орто азиялык элдердин этностук компоненти болуп келген.

Уруулук түзүлүштө уруулар кээде мамлекетке биригишип, 3-4 муундун аралыгында кайрадан чачырап, узак мөөнөткө өкүм сүрө албаган. Мына ушуга байланыштуу этностор көп жолу өзгөрүүлөргө дуушар болушкан.

Окумуштуу Өмүркул Караевдин пикири боюнча байыркы түрк жана түрктөшүп калган монгол уруулары бир эле мезгилде өзбек, кыргыз жана казак элдеринин курамына кирген.

Кыргыз элинин этностук тарыхы жөнүндө сөз кылуудан мурда, биз биринчи кезекте байыркы кезде жана орто кылымдарда «кыргыз» деген терминдин маанисинде уруу, уруучулук түзүлүш жатканын, ал ар түрдүү мезгилде ар кандай топко биригип, кайрадан тарап, XVI к. гана территориялык, психологиялык, маданий, тилдик жалпылыгы түзүлгөн, эл катары калыптангандыгын эске алуубуз керек. Жазуу булактарынын аздыгынан кыргыз элинин калылтаяуу проблемасы этногенезин изилдөө өтө кыйын болуп, археологиялык, антропологиялык, этнографиялык материалдар, кыргыз эпостору, кыргыз тилинин тарыхы боюнча иликтенген. Так ушул себептен улам окумуштуулар арасында: Кыргыз эли кантип, качан түзүлгөн деген суроого бирдиктүү жооп жок. Илимде ондон атуун ар түрдүү божомолдор бар. Аларды уч негизги топко бөлүп кароого болот. Биринчиси, кыргыз эли «ТенирТоого Енпсейдин жогорку тарабынын (Миң-Өзөн ойдуңунан) көчүп (миграция) келген» деген пикир. Ушул жобону биринчи жолу орус академиги Г. Ф. Миллер (1705-1783-жж.) «История Сибири» («Сибирь тарыхы») деген эмгегинде жазган. Бул божомолду азыркыга чейин колдоп келгендер бар. Булардын пикири боюнча «Кыргыз» этноними б. з. ч. I миң жылдыктын экинчи жарымында пайда болуп, IX-X кк. Борбордук Азияда Енисейден Байкал, Алтайга чейин кеңири тараган. Кийинчерээк кыргыздар Тенир-Тоо тарапка көчүп,

XVI к. биротоло калыптанган элге айланган.

XIX к. бири-бирине көз каранды эмес илимпоздор Ч. Ч. Валиханов, Н. Я. Бичурин, Н. А. Аристов «кыргыздар эч жактан келбестен, байыртадан эле Теңир-Тоодо жашаган уруулардын негизинде калыптанган» деген пикирди айтышкан. Бул экинчи көз караш, ал ырааттуу түрдө «Кыргыз ССР тарыхынын» бир нече басылыштарында баяндалган. Үчүнчу божомол азыркы илимде кеңири таркаган. Ал 1956-ж. Фрунзе шаарында өткөн кыргыз элинин этногенези боюнча бүткүл союздук илимий-практикалык конференцияда иштелип чыккан. СССР Илимдер академиясынын, Кыргыз ССР Илимдер академиясынын, союздук республикалардын көрүнүктүү илимпоздорунун пикир алмашуусунун натыйжасында төмөндөгүдөй бүтүм чыгарылган: «Кыргыз эли, анын маданияты … кеминде эки этностук Борбордук Азия жаиа жергилнктүү Орто Азиялык элементтердин байланышынын аркасында келип чыккан… Кыргыз этногенезинин эн бир түйүндүү учурлары б. з. I миң жылдыгындагы окуяларга туш келет. Бул доордо Кыргызстандын аймагына чыгыштан азыркы кыргыздардын ата-бабалары келип кошулат. Алар бул мезгилде ага чейин калыптанып калган кыргыз тилинде пикир алышышкан». Сессиянын катышуучулары кыргыз элинин негизги түйүлдүгүн же болбосо анын негизги этностук компоненттеринин бири катары борбордук азиялыктарды эсептегенин белгилей кетүү керек. Кыргыздардын этностук түйүлдүгүнүн чордону борбордук азиялыктардан таркагандыгы жөнүндө маселе али да болсо терек изилденбеген бойдон калууда.

Кыргыз элинин тегин дүйнөдө мындан V миц жыл мурун маылекет түзгөн шумерлер менен байланыштыргаи пикирлер да бар. Алар байыркы шумерлердин айрым сөздөрүнүн, ал тургай бүтүндөй сүйлөыдөрүнүн кыргыздын сөздөрүнө окшош экендигине таянышат. Бул пикир да көнүл буруп изилдөөгө татыктуу. Окумуштуулар байыркы пгумерлердин шынаа сымал жазуулары менен байыркы кыргыздардын Орхон-Енисей жазууларынын ортосундагы окшоштуктарды да белгилешет. Байыркы шумерлер менен кыргыздардын сөздөрүндөгү жана тамгаларындагы окшоштуктар кыргыз элинин дүйнөдөгү эн байыркы элдерден экендигин айгинелеп турат.

Байыркы шумерлер ыенен байыркы кыргыздардын тектеш экендигин далилдөө кыргыз элинин тарыхын дагы бир нече мин жылга узартууга мүмкүндүк бермек. Бул үчүн тарыхчылардын, археологдордун, этнографтардын жана тилчилердин биргелешкен аракеттери зарыл.

Кыргыз элинин тарыхы тээ түпкүргө кетери шексиз. Ал жөнүндө жазма маалыматтар азарынча кездеше элек. Түрк тилинде сүйлөгөн элдердин байыркысы катары кыргыздар б. з. ч. III к. кытай элинин жазма булагында эскерилгени анык чындык.

Кыргыздар алгач Чыгыш Түркстанда болжолдуу түрдө Манас суусу агып өткөн өрөөндө жашал, кийин алардын бир бөлүгү Миң-Өзөн ойдуңундагы Енисей дарыясына көчүшкөн. Бул жерде кыргыздар европеоид динлиндерди багындырып, аларды өздөрүнө сиңирип алган. Миң-Өзөн ойдуцундагы этномаданий процесстер археологиялык материалдарда кеңири учурайт. Таштык маданияты деп аталган мезгилдин акыркы этабында (Ш-У кк.) Борбордук Азия тегинин элеыенттери кыргыз элинин көчүп келиши аркылуу сакталган. Ш-У кк. жергиликтуү жана көчүп келген этностук компоненттер бир маданий катмарга Енисей кыргыздарынын ыаданиятына бириккен.

Кыргыздардын активдүү этностук байланышы Улуу Кыргыз дөөлөтүнүн доорунда (IX—X кк.) жогорку чекке жеткен. Уйгурларды талкалап, Борбордук Азняиы ээлеген. Кыргыздардын аскер колдору туш тарапка жортуулдарды жасаган. Басып алган жерлерге кыргыздардын бир бөлүгү отурукташып, жергиликтүү этностук топтор менен аралашкан.

XII к. азыркы Кыргызстандын территориясына Чыгыштан кара-кытайлар, XIII к. башында наймандар басып кирет. Көрүнүп тургандай, XIII к. чейин азыркы Кыргызстандын аймагында жергиликтүү түрк компоненти өнүгүп, кийин биротоло кыргыз элинин катарына синип кеткен.

Кыргыз элинин этностук тарыхынын белгилүү адиси С. М. Абрамзон өзүнүн «Кыргыздар жана алардын этногенетикалык, тарыхый-маданий байланышы» деген китебинде төмөнкүдөй жыйынтыкка келген:

Кыргыз элинин калыптануу процесси негизинен Чыгыш Тенир Тоодо, Ички Теңир-Тоодо, ошондой эле ПамирАлай (ага караштуу Алтай, Иртыш, Чыгыш Түркстан) тоолуу областтарында өткөн;

XIV-XVII кк. калыптанган кыргыз элинин негизин:

а)   түрк тилдүү жергиликтүү уруулар;

б)   негизинен түрк тилдүү түштүк сибирдик, борбордук азнялык уруулардын көчүп келген тобу;

в)   монгол жана казак-ногой урууларынан чыккандар түзгөн.

Көпчүлүк окумуштуулар азыркы кыргыз элинин курамында Бнисей компоненти бар экендигин танбайт. Чындыгында Енисей кыргыздары Теңир-Тоодогу кыргыз элинин калыптануу процессине катышкан. Эң башкысы бул көп кырдуу процессти бурмйлоону, кыргыз элинин Енисейден Теңир-Тоого көчүп келүүсүн механикалык түрдө кабыл алып, Енисей жөнүндө, кыргыздардын байыркы мекени тууралуу курулай элестете бербей, чыныгы мекени Тенир Тоо экендигин унутпоо керек.

Кыргыз элинин этногенезинде Борбордук Азия компонентинин калыптануусунун эң байыркы этабьшда Теңир-Тоолук кыргыздардын Борбордук Азия жана Түштүк Сибирдин түрк элдери, биринчи кезекте Енисей кыргыздарынын уруулары менен генетикалык жактан тектештиги (ага-туугандык) басымдуулук кылгандыгынан кабар берген даректердин мааниси зор. Бул компоненттин өнүгүүсүнүн кийинки ортоңку этабында кыргыздардын Енисейден Алтай менен Теңир-Тоого журт которуусунун мүнөзү жана убагы талаш-тартыш маселе экенине карабастан кыргыздардын Алтайда (кеңири географиялык мааниде) жана Борбордук Азияда кенири канат жайып жайгашуусу учурунда болуп өткөн этностук процесстер чечүүчү роль ойногону анык. Бул маселелердин биротоло чечилиши үчүн жаны материалдардын болушу зарыл.

Жазуу булактарынын жана археологиялык табылгалардын маалыматтары боюнча борбордук азиялык көчмөн түрк уруулардын миграциясынын жалпы агымына аралаш Чыгыш Теннр-Тоого Еннсейлик кыргыздардын айрым топтору көчүп келишкен. Бирок Тенир-Тоодо жана Жети-Сууда бирдиктүү этностук калыптануу процессинин ыргагын монголдордун жортуулу үзгүлтүккө учураткан.

Көз караштардын бирине ылайык, кыргыз элинин калыптануусуна шарт түзгөн этностук процесстерднн жандануусу XIII к. аягы XIV к. туура келет. Кыргыз этносунун өнүгүү чордону Моголстандын түндүк бөлүгү, Алтай аймагы болгон. Бул аймактарда XXI кк. эле Улуу Кыргыз дөөлөтүнүн доорунда, Енисейден бул жакка ооп келген кимаккыпчак жана кыргыз урууларынан турган этно-саясий топ түзүлгөн. Ошол алтайлык кыргыздар XV к. Теңир-Тоого журт которушкан жана аймакта орто кылымдарда калыптанган кыргыз элинин өзөгүн түзүшкөн.

Тарыхый маалыматтар боюнча мына ушул жерде, XV к. аягында, кыргыздардын этно-саясий структурасы «оң канат» жана «сол канатка» бириккен уруулардын дуалдык уюшулушу кайрадан калыбына келген. Ушул структура келип чыккандан кийин гана кыргыздардын этногенезинин калыптануу процесси аяктайт.

               

Кыргыз элинин теги (санжыра 6оюнча).

 

А. Акаев окумуштуу катары Тянь-Шандык кыргыздар жер которуунун беш толкунунун натыйжасында калыптанып түзүлгөн деген шпсирди айткан. Бул пнкир боюнча Енисейден келген кыргыздардын биринчи толкуну б. з. ч. I к., түндүк хунндардын Чжичжи деген башкаруучусунун жетекчилиги астьгада жасаган согуштук жүрүшүнүн натыйжасында пайда болгон. Бул процесс б. з. I—II кк. уланган.

Кыргыздардын көчүп келүүсүнүн экинчи толкуну УГ-УН кк., б. а. Кыргызстандын азыркы аймагына Түрк кагандыгынын аскерлери кол салган мезгилге туура келет.

Кыргыздардын үчүнчу толкуну IX к. аягы жана X к. башындагы «Улуу Кыргыз кагандыгынын» доорунда болуп өткөн. Кыргыз урууларынын төртунчу толкуну Чыңгыз хандын аскерлеринин батышка жасаган жортуулдарына кошул-ташыл жүргөн. Бешинчи, сыягы, кыёла ири миграциялык толкун ХУП к., Россия тарабынан башталган Түштүк Сибирди өздөштүрүүдөн кийин, Енисейдеги «Кыргыз жер бөлүгүн» Россиянын басып алуу саясатына байланыштуу болгон. Орустардын ал жактагы кыргыз жерлерин басып алуу аракети бир кылымдай аралыкта жүргөн. Ушул учурда Енисейлик кыргыздардын бөлүктөрү Ала-Тоого келишкен. А. Акаевдин пикири боюнча кыргыз урууларынын экинчи бешинчи толкундары Тянъ-Шандагы кыргыз элинин калыптанышынын негизин түзгөн.

 

Өскөн ОСМОНОВ — Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мучөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор

Досторуңуз менен бөлүшүүнү унутпаңыз (ツ)





Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *