АМИР ТЕМИРДИН МОГОЛСТАНГА ЖОРТУУЛДАРЫ

Кошкон | 27.07.2017
Моголдордун тез-тез кол салуусунан жана элдик кыймылдардан тажаган Мавераннахрдын феодалдары жана көпөстөрү душмандардын мизин кайтарып, ички тартипти колго алган күчтүү мамлекет башчысы боло турган инсанды издеген. Андай адам Темир (1336—1405-жж.) болуп чыкты. Ал дүйнөгө Эмир Темир, Аксак Темир, Темирлан, Тамерлан, Тимурланг, Тимур Барлас, Амир Темир көрөгөн, Тимур Тарагай деген ысымдар менен белгилүү.

Темир Шахрисяб шаарына жакын Кожо-Илгар кыштагында Тарагайбектин үй-бүлөсүндө туулган, түрктөшкөн монголдук барлас уруусунан болгон. Ал 1370-1405-жж. өзү негиздеген мамлекеттин эмири. Жаш кезинен эле согуш ишин жакшы билгендиги, эр жүрөк каармандыгы жана жетекчилик сапаты менен айырмаланган. Тоглук-Темир Мавераннахрды басып алганда Темир моголдорго кызмат өтөгөн. 1361-ж. Казагандын небереси Хусейин эмир менен шериктештик келишим түзөт, бирок 1370-ж. аны туткундап алып өлүм жазасына тартат да, мамлекетти өзү жалгыз бийлеп калат. Эрктүү жана ырайымсыз, куу жана арамза Темир өмүрү өткөнчө өзүнүн элин жана бөтөндөрдү талап-тоноп байыган, көтөрүлүшчүлөрдү аёосуз жазалаган, согуштарды варварлык ыкма менен жүргүзүп, согушта басып алган, туткунга түшкөн миңдеген адамдарды кулчулукка саткан. Ал өмүрүнүн акырында Жер Ортолук денизинен Чыгыш Түркстанга созулган империя түзө алган. 1391 -ж. жана 1395-ж. Алтын Ордонун ханы Токтомушту талкалаган. 1393-ж. Багдадды жана ЭкиДарыя аралыгын (Месопотамияны), 1398-1399-жж. Индиянын түндүк жагын, 1401-ж. Сириянын бир кыйла бөлүгүн ээлеген. Ордосу Самарканд шаарында болгон. Кытайга жортуулга баратып, 1405-ж. 18-февралында Отрар (азыркы Түркстан шаарына жакын) шаарында каза болуп, Самарканддагы өзүнүн атактуу көрүсгөнүнө коюлган.

1371-ж. Амнр Темир Моголстанга жортуул жасап, ЫсыкКөлгө чейин келет. Бирок бул аймактын элинин бир бөлүгү Иленнн ары жагына, адам жетиши кыйын болгон бийик тоолорго көчүп кетшикен эле. 1375-ж. Амир Темир Моголстанга Сайрам жана Талас аркылуу экинчи жолу жортуул менен келет. Өлкөнүн элинин көбү дагы качат. Моголдордун эки негизги улустарыньш башкаруучулары Камар ад-Дин жана Кажыбек мурунку каршылашып жүргөнүнө карабай өздөрүнүн күчтөрүн бириктирип, баскынчыларга каршы сокку урууну чечишкен. Бирок Темир куулук кылып аларды бириндетип талкалоого жетишкен. Камар ад-Диндин аскерлерин кубалап олтуруп, алардын Иле өрөөнүндөгү урууларьшын сандаган малмүлкүн олжолоп, Самаркандга жөнөтүшөт. Амир Темирдин аскерлеринин арасында согушчан кыргыздар көп болгон деген маалымат бар. Камар ад-Диндин аскерлерин толук талкалоого Темирдин мүмкүнчүлүгү болгон эмес. Баскынчылар артка кайтып келе жатканда Камар ад-Диндин колу Ысык-Көлдүн жээгинде катуу сокку урган. Жинденген Амир Темир ошол эле жылы Камар ад-Динди Кочкордо талкалоого үмүттөнүп кайра үчүнчү жолу келет. Бирок көчмөндөр бул мезгилде Иртыппса көчүп кетишкен. 1377-1379-жж. Темир басып алуучулук жортуулдарын уланткан. Бул жолу ал Моголстандын аскерлерин талкалоого жетишкен, калган каткандары дагы эле Иленин ары жагындагы Тарбагатайга качьппкан. Темир бул жортуулда аябагандай көп олжого тунат. Колго түшкөндөрдү миндеп алып кетип, кулдукка саткан. Ошондой болсо да ал Моголстандын элин толук багынта алган эмес. Андан кийинки жортуулдары (1383, 1388-жж.) да оң жыйынтык берген эмес.

1389-ж. Амир Темир көп сандаган аскерлерин чогултуп, Моголстанга жазалоочу жүрүш жасоону чечкен. Ал көчмөн урууларды биротоло багынта албастыгын алар менен болгон жыйыра беш жылдык күрөштүн тажрыйбасынан жакшы түшүнгөн. Ошондуктан жортуулдун негизги максаты жергиликтүү элдерди колдон келишинче талап-тоноо, миндеген кулдарды кармап кетүү, Мавераннахрдын аймагына бир катар урууларды зордуктап көчүрүү болгон. Амир Темирдин аскерлери олуттуу каршылыкка учурабастан эле Талас, Чүй жана Иле өрөөндөрү аркылуу тез жылып Алтайга бет алышты. Жүрүш кандуу болгон. Согуш моголдорду кырып-жоюу менен жүргөн. 1389-ж. кандуу салгылашуу баскынчынын алдына койгон максаттарын толук чечкен эмес. Ошондуктан 1390-ж. дагы эки кошуун аскерин жөнөтөт. Алардын бирөө түндүк жактан Ташкент, Талас, Чүй, экинчиси түштүктөн Анжиявдан Яссы дарыясы жана Арпа жайлоосу аркылуу жүрүп отурушуп, Ысык-Көлдө кошулушат да, чегинип бараткан Камар ад-Диндин аскерлерин кубалаган бойдон Иртышка чейин барышкан. Айлана-тегерек элсиз ээн калган. Теңир-Тоодогу көчмөн уруулар баскынчыга көз каранды болбос үчүн өз мекенин таштап, барууга кыйын болгон, бийик тоолорго кетип калышкан. Амир Темирдин чыныгы бийлиги Чүй өрөөнүнө гана жеткея. Ошентип, Моголстандын аймагы Амир Темирге формалдуу болсо да каратылат. Бул жерге өзүнүн небереси, кийин орто кылымдардагы улуу окумуштуу катары даңкталган Улукбекти наместник (ишенимдуү адам) кылып дайындаган.

Амир Темир жана анын баскынчылык жортуулдары жөнүндөгү эскерүүлөр кыргыз элинде азыркы мезгилге чейин сакталып калган. Ысык-Көлдүн чыгышындагы Санташ ашуусунда элдин айтымындагы «Амир Темирдин» ысымы менен байланышкан эки таш дөбө бар. Уламышка караганда Темир Санташ аркылуу Кытайга өткөн. Чындыгында ал Кытайга эмес, Камар ад-Динди кубалап Алтай тарапка өткөн жортуулдардын бири болуш керек. Ашуудан өткөндө ал ар бир жоокерге дарыянын жээгинен бирден таш алып бир жерге топтоого буйрук берген. Жортуулдан кайра кайткан кезде дагы ар бир жоокер бирден таш алып башка жерге жыйышкан. Ошентип ашууда бири чет жерде каза болгондордун, экинчиси (биринчиден бир топ эле аз) кайтып келген жоокерлерди эскерген эки таш дөбө пайда болгон.

Темирдин Моголстанга жасаган жортуулдарынын учурунда кыргыздар негизинен Алтайда, Чыгыш Теңир-Тоодо жашагандыгы белгилүү. Алар да ошол өлкөдөгү башка элдер сыяктуу баскынчылар менен согушка катышкан.

Ошентип, Моголстандын бытыранды абалынан пайдаланып, Амнр Темир Фергананы, Тенир-Тоону, Ысык-Көлдү, Талас чөлкөмдөрүн басып алган.

Темирдин Моголстанга жасаган жортуулдарынын натыйжасында, мурдагы күчтүү дуглат, чорос, кангылы ж. б. монгол уруулары көп адамдарынан .жана байлыктарынан ажыраган. Алтайга көчүп кеткендери да болгон. Борбордук Теңир-Тоонун, Ысык-Көлдүн айланасы жана Иле дарыясынын өрөөнү элсиз калган. Моголстандын чыгыш тарабында, Алтайда жана Жуңгарияда жашаган кыргыздар акырындап бош калган жерлерди ээлеп көчүп келе баштаган жаяа Темирден талкаланган могол урууларынын калдыктарын бириктирип, баш ийдиришкен. Мухаммед Хайдар (1499-1551-жж.) «Тарихи-и Рашиди» (Рашиддердин тарыхы) деген эмгегинде белгилегендей кыргыздар согушчандыгы жана чыдамдуулугу менен даназаланып, «Моголстандын токой арстандары» деген ардактуу атакка ээ болушкан.

Өскөн ОСМОНОВ — Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мучөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор

Досторуңуз менен бөлүшүүнү унутпаңыз (ツ)





Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *