ИН ЖАНА ЯН

Добавил | 05.03.2020

ИН ЖАНА ЯН – байыркы Кытай натурфилософиясынын негизги түшүнүгү. Конфуцийдин «Өзгөрүүлөр» китебинде  «ян» жана «ин» аркылуу жаратылыштагы жарык менен караңгыны, катуу менен жумшакты, пассивдүү менен  активдүүнү, муздак менен ысыкты, аял менен эркекти ж. б. у. с. бирине-бири каршы жана бирине-бири өтүп туруучу  күчтөрдү белгилешкен. И. жана Я. бирдиктүү башталыш болгон – Ци түшүнүгүнөн эки чети катары түшүндүрүлөт жана  анын өнүккөн этабы «беш стихияга» туура келет (дарак, от – ян; жер – нейтралдуу; темир, суу — ин). Неоконфуций  окуусунда И. жа-на Я. — жаратылыштагы токтоп туруунун жана кыймылдын көрүнүштөрү катары берилген. И. жана Я.  жөнүндөгү түшүнүктөр Кытай медицинасы, химия, музыка ж. б. илим тармактарынын теориялык негиздерин иштеп  чыгууда кеңири колдонууга ээ болгон.