ИНСТИТУТТАШТЫРУУ – кайсы бир саясий кубулуштун же кыймылдын белгилүү мамилелердин структурасы, түрдүү деңгээлдеги бийликтин иерархиясы жана уюмдун башка белгилери: тартип, жүрүм-турум эрежелери ж. б. бар формага, тартипке келтирилген процесске, уюмдашкан мекемеге айкалышы. И-нун башкы формалары коомдук өзүн-өзү башкаруунун жаиа стахиялык процесстердин; массалык же группалык кыймылдардын, толкундоолордун ж. б. деңгээлинде пайда болот. Бир гана шарты: И. үчүн аларда тартипке келтирилген, багытталган аракеттер, башкаруу жана уюштурууга жөндөмдүү лидерлер, кийин туруктуу жетектөөчү группа пайда болуп, кубулуш башкарууга баш ийүүсү керек. И-нун өнүккөн формалары калыптанып бүткөн саясий институттары жана бийликтин, мекемелердин, саясий ассоциациялардын ж. б. институтташкан структурасы бар коомдун калыптанган саясий системасы менен көрсөтүлөт.