ИНТЕРНАЦИОНАЛИЗМ – түрдүү мамлекеттердин, улуттардын, элдердин же алардын айрым бөлүктөрү – таптардын, социалдык катмарлардын же топтордун түпкү кызыкчылыктарын же аракеттерин бириктирүүгө умтулуусун чагылдырган көз караштар жана саясат. Өндүрүштө маалыматтык алмашуу, илимий-техникалык жана маданий өнүгүүнүн интернационалдаштыруу процесси И-дин объективдүү негизи болуп саналат. Анын күч алышы менен улуттук келишпөөчүлүктүн үстөмдүк кылышынан улуттар аралык кызматташтыкка карай бара-бара глобалдуу бурулушу шартталган XIX жана ХХ к. түрдүү таптардын И. башкы мааниге ээ болгон да, аны калыптанышында өзүлөрүнөн салымын кошкон. Буржуазиялык И. айрыкча түрдүү өлкөлөрдүн буржуазиясынын ортосунда атаандаштык менен чектелген. Бирок ал капитализмге чейинки түзүлүшкө каршы күрөштө башкы ролду ойноп, социалдык прогресске жңндүгүн. Ошондой эле буржуазиянын кызыкчылыгына ориентацияланган көптөгөн өкмөттөрдүн, партиялардын жана кыймылдардын кызматташтыгынын жана түрдүү союздарынын идеялык – саясий таянычы бойдон калууда. Дыйкандык И. түрдүү өлкөлөрдүн дыйкандарынын кызыкчылыктарынын тардыгы жана санынын көптүгү менен айырмаланат. Бирок, дыйкандык тилектештиктин жана уюмдардын идеялык-саясий негизи катары ага да көптөгөн региондогу дыйкандар кыймылында көп роль тийиштүү. Жумушчу табынын (пролетардык) И. К. Маркс жана анын улантуучулары тарабынан иштеп чыгарылган. Жумушчу табынын түрдүү катмарларынын өзгөчө кызыкчылыктарынын дал келбөөсүнө карабай, ал жумушчу уюмдарынын бир катар эл аралык бирикмелеринин – партиялардын, профсоюздардын, I, II жана III Интернационалдардын, жумушчу Социалисттик Интернационалдын (Социнтерндин) ж. б. идеялык-саясий базасы болуп калды. III Интернационал (Коминтерн) пролетардык И. реформаны жокко чыгарган жалаң гана революциячыл жумушчу уюмдарынын, барыдан мурда коммунисттик партиялардын тилектештик жана өз ара жардамдашуу мүнөзүн берген. Пролетардык И-де бул курч алган системасында жетектөөчү уюмдардын иерархиясы орнотулган. Анын эң жогорку чегинде РСДРП РКП(б) ВКП(б) – КПСС болгон. Бул И. реалдуу социализм өлкөлөрүнүн өз ара мамилелер системасында өнүгө алган. Себеби анын идеялык-саясий өнүгүүсү болуп социалисттик И. жарыяланбаган. Эгерде пролетардык И. эл аралык революциячыл кыймылда КПССтин гегемониясын бекемдөө үчүн колдонулса, СССРдин дүйнөлүк социализм системасында, социалисттик шериктештиктеги гегомониясы социалисттик И-ге таянган.
Жумушчулардын күч алган жиктелиши жана дүйнөлүк өнүгүүнүн алдыңкы планына жалпы адамдык жашоого умтулуу жумушчу табынын обочолонушуна жана башка И-ге каршы коюууга эмес, адамзаттын жашоосуна мүмкүндүк берген кеңири И. иштеп чыгып, ишке ашырууга түрткү берет. Мындай жаңы И-ди иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу адамзаттын жашоосу үчүн зарыл өз ара аракеттердин идеялык-саясий негизи катары улуттардын, бардык этностордун, таптардын ж. б. социалдык катмарлардын кызыкчылыктарынын балансына жетишүүнү талап кылат.