ИНТЕРПЕЛЛЯЦИЯ

Кошкон | 05.03.2020

ИНТЕРПЕЛЛЯЦИЯ (лат. interpellatio – «сөздү бөлүү», «сотко арыз берүү») – жалпы саясат же кайсы-бир  министрликтин же мекеменин ишмердүүлүгү боюнча түшүндүрмө берүүнү талап кылган өкмөткө кайрылган  депутаттык суроо-талап. Көбүнчө И. коомдо олуттуу тынчсыздандырууну туудурган кандайдыр бир факт боюнча  жасалат. Ошондуктан И. жалпы талаш-тартышты, андан соң саясий санкцияны: министр берген түшүндүрмөнүн  канааттандырганын же канааттандырбоосун чагылдырган добуш берүүнү туудурат. Кээ бир учурларда талаш-тартыш  министрге же өкмөттүн бардык составына ишенбөө жөнүндөгү суроону киргизүү менен аякталат. И. маалымат алуунун  гана күчтүү ыкмасы болбостон, депутаттар тарабынан тике көзөмөлдөөнүн күчтүү формасы болуп саналат. Муну менен  парламенттик турмушту демократташтыруу шарттарында интерпелляциянын ролунун жогорулашы түшүндүрүлөт.  Реакциянын шарттарында же анын күч алышы менен бул укук чектелет же таптакыр жоюлат. Бүгүнкү күндө бул  практика сакталып калган батыш европалык өлкөлөрдүн көпчүлүгүндө регламенттештирилген. Мисалы: Финляндияда И.  20дан аз эмес депутаттардын атынан берилсе, ФРГда – 30дан аз эмес депутаттар (чоң суроо-талап) бере алат. Швецияда  И-га палатанын макулдугу менен гана жол берилет. Министр жооп берүүгө милдеттүү мөөнөттөр (эки жумага чейин)  коюлган. Өкмөттүн же министрдин жообу боюнча кеңири талкуулар жүргүзүлөт. Францияда суроо-талапка үчүнчү  адамдын кийлигишпөөсүн талап кылат. Бул процедура 1869-ж. легалдаштырылган Англияда суроо-талап кандайдыр бир  элитетти камтыбашы, суроочунун оюнун чагылдырылбашы, мурда берилген суроолорду кайталанбашы общиналар  палатасынын чечимин сындоону камтыбашы, ордо кызматкерлеринин, жеке фирмалардын ишмердүүлүгүнө  кийлигишпөөсү, жашыруун иштерге жана ошондой эле парламент алдында министр жооп бербеген суроолорго  тийишпөөсү керек. Суроо-талап прессанын кабарларын текшерүү ж. б. талаптарын камтый албайт. Суроо-жооп  процедурасын уюштурууда общиналар палатасынын спикеринин ролу зор: суроо берүүгө депутатка уруксат берет, ар  бир учурда ал талаш-тартышты токтотуп, кийинки суроого өтө алат. Ошондой эле спикер Англияда өкүм сүргөн  кошумча суроо практикасын тескейт. Аны депутаттар министрдин жообунан кийин бере алышат. Министр «мамлекеттин  кызыкчылыгы талап кылган кабарларды жарыялоого мүмкүндүк бербейт», – деп жооп берүү укугуна ээ.

Францияда  суроолор туура келген палатанын төрагасына тапшырылат. Ал аларды өкмөткө берет. Суроолор атайын китепке  жазылат. да, парламенттин китепчелеринде жарыяланат. Жазуу түрүндөгү суроо талаш-тартыш менен коштолушу  мүмкүн. Францияда улуттук чогулушта жума күнкү кечки заседание жана Сенаттагы шейшемби күнкү заседание оозеки  суроо-талаптар үчүн белгиленген. Ар бир заседаниенин биринчи жарымы талаш-тартышсыз суроо-талаптарга арналган.  Суроолор функциялардын төрагаларынын конференциясынын күн тартибине киргизилет. Ал суроолорду окшош  проблемалар менен бириктириши, бир тизмеден экинчисине алып өтүүсү, оозеки суроо-талапты жазуу түрүндө  киргизиши, суроолордун тартибин өзгөртүшү мүмкүн. Талаш-тартышуу оозеки түрдө палатанын төрагасы тарабынан  жарыяланат, ошол эле замат ал 15ден 30 мин чейин чыгып сүйлөө үчүн регламент бекитет. Туура келген министр  берилген суроо боюнча эки жакын заседаниенин биринде өкмөттүн кабары болот деп жарыялайт. Эгерде министр даяр  болсо, ал ошол эле замат жооп бере алат. Жооптон кийин төрага жазылгандардын тизмесине ылайык, өзү бекиттирген  регламентти кармап, талаш-тартышты уюштурат. Талаш-тартышсыз оозеки суроо-талап, анын автору 5 гана минут  сүйлөй тургандыгын билдирет. Эгерде заседание учурунда автор жок болуп, аны өзүнүн коллегаларынын бирине  тапшырбаса, берилген суроо китептен сызылып ташталат. Ал эми министр жок болсо, суроо кийинки күнгө калтырылып,  биринчи болуп коюлат. Жазуу түрүндө суроо туура келген заседаниенин стенограммасынын кийин парламенттин  китепчесинде толугу менен жарыяланат. Министр бир айдын ичинде жооп бериши керек. Ал «коомдук кызыкчылыкка»  таянып, жооп берүүдөн баш тарта алат. Ал ошондой эле мөөнүттү дагы бир айга узартууну талап кылуу укугуна ээ.  Эгерде депутат макул болбосо, ал бул суроо-талапты оозекиге айландыра алат. Депутаттар суроо-талап процедурасына  активдүү таянууда. Себеби ал алардын административдик маселелер боюнча консультациясынын каражаттарынын бири  болуп калат. Ошондуктан, түзүлгөн эреже боюнча министрлердин депутаттын суроо-талаптарына берген жообу  администрациялык юстиция үчүн юридикалык күчкө ээ эмес. Башка учурларда депутаттар алынган жоопторду шайлоо  кампанияларын жүргүзүүдөгү материал катары колдонушат. Улуу Британиянын общиналар палатасында оозеки  суроолорго дүйшөмбү, шейшемби, шаршемби, бейшемби күндөрү заседаниелердин башталышында бир саат берилет. Ар  бир заседаниеде жооп берүүчү министрлердин тизмеси алдын-ала жарыяланат. Ар бир депутат күнүнө үчтөн ашык эмес  суроо бере алат. Ал өзүнүн ниети жөнүндө палатанын кызматкерлерин 48 саат мурдараак алдын-ала билдирип коюуга  милдеттүү. Суроо жазуу ирээтинде берилет. Жооп оозеки же жазуу түрүндө болот, бирок бары бир парламенттик талаштартыштын протоколуна киргизилет. Тизмеленген министрлердин суроолорго жооп берүү кезектүүлүгү ар жумада  өзгөртүлөт жана фракциялар менен кеңешүү жолу менен аныкталат. Суроо-жооп алмашуу ритуалына спикер көз салат.  Депутаттын фамилиясы аталганда ал өзүнүн суроосунун номерин айтат. Министр жооп берет. Андан соң депутат  кошумча суроо берүү укугуна ээ. Кийин министрдин жообу угулат. Суроо-жооптордун алмашуусу бир нече минутка  созулат. Талаш-тартышта башка депутаттар да катыша алат. Спикер бул процедураны токтотуп кийинки суроого өтө  алат. Бир саатта палата кээде 50гө чейинки суроону угууга жетишкени суроо жана жооптордун кыскалыгы жөнүндө  кабар берет. Депутаттык суроолор аткаруучу бийликти көзөмөлдөөнүн каражаттарынын бири болуп саналат. Жоопторду  даярдаган министрлер жана кызматкерлер, алар жарыялагысы келбеген маалыматтар жана фактылар жөнүндө сөз  жүргөндө, өзгөчө басымга деле кабылган эмес. Көбүнчө жооп ашык суроолорду жана күмөн саноону туудурбагандай  формада чагылдырылат. Жана ошондой эле, бул суроого жооп берилгенден кийин, ага экинчи жолу кайрылууга болбойт.  Ошого карабастан, суроо-жоопко ыйгарылган убакытты, көп учурда саясий талаш-тартыштарга колдонушууда. Аларга  катардагы депутаттар гана эмес, фракциялардын жетекчилери да катышышат. Суроо-талап процедурасы депутат үчүн  министрлерге басым көрсөтүп өзүнүн шайлоочуларына алардын кызыкчылыктарын коргоп жаткандыгы жөнүндө  билдирүүнүн бирден бир каражаты болуп саналат. Депутаттык суроо-талаптардын саны ар башка өлкөлөрдө ар түрдүү.  Францияда, мисалы, жылына депутаттар Улуттук чогулушта 300–350 суроо жана Сенатта 100 суроо бере алышат.  Англияда суроолор мындан көбүрөөк, жана алардын саны акыркы жылдары абдан кеңейген. Эгерде 50-ж. жылына 15  миң суроо-талап берилсе, 80-ж. 40 миңге жакын болуп көбөйгөн. Өзгөчө жазуу жүзүндөгү суроолордун өсүшү өткөн  кылымдын биринчи жарымында күнүнө 20 болсо, 80-ж. башында күнүнө 100–200 суроого жеткен.

Досторуңуз менен бөлүшүүнү унутпаңыз (ツ)