ИНТРИГА

Кошкон | 05.03.2020

ИНТРИГА (фр. interige, лат. intricare – баш аламан кылуу, алмаштыруу) 1) кайсы-бир максатка жетүү үчүн жашыруун  аракеттер; 2) фабула, сюжетти түзүүнүн ыкмасы; персонаждардын кызыкчылыктарынын айкалышуусу жана  кагылышуусунун, абалдын өзгөчөлүгүнөн жана аракеттин динамикалык өнүгүүсүн камсыз кылуучу алардын катышынын  жардамы менен окуялардын өнүгүү схемасы. 3) сейрек кездешүүчү сүйүү мамилелери, сүйүү байланышы. Бул үч маани  тең бүгүнкү күндөгү саясий турмушта жана аны анализдөөдө кездешет. Кадыресе колдонууда И. – кадимки аң-сезим  үчүн начар прог-ноздолгон, күтүлбөгөн кесепеттерге алып барган татаал, чаташкан, кээде абалдардын табышмактуу  түзүлүшү. Сыртынан И. саясий кырдаалдын өнүгүүсүнө сапаттык жаңы багытты түзгөн, түрдүү тартиптеги саясий  окуялардын жана процесстердин убактысында жана мейкиндиктеги биримдикти билдирет. Ички механизмдердин көз  карашынан И. максатка багытталган аракеттердин, окуялардын жүрүшүн Өзүлөрүнө зарыл натыйжаларга багытталган  саясий күчтөрдүн же айрым саясий ишмерлердин оюнунун жемиши болуп саналат. Ошол эле учурда алар бул  окуялардын өз алдынча күтүлбөс өнүгүүсүнүн көрүнүшүн түзгөн шарттарды да пайда кылышты. И-нын бул  механизмдери так жана айкын, анын заговор сыяктуу көп түрдүүлүгүндө чагылдырылат. И. – бийлик жана таасир үчүн  күрөштүн эң байыркы, салттуу ыкмаларынын бири, «саясат жасоонун» элитардык ыкмасы. И. : 1) персоналдуу, бир  саясий ишмерге каршы багытталган; аны физикалык жок кылуу; бийликтен четтетүү; саясий дискредитациялоо;  моралдык-нравалык компроментациялоо. 2) айрым ишмерлерди эмес, өлчөмүнө карабай тигил же бул топту физикалык  же символдук четтетүү жана компроментациялоону максат кылып койгон. Саясаттын тарыхында И-нын адаттагы  куралдары байыркы убактардан биздин күндөргө чейин өзгөргөн деле эмес. Бул физикалык четтетүүнүн ыкмалары  сыяктуу эле саясий жана моралдык басым көрсөтүүнүн жолдоруна да таандык. Акыркы он жылдагы окуялар  террористтик акт (мис., Индиядагы 1991-ж. шайлоо алдындагы кампаниянын апофеозунун учурундагы И-нын  натыйжасы катары премьер-министр Раджив Гандини өлтүрүү) сыяктуу эле моралдык нормаларды жана тыюу  салууларды бузгандыгы жөнүндөгү күнөөлүүнүн, мис., америкалык сенатор Г. Хартка каршы, анын өздүк турмушунун  айрым деталдарын жарыялоо менен байланышкан, президенттик кызматка талапкер катары анын дискредитацияланышы  үчүн багытталган И. таасири күбөлөндүрөт. Биринчи учурда айрым алынган мамлекеттин ичиндеги саясий таасирлердин  балансын өзгөртүү жөнүндө сөз жүрсө, экинчиси регионалдык, континенталдык же жалпы дүйнөлүк масштабды өзүнө  камтыйт.

Мис., 30-ж. аягында Германия жана СССРдин ортосундагы конфиденциалдык документтерге б. а. МолотовРиббентроп пактысы жана башында Гитлер жана Сталин турган жашыруун протоколдорго кол коюу менен  байланышкан. И. Регионалдык маанидеги И. (Польшаны бөлүү жана Балтика суроосунун «чечилиши») болуп башталып  континенталдыкка өтүп, андан дүйнөлүк масштабдагы согушка келип жеткен. Пропагандада саясаттын негизги куралы  катары И. колдонууга ыктуулукту «интриганчылык» деп аныкташса, И-га ыктуу саясатчы –«интриган» деп аталат. Бирок  И-га ыктуулук «интрига жөндөмдүүлүгү» менен коштолот. Саясаттагы адаттагыдай түшүндүрүүдө ал  татыктуулуктардын тизмесине кошулат. И-нын белгилүү чеберлери: кардинал жана премьер-министр де Ришелье  (Франция); британ жашыруун кызматынын ата-негиздөөчүлөрүнүн бири, жазуучу Д. Дефо; Француз сарайынын өзгөчө  жумуштарын аткаруучу Бомарше; бирин-бири тез алмаштырган өкмөттүрдүн министри Талейран ж. б., Россияда – Б.  Годунов, граф Лесток, үч падышанын министри А. Бестужевдер болушкан. ХХ к. тарыхында Сталин, Мао Цзе-дун,  адмирал Канарис көрүнүктүү интригандар деп аталышат. Интригандуулуктан качуунун каражаты – саясий турмуштун  толук демократташтырылышы, кеңири маалымдуулук, граждандык коом чегинде социалдык көзөмөлдүн атайын  куралдарын түзүү.

Досторуңуз менен бөлүшүүнү унутпаңыз (ツ)