ИСЛАМИЗМ

Кошкон | 05.03.2020

ИСЛАМИЗМ (саясатта) — мусулман дүйнөсүндөгү өлкөлөрдүн, диний-саясий уюмдардын жана кыймылдардын ички  жана тышкы саясатынын улуттук-диний өзгөчөлүгү. И. мусулман коомунун бүгүнкү күндөгү саясий турмушунун  нормалары жана принциптери катары исламдын негизги жоболорунан (догмат) улам келип чыккан көрсөтмөлөрдү  келтирүү менен чагылдырылат. Бир тарабынан улуттук аң-сезимдин ойгонушун, улуттук-боштондук кыймылдарынын  өнүгүүсүн, экинчи жагынан — белгилүү социалдык күчтөрдүн диний-улуттук, экспонционисттик умтулууларын  чагылдырат. И. саясатта исламдын дүйнөлүк дин катары өзгөчөлүктөрүн эсепке алуу менен караш керек. Ислам (араб.  баш-ийүүчүлүк) VI к. пайда болгон. Анын негизги принциби – күчтүү кудайга ишенүү, тагдырдын Алла-таала менен  алдын-ала белгиленип койгондугу, жеке-индивидуалдуулукка караганда коомчулуктун артыкчылыгы. Анын гүлдөпөсүшү IX–XII к. дал келген. Андан соң ал начарлоо жолуна түшөт. Бара-бара мусулман өлкөлөрүнүн бардыгы европалык  державалардын колониясы жана жарым колониясы абалында калат. Исламдын жайылышынын башкы региону – Азия  жана Африка. Азыр дүйнөдө 1 млрд. ашык мусулман жашап келүүдө. 35 өлкөдө алар калктын көпчүлүгүн түзүшөт.  Алардын кээ биринде «ислам» термини мамлекеттин атына кошулган (Иран ислам республикасы ж. б.). Көпчүлүк  өлкөлөрдө мусулман саясий партиялары, диний-саясий уюмдар жана кыймылдар аракет кылышат. Ислам көптөгөн  багыттарга, агымдарга, коомдорго бөлүнгөн. Ар бир өлкөдө ал өзүнүн өзгөчөлүк белгилерине ээ. Исламды теориялык  жана практикалык (турмуштук, элдик) деп бөлүшөт. Акыркысы элдик салт-санааларды, үрп-адаттарды терең сиңирип,  дин гана эмес, этика жол-жобосу катары да чыгат. Исламдагы ортодоксалдык, адаттагы жана реформатордук агымдарын  эсепке алуу маанилүү деп эсептелет. Биринчи агымдын жактоочулары акыйкаттуулук жана теңчилик принциптери  күчтүү болгон исламдын алгачкы доорундагы салт-санаа, үрп-адаттарга багыт алышса, экинчиси – феодалдык  тартиптердин идеологиялык таянычы болгон орто кылымдардагы исламда кездешет.

Реформатордук агымдын (ХIХ к.  экинчи жарымында пайда болгон) жактоочулары граждандык жана диний бийликтердин бөлүштүрүлүшү, шариаттын  (мусулман укугу) чектелиши жана анын граждандык укук менен алмашуусу үчүн чыгышат. Диндик жана улуттуктун  биригиши Мухамедди чыныгы динди орноткон пайгамбар катары таануу жана кадырлоо, исламдын бир кудайга  (монотеизм) ишенүү принцибинен улам келип чыккан бардык мусулмандардын биримдигин түшүнүү динге  ишенгендердин бөлүгүндө өзүнүн ишениминин өзгөчөлүк жана башка динге карата күжүрмөн чыдамсыздык  комплексинин калыптануусун шарттаган. Саясаттагы И. – бул барыдан мурда панисламизм идеясы, бардык  мусулмандардын диний-саясий биримдигине умтулуу. Панисламизм ХIХ к. экинчи жарымында мусулман өлкөлөрүндө  буржуазиялык коомдук мамилелердин өнүгүүсүнүн жүрүшүндө келип чыккан. XX к. башында жана экинчи дүйнөлүк  согуштан кийин колониялык системанын кулашына байланыштуу жогорулаган. Азыркы учурда да панисламисттик  ойлордун жандануусу байкалууда. Панисламизм менен исламдык кызматташтык идеясы байланышкан. Ал бир  тарабынан антиимпериалисттик (акыркы жылдары антиизраилдик), экинчи жагынан – антикоммунисттик багыттагы  ураандардын көтөрөлүүсү менен чагылдырылат. И. – капиталисттик жана социалисттик тандоодон айырмаланган  мусулман өлкөлөрүнүн өзгөчө жолу жөнүндөгү идея. Бул идеянын нугунда түрдүү «ислам мамлекети», «ислам  экономикасы», «исламдык социализм» концепциялары өнүгүшөт. Бул концепциялардын жалпы белгилери: граждандык  жана диний бийликтер Алланы бийликтин жалгыз булагы катары таануусуна негизделет; кирешелерди акыйкат  бөлүштүрүү; шариаттагы көрсөтмөлөргө ылайык экономиканы, социалдык мамилелерди теске салуу. И. түрдүү  социалдык жана саясий күчтөрдүн ишмердүүлүгүнө таандык. Алардын кызыкчылыгына байланыштуу, И-дин  социалдык-саясий багыттуулугу – прогрессивдүүдөн консервативдикке чейин радикалдык түрдө өзгөрөт. Мусулман  дүйнөсүнүн Өлкөлөрү, баарыдан мурда Иран, Түркия, Сауд Аравиясы, Орто Азия, Казакстан, Закавказье  республикаларындагы процесстерге, ислам жайылган Россиянын ички региондоруна карата кызыгуулары артууда. Алар  менен байланыштарды өнүктүрүү, алардын элдерин исламдык коомго интеграциялоо боюнча иш-аракеттер  жүргүзүлүүдө. Бул мамлекеттердин эки негизги өнүгүү жолдору талкууланууда. Биринчиси – Ирандын өнүгүүсүн  көрсөтсө (бардык натыйжалары менен исламдык мамлекетти куруу). Экинчиси – Турция (граждандык жана диний  бийлик бөлүштүрүлгөн, учурдагы илим, техника, маданияттын жетишкендиктерине жол ачылган). Бул өлкөлөр  өзүлөрүнүн өнүгүү жолун үгүтөөнү жүргүзүүдө. Алардын кайсынысы артыкчылыкка жетишээрин келечек көрсөтөт.

Досторуңуз менен бөлүшүүнү унутпаңыз (ツ)