ИЧКИ САЯСАТ – саясаттын субъектилеринин (таптар, социалдык катмарлар, улуттар, партиялар, коомдук кыймылдар, саясий лидерлер) ортосундагы мамилелердин сферасы. Бийликти жеңип алуу, кармап калуу жана пайдалануу И. с-тын эң башкы маселеси. И. с-та мамлекеттин экономникалык, саясий кубатына жана саясий лидердин харизматикалык жана диний авторитетине таянган бийлик структуралары аркылуу ишке ашырылат. Батыш өлкөлөрдө И. с-ты улуттук саясат деп аташат. И. с-тын төмөндөгүдөй түрлөрү бар: социалдык, улуттук, маданий. И. с-тын негизинде тигил же бул принциптер (социалдык адилеттүүлүк, этатизм, фундаментализм, эталитаризм) жатат. Ички саясий максаттарды ишке ашыруу тынчтык жолу менен же зордук-зомбулук каражаттарын колдонуу менен жүргүзүлүшү мүмкүн. Мамлекет бул учурда, адатка ылайык, кеңири мүмкүнчүлүктөрдө пайдаланат: экономикалык рычагдар жана жеңилдиктер; жаңы жумушчу орундарын түзүүгө жана адистерди кайра даярдоого каражаттарды бөлүү жолу менен калкты иш менен камсыз кылууну жөнгө салуу; пропагандалык жана репрессивдик каражаттар; паспорттук, визалык, бажылык режим ж. б.
И. с. маселелерди чечүү методдору коомдогу саясий бийликке мамлекеттин монополиясы менен шартталат.