КЛАН. САЯСИЙ КЛАН

Кошкон | 06.03.2020

КЛАН, с а я с и й к л а н – мамлекеттик бийлик үчүн же буга чейин ээ болгон колундагы бийлигин сактап калуу үчүн  күрөш жүргүзгөн, патриархалдык үй-бүлөлүк (каны бир туугандык, уруулук) же жердешчил, региондук жана азыркы  саясий уюмдардын мүнөздөрүн айкалыштырган, башкаруучу элитада туруктуу, формалдуу эмес бирикме. К-дын  составында анын лидеринин (кландын башчысы) айланасында тууганчылык же башка белгилери бар адамдар болушу  мүмкүн. Коомдук башкаруунун бул топко чейинки институту азыркы көптөгөн мамлекеттердин саясий мамилелеринин  системасына кирип алган. Мыйзамдын күчү, анын аткарылышын эмес, тескерисинче, мамлекеттик бийликти «ыйык»  туткан өлкөлөрдө кландардын активдүүлүгү өтө күчтүү болот. Башкаруучу катмарлардын К-га бөлүнүшү элита менен  эле чектелбейт. Ар бир элиталык К. социалдык пирамиданын ортоңку жана төмөнкү бөлүктөрүн-дөгү өзүнүн  клиенттерине жана алардын социалдык базасына таянат, ушунун өзү эле кландык топтордун тышкы таасирлерге  туруштук берүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатат. К-дык топтор дайыма бир гана чоң үй-бүлөнүн мүчөлөрүн бириктире  бербейт. Ошентсе да ишке жөндөмдүү бардык кландардын ядросун жакын туугандар түзүп, патриархалдык этика,  тууганчылыктын жазылбаган «мыйзамдары» кландын ички тилектештигин, ынтымагын камсыз кылып турат. К-дык  белгилери боюнча бөлүктү башкаруучу элита, адатта кландык топтошууну негизги түрүнөн турат. Бир жагынан,  бийликтин жогорку жана ортоңку эшелонунда бир нече муундар катары менен бийликте турган адамдардын тобу.  Экинчиси: коомдо жакында эле болуп өткөн ири социалдык – саясий өзгөрүүлөрдүн жыйынтыгында саясий аренага  чыккан, жаңы адамдардын тобу. Кыргызстанда акыркы жылдарда менчиктештирүү процессинин жүрүшүндө коомдук  менчикти бөлүштүрүүгө тикелей катышкандар өздөрүнүн кландарын түзгөнгө үлгүрүштү. Эми бул кландар мамлекеттик  бийлик үчүн, саясий чечимдерди даярдоого, кабыл алууга, аны ишке ашырууга катышуу үчүн күрөш жүргүзүп атышат.

Башкаруучу элитанын ар кандай К-дарынын ортосундагы мамиле тынчтык жолу менен же тескерисинче, курч  конфликтер менен коштолушу мүм-күн. Көпчүлүк учурларда негизги күрөш эски жана жаңы К-дык топтордун  ортосунда жүрөт. Атаандаштыкты өтө курчутпай туруп жаңы К-дын бийликти алуу шансы аз болот. Дегеле бийликке  келгенден кийин да жаңы К-дын абалы көпкө дейре туруксуз бойдон кала берет. Ал эми эски кландын күчү мамлекеттик  жогорку кызматты алдырып ийүү менен эле бүтүп калбайт. Башкаруучу элитанын чөйрөсүндө бекем орун алыш үчүн  жаңы кландык топ башкаруу аппаратынын ортоңку бө-лүгүндөгү эски кландын өкүлдөрүн же сүрүп чыгаруу же өзүнө  баш ийди-рүүсү керек. Эски кландын көптөгөн клиенттери менен иш алып баруу өтө татаал иш жана ал кошумча  убакытты жана материалдык ресурстарды талап кылат. Ошондуктан башкаруу элитасынын кландарынын өзгөрүүсү же  алмашышы коомдогу чоң кыймылдар, коомчулукту дүңгүрөткөн өзгөрүүлөр менен коштолот. Мамлекеттик чечимдерди  кабыл алууга катышкан кландык топтордун санынын азайышы да, көбөйүшү да социалдык пирамиданын жана  администрациялык системанын бардык денгээлиндеги өзгөрүүлөрдү, баш-аламандыкты пайда кылат. Өзүнчө алынган  саясий К-дын бийликти кармап калуу же аны жеңип алуу үчүн атаандаштык күрөштү жүргүзүү жөндөмдүүлүгү бир нече  факторлорго көз каранды болот. Биринчи кезекте, кландын ички ынтымагы, тартиби жана мыкты лидери болушу зарыл К-дын аялдар бөлүгүнүн да күчтүү болушу чоң ролду ойнойт. Кландын өзүнүн этностук жана географиялык чөйрөсүнөн  тышкары да бутактарынын болгону абзел. Кландык топтордун күрөшүнүн ийгилиги анын күчүнүн ички, субъективдүү  мүнөздөмөсү менен гана аныкталбастан, өлкөнүн ички саясий процессинин объективдүү динамикасы менен да  шартталат. Алсак, эски К. коомдук турмуштун карама-каршылыктарын башкаруучу катмардын деңгээлинде чечүүгө  далалат кылат. Мындан тышкары, жаңы К-га окшоп, эски К. өзүнүн саясий душманына каршы ачык чабуулга өтө албайт.  Бирок, позициялык атаандаштыктын жана күрөштүн шартында артыкчылык дайыма эски К-дар тарабында болот. Ал эми  жаңы К-дар, тескерисинче, бийлик үчүн күрөш жана кагылышуулар башталганда эле социалдык катмарлардын кеңири  массасын тартууга аракет кылышат. Калктын демократтык катмарларына таяныч жасоо жаңы К-дын бийликтин жогорку  тепкичиндеги алсыздыгын кандайдыр бир денгээлде тең салмактап турат. К-дардын ортосундагы күрөшкө тигил же бул  региондун же этностун масштабында саясий лидерлик абалына ээ болгон К. катышса, анда бул күрөштөн кесепеттери  өтө коркунучтуу мүнөзгө ээ болот. Региондун же этностун саясий лидерлигине чейин көтөрүлүш К., иш жүзүндө,  алардын үстүнөн чектелбеген көзөмөлдөө укугуна ээ болот да, регион менен борбордун ортосундагы карамакаршылыктардын курчушуна алып келет. Эгерде бул карама-каршылыктар өлкөдөгү социалдык-экономикалык  кризистер менен коштолсо, анда эски К. да, жаңы К. да социалдык чыңалууну азайтуунун ордуна, тескерисинче,  бөлүнүп-жарылууну дагы тереңдетүүгө жөндөмдүү келишет.

Досторуңуз менен бөлүшүүнү унутпаңыз (ツ)