КООПЕРАТИВДИК КЫЙМЫЛ

Кошкон | 06.03.2020

КООПЕРАТИВДИК КЫЙМЫЛ – (лат. сoperatio – кызматташтык) адамдардын тобу жалпы чарбага (кооперация)  бириктирүү жолу менен, экономикалык турмушту уюштуруунун капитализмге альтернативдүү ыкмасын түзүү үчүн  кыймыл. Артелдик типтеги биринчи кооперативдик ассоциациялар алгач ХVIII к. аягында Англияда, өнөр жай  революциясынын кесепетинен коргоо каражаты катары ун чыгаруу жана нан жасоо өндүрүшүнүн жумушчуларынын  арасында пайда болгон. Ийгиликтүү ишмердүүлүгүнө карабай, бул мезгилдин кооперативдери коомдук аң-сезимге  маанилүү таасир тийгизе албады. Азыркы типтеги К. к-дар ХIХ к. 20-жылдары Англияда пайда болгон. Роберт Оуэн  анын идеялык шыктандыруучусу жана теоретиги болуп калды. Жакырчылыктын себебин жана аны чектөөнүн  каражатын изилдеп жатып, Оуэн өкүм сүргөн түзүлүштүн тынч, ыктыярдуу кайра курулуусунун жана бардык  катмарлардын бошонуусунун мүмкүндүгү жөнүндөгү ойго келген. Ал жеке менчикти жектеп, товар алмашуу менен  байланышкан жана жалпы жыргалчылыкка кызмат кылган децентралдаштырылган өн-дүрүш коомчулугу жөнүндөгү  идеясын өнүктүргөн. Оуэндин идеялары токуучулардын группасы «Рочдейлдик пионерлердин» ишмердүүлүгүндө  өнүккөн. Алар 1844-ж. жетекчиси жана руханий устаты Чарлз Говартс (1814–1868) тарабынан формага келтирилген  принциптерде керектөөчүлөрдүн кооперативине биригишкен. Принциптери: товарлар дүң эмес, рыноктук баа боюнча  сатылган; кирешенин бөлүгү пайщиктердин ортосунда тең бөлүштүрүлгөн; ал эми башка бөлүгү жолдошчулуктун  социалдык фондун түзүүгө сарпталган. К. к-дын Европада өнүгүшү эки жол менен жүргөн; өндүрүштүк жана  керектөөчүлүк кооперациялары. Керектөөчүлүк кооперациясынын ийгилиги ачыктан ачык көрүнүп турган учурда,  өндүрүш кооперациясы эзүүнүн идеологдорунун үмүтүн актаган жок. Айыл чарбалык коммунналар – өндүрүш  кооперациясынын бүткөн формасы – же узакка созулган эмес, же экономикалык эффективдүү болгон эмес. Бул айрыкча  күч колдонулуп уюштурулган коммуналар үчүн мүнөздүү. Ар бир айрым чарба белгилүү өлчөмгө жетээри менен  кооперативдик идеологиянын негизи теңчилик – өндүрүштүн андан аркы өнүгүүсүн кармап жаткан факторго айланган.  Кооперативдик социализмдин теоретиги Э. Бернштейн өн-дүрүштүк кооперативдерди чарба жүргүзүүнүн  капиталистикке чейинки жөнөкөй формаларына кайрылуу катары караган. Британ тарыхчылары С. жана Б. Веббдер  өндүрүштүк кооперациянын жактоочуларынан болбосо да, келечектеги коомдон ага орун беришкен. Алардын ою боюнча  өндүрүштөгү бирдиктүү эмгек адамдардын белгилүү тиби үчүн кызыктыруучу болуп эсептелинет. ХХ к. башында  кооперативдик социализмдин концепцияларынын түрдүү модификациясын иштеп чыгышкан: Францияда – Ш. Жид, Э.  де Буан, А. Доде Бансел, Е. Пуассен, Б. Лаверн, Ирландияда – Г. Рассел, АКШда – Дж. Уорбас, Германияда – Райфатзен,  Гааз, Россияда – А. Чаянов, М. Туманов-Барановский, М. Лозовский, В. Гиотомианц. Социалисттик ойдун айрым багыты  катары К. к-дын теориясы кооперацияны экономикалык эффективдүү өндүрүштөн капиталисттик формасы менен  бөлүштүрүүнүн өркүндөлбөгөндүгүнүн ортосундагы карама-каршылыкты четтетүүнүн каражаты катары карайт.

К. к.  Европада айрыкча бийликте узак убакыт социал-демократтар турган мамлекеттерде – Швеция, Австрия, Финляндия,  Дания, Норвегияда таркаган. Кооперациянын өнүгүүсү социал-демократтык партиялар тарабынан реформалоонун жана  таптык конфликттерди чечүүнүн стратегиялык жана эффективдүү ыкмасынын бири катары каралат. Италия, Голландия,  Канадада да кооперативдик чарбалар аз эмес. Бир катар өлкөлөрдө кооперативдик партиялар аракеттенүүдө. 1895-ж. эл  аралык кооперативдик алянс түзүлгөн жана ал дүйнөнүн 72 өлкөсүнө 500 млн. адамды бириктирет (1986-ж.). Ошого  карабай Батышта К. к. кризиске учураган. Алсыз коомдук топторду социалдык коргоонун формасы катары түзүлгөн  кооперативдер Батышта өз маанисин жоготууда. Азыр ал топтор жашоо деңгээлинин жалпы жогорулашынан улам,  мурдагыдай күчсүз эмес. Россияда жана КМШ өлкөлөрүндө иш башка. Бүгүнкү күндөгү кооперативдердин негизги  проблемаларынын бири – кооперативдик идеалдар жана иштин коммерциялык жагынын ортосундагы тең  салмактуулукту сактап калуу. Кооперативдик принциптер коммерциялык ишканалардын башкы максаттарына –  капиталды тартуу жана киреше алууга дал келбейт. Кооперативдердин көпчүлүгү майда жана орто ишканалар. Аларга  экономикалык проблемаларды чечүүгө тажрыйба жана капитал жетишсиз. Кыйынчылыктарга өндүрүштүк гана эмес,  керектөөчүлүк кооперативдери да дуушар болууда. СССР кулагандан кийин пайда болгон суверендүү жана көз  карандысыз мамлекеттердин ортосундагы мурдагы экономикалык тыгыз байланыштын үзүлүшү алардын ар бириндеги  К. к-дын өнүгүшүнө олуттуу кыйынчылыктарды пайда кылды.

Досторуңуз менен бөлүшүүнү унутпаңыз (ツ)