КУЛ – кожоюндун жеке менчигине айланган, бардык укугунан ажыраган адам. К. ээлеринин буюму катары эсептелген. К-дун ээси аны сатып жиберүүгө, өлтүрүп салууга укуктуу болгон. Кыргыздардын арасындагы К-дар негизинен атабабасынан бери кул-күң болуп келгендерден, бай-манаптын кызматындагы күңдүн балдарынан, калыңга келгендерден, жоодон туткунга түшкөндөрдүн, ата-тегин билбеген тексиздерден, сатып алгандардан турган.