КЫРГЫЗДАРДЫН ДИНИЙ ИШЕНИМДЕРИ

Кошкон | 27.07.2017
Кыргызстанда патриархалдык феодалдык мамилелердин үстөмдүк кылып келиши элдин рухий турмушунда диндин маанилүү орунду ээлешине себеп болгон. Кыргыздардын официалдуу дини ислам болуп эсептелсе да, ал элдин диний түшүнүктөрүнүн толук мазмунун түзгөн эмес. Анын үстүнө мусулманчылык менен катарлаш диндин алгачкы формаларынын калдыктары да кыйла даражада сакталып келген. Азыркы Кыргызстандын аймагында исламдын таралышы IX-XIIк. таандык. Кыргыздар алгачкы диний ишенимдерин XVI к. чейин гана эмес, андан кийин да узак убакыттарга чейин кармап келишкен. Осмон түрктөрүнөн чыккан Сейфи (XVI к.) кыргыздарды «мусулман да капыр да болгон эмес» деп жазган. Махмуд ибн-Вели (XVII к.) кыргыздарды капырлар деп атап «алар өлкөгө өзбектердин келиши менен мусулман болуп калышы ыктымал» деген. XVII к. ТенирТоолук кыргыздарга жунгарлардын бир катар кол салууларынын мезгилинде кыргыздардын бир бөлүгү мусулман калкы жашаган Фергана өрөөнүнө жана ага тутумдаш тоолуу райондорго оошуп отурукташуусуна байланыштуу мусулман дини кыргыздарга кеңири тарала баштаган. Жаны чөйрөдө кыргыздар жаны динди да тез кабыл ала баштайт. Бирок Жуңгар хандыгы кулагандан кийнн кыргыздардын мурдагы жашаган жерлерине кайтып келиши менен алардын мусулмандашуу процесси кайрадан солгундаган.

Кыргыздардын арасында ислам дининин өтө кеңири таралышы Кокон хандыгынын учуруна туура келет. Анткени, динди таратуу Кокон башкаруучуларынын саясатынын бир бөлүгү болгон. Кыргызстандын аймагындагы стратегиялык мааниси бар жайларда чептер курулуп, мечиттер салынып, кокондук молдолор мечиттерди тейлей баштаган. Бирок кыргыздардын диний турмушунда мечиттин ролу чектелген абалда болду. Анткени, мечиттер көбүнчө чеп ичинде курулуп, ал эми кыргыздар болсо алардан оолагыраак көчүп жүрүүгө аракет кылышкан. Ошого карабастан XIX к. кыргыздар маңызын терен түшүнбөсө да, исламдын негизги ырым-жырымдарын өздөштүрө баштаган.

Исламга чейинки коомдук өнүгүүнүн ар түрдүү баскычтарынан калган диний ишенимдер каада-салттарда ислам менен бир катарда, айрым учурларда ага аралашып жашап келген. Кыргыздардын көз карашында диний ишенимдердин мурдагы калдыктарынан сакталып калган эңалгачкы формаларынын арасында тотемдик (ыйык) түшүнүктөр да болгон. Ал боюнча айрым уруктардын же уруулардын келип чыгышы жагынан кээ бир айбанат, канаттуулар менен тукумдаш (бир кандаш) деген идеяга негизделип, ошолордун сөөктөрүн, канаттарын жана башка мүчөлөрүн ыйыкташтырууга алып келген. Түндүк кыргыздардын бир чоң уруусунун «бугу” деп аталышы, ага байланыштуу бир катар ишенимдердин болушу кыргыздардын бүгүнкү күндө да өздөрүнүн түпкү теги катары айрым бнр жаныбарларды урматтаганын айгинелейт.

Буга бүркүт, карышкыр, тоо текени урматтоо жөнүндөгү кеңири жайылган ишенимдерди да байланыштырууга болот.

Ошону менен катар, кыргыздар зороастризмдик мүнөздөгү ишениыдерге ылайьж кээ бир айбанаттарга да сыйынышат. Мындай урматтоолордун объектиси мифтик ак тайлак, ак илбирс, жылан, үкү, аюу ж. б. болгон. Кыргыздардын диний түшүнүгүндө маанилүү орунду табияттын көрүнүштөрүнө табынуу ээлеп, алардын эн эле байыркысы асманга-теңирге сыйынуу болгон. Кыйынчылык учурунда кыргыздар асманды карап: «Теңир колдой көр»деп тилек кылып суранышкан. Жаштарга бата бергенде же кимдир бирөөнү жакшы тилек менен алкаганда «Теңир жалгасын», ал эми кнмдир бирөөнү каргаганда «Теңир урсун» дешкен. Кыргыздар асманды кудай катары баалоо менен бирге, Айга, жылдыздарга да табынышкан. Табиятка сыйынууда тиричиликтин башаттары катары Жер менен сууга табынуу да маанилүү орунду ээлеген. Кыргыздар бүткүл жер бетин, «жер-сууну» жараткан катары көрүшкөн. «Жер-сууга» сыйынууда курмандыкка мал союу да эң байыркы ырым-жырымдардын бири болгон.

Кыргызстандын Түштүгүндө жашаган эл эн байыркы замандан эле Сулайман тоосун ыйык тутуп, ага сыйынып келген. Ислам дини чыккандан кийин бул тоо Фергана чөлкөмү үчүн экинчи Меккеге айланган. Түндүк Кыргыздардын эли Кочкор өрөөнүндөгү «Кочкор-Ата» тоосуна сыйынып, ал жер ыйык маэарга айланган. Кыргыздардын тоо, көл, булак, дарак, ашууларды ыйык тутуусу чарбачылыкка көчмөн турмушка байланыштуу келип чыккан. Табияттын көрүнүштөрүнө сыйынуунун укумдан-тукумга калып келген элементтери отко сыйынуудан < коломтого сыйынуудан» көрүнөт. Ал коломто менен байланышкан үй-бүлөлүк турмуштук ырым-жырымдарды жана байыркы түркчө түшүиүктөгү Тенирдин жары Умай Энеге сыйынуунун калдыктарын бириктирген.

Жаратылыштын күчтөрүнө сыйынуу, мисалы: «обо» асман, көктүн, жер, таштын, бардык нерселердин «ээси» бар деп эсептөө дагы исламга чейинки диний ишенимдердин арасынан өзүнчө бир көрүнүш катары кароого болот.

Кийинчерээк, азыркы мезгилде деле, байбичелер бала-бакыраны эмдеп, жүрөгүн көтөрүп, бешикке салганда: *Менин колум эмес Умай Эненин колу», деп ырымдап айтканы кездешет.

Шаман дини жана дарылоонун ага байланышкан түшүнүктөрү, ыкмалары кыргыздардын көз карашында маанилүү орунду ээлеп, алардын турмуш-тиричилигинде бекем сактальга келген. Шаман эркектерди «бакшы», ал эми шаман аялдарды «бубү» деп аташкан. Бакшылар ак жана кара болуп, өтө кудуреттүүсү кара бакшы деп эсептелген. Бакшылардын негизги милдети ооруларды, эн башкысы жандуу (нерв) ооруларын дарылоо, «көзү ачыктык» кылуу болгон. Алар «жиндердин» жардамы менен «дарылап», «көзү ачыктык» кылышкан. Бакшылык касиет укумдан-тукумга калат ден эсептелген.

Ата-бабалардын арбагына сыйынуу кыргыздардын исламга чейинки диний көз караштарынын ичинен көрүнүктүү орунда турат. Элдик диний ишенимдерди изилдөөчү археологиялык, этнографиялык жана ошондой эле фольклордук материалдар муну тастыктай алат. Эгерде археологиялык материалдар диндин тарыхынын байыркы мезгилин изилдөөдө жардам берсе, этнографиялык, өзгөчө фольклор, анын ичинде «Манас» эпосу кыргыздардын кийннки мезгилдеги бир топ диний ишенимдери жөнүндө баалуу маалымат берет.

Өлгөн адам жөнүндө жаман пикир айтууга болгон эмес, өлүк коюлган күмбөз, мүрзөлөр «ыйык жерлер» деп эсептелген. Жан-жаныбарлардан садага чабылып, мал союлган.

Бизге белгилүү болгондой ата-бабалардын арбактарына сыйынуунун негизин «ата-бабалардын жаны реалдуу жашайт», деген анимистикалык көз караш түзөт. Ал боюнча ата-бабалардын арбактары өздөрү өлсө дагы, тирүүлөрдүн турмушун байкап, өзүнүн укум-тукумун колдоп турат. Бул сыйынуу коомдук өнүгүүнүн патриархалдык-уруулук коомуна тиешелүү. Себеби бул мезгилде уруунун аксакалдары жогорку сый-урматта болуп, алар өлгөндөн кийин дагы өздөрүнүн уруусундагы адамдардын турмуш-тиричилигинин баарын көрүп, аларды колдоп турат дешкен.

Эпикалык чыгармаларда дагы «арбакка арнап соёлу», «ата-баба арбагы бизди колдой кер», — деген саптар көп кездешет. Кыргыздарда ата-бабанын арбагына сыйынуу өзгөчө орунда тураарын биринчилерден болуп Ч. Балнханов айтып кеткен. Кыргыздар адам өлгөн менен анын жаны түбөлүк жашайт деген бекем ишеничте болгон.

Өскөн ОСМОНОВ — Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мучөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор

Досторуңуз менен бөлүшүүнү унутпаңыз (ツ)





Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *