КЫЗЫКЧЫЛЫК ТОПТОРУ

Кошкон | 06.03.2020

КЫЗЫКЧЫЛЫК ТОПТОРУ – саясий партиялар эмес, бирок Өкмөткө түрдүү ыкмалар менен таасир тийгизүүгө  умтулган индивиддердин топтору. К. т. конкреттүү социалдык топтордун (ишмерлер, фермерлер, аялдар, жаштар,  иммигранттар, диний ж. б.) кызыкчылыктарын ишке ашыруу үчүн түзүлөт. Партиялардан айырмаланып, К. т. шайлоо  кампанияларында, талапкерлерди көрсөтүшпөйт. Алардын аракеттенүүсүнүн башкы ыкмасы ынандыруу,  башкаруучуларга кеңеш берүү болуп саналат. Ошентип, К. т-нун негизги саясий функциясы – түрдүү социалдык  катмарлардын кызыкчылыгын артикуляциялоо. К. т. коомдогу болгон кызыкчылыктардын көп түрдүүлүгүн  (экономикалык, социалдык, идеологиялык, маданий, этикалык, экологиялык, аймактык, тармактык, диний) көрсөткөн  учурда гана өзүлөрүнүн функцияларын эффективдүү аткарышат. Мындай кызыкчылыктарды көрсөтчү чечимдерди  кабыл алууга таасирин тийгизет, бийлик органдары муктаж болгон маалыматтардын агымын жана колдоолорду камсыз  кылат. К. т-нун Г. Алмонд жана Г. Пауэлл тарабынан иштеп чыгарылган типологиясы кеңири жайылган. Алар К. т-ун  уюштуруу жана адистештирүү даражасы боюнча төрт типке бөлүшөт: аномисттик топтор (стихиялуу жана узак убакытка  созулбаган, көбүнчө күч колдонуу аракеттери менен чыгышат, мис., демонстрациялар, митингдер), ассоциативдик эмес  топтор (диндик, туугандыктын ж. б. негизинде тү-зүлгөн формалдуу эмес, туруксуз, ыктыярдуу эмес бирикмелер),  алардын уюмдары жок; институционалдык К. т. формалдык уюмдар, мисалы, областтардын же республикалардын  өкүлчүлүктөрү, армия же чиркөөнүн администрациялык мекемелери; адистештирүүнүн жана уюштуруунун жогорку  деңгээлине ээ ассоциативдик К. т. (кызыкчылыктарды артикуляциялоого, адистешкен ыктыярдуу уюмдар, мисалы,  профсоюздар, ишкерлердин бирикмелери, этностук ассоцияциялар, граждандык укук үчүн күрөшүүчүлөрдүн топтору).  Бардык К. т. таасир тийгизүүнүн белгилүү ресурстарына ээ. Алардын ичинен эң маанилүүлөрү – сандык составы жана  уюму. Уюмдун масштабы чоң мааниге ээ, бирок башка факторлор же ресурстар менен компенсацияланышы ыктымал,  мисалы, уюмдук биримдиги менен формалдуу уюштуруу жана биримдүүлүктүн элементтери болбогон  ассоциацияланбаган топтор дегинкиси анча күчтүү эмес, алардын саны көрсөткөн эффектине адекваттуу эмес. Экинчи  башка ресурс -менчикке ээ болуу же экономикалык бийлик. Өнөр жайы өнүккөн өлкөлөрдөгү таасирдүү экономикалык  топтор үчүн мүнөздүү.

Бизнести сунуш кылган К. т. жумушчу орундарын түзүү же кыскартуу мүмкүнчүлүгүнө жараша,  жетектөөчү профсоюздар – иш таштоолордун жардамы менен экономикага таасир тийгизүү аркылуу башка топтор –  келишим түзүүгө колдонула турган акчалардын жардамы менен таасир тийгизе алышат. Маалымат, квалификация,  тажрыйба сыяктуу ресурстарга да маанилүү ролдор тийиштүү. К. т. Өкмөткө эффективдүү саясатты иштеп чыгаруу үчүн  зарыл болгон маалыматтарга жана тажрыйбага ээ. Саясатка таасир тийгизүү үчүн алардын лидерлери, кесиптик  кадрлары жана лоббистери бар. Керек болгон билимге жана даярдалган эксперттерге ээ болуу менен К. т. саясий  суроонун чечилиши татаал техникалык проблемаларды талап кылган учурда өзгөчө таасирдүү болушат. К. т. өз  талаптарын билдирүүнүн ыкмалары менен өзгөчөлүктөрү: талаптар ачык же бүдөмүк болуусу мүмкүн; абалды оңдоонун  каражатына эмес кандайдыр бир канааттанбагандыкты көрсөтүүчү так эмес билдирүүлөр, так, ачык, айкын талап (мис.,  минималдык айлык акыны кандайдыр бир процентке көбөйтүү жөнүндө), талаптар жалпы (байларга көбүрөөк салык  салыш керек (же жеке) «күндө керектөөчү азыктарга салык азайышы керек») болушу мүмкүн; кызыкчылыктарды  чагылдыруу бул же тигил шарттар сунуш кылынган сүйлөшүү формасында болушу ыктымал.

Досторуңуз менен бөлүшүүнү унутпаңыз (ツ)