КЫРГЫЗСТАН СОЦИАЛ-ДЕМОКРАТИЯЛЫК ПАРТИЯСЫ

Кошкон | 06.03.2020

КЫРГЫЗСТАН СОЦИАЛ-ДЕМОКРАТИЯЛЫК ПАРТИЯСЫ С. Д. П. Кыргыз Республикасындагы саясий  партиялардын бири. Уюштуруу съезди 1993-ж. 25-сентябрда болгон. Мамлекеттик каттооодон 1993-ж. 19-октябрда  өткөн. СДПнын негизги максаттары – республикада социалисттик жана капиталисттик системалардын жакшы жактарын  пайдаланууга негизделген жогорку жашоо деңгээли бар чыныгы демократиялык, укуктук, граждандык коомду куруу.  Демократиялык коомдун СДП таянган негизги баалуулуктары: гуманизм, прогресс, эркиндик, адилеттик жана социалдык  коргоо. Саясий экстремизмди пайда кылуучу ар кандай революциячыл идеологияга каршы. Рыноктун инфраструктурасы  жана укуктук негиздери түзүлгөнгө чейин коомдук жана экономикалык иштерге мамлекеттин жеңил кийлигишүүсүнө  СДП жол берет. Бардык областтарда жана региондордо СДПнын баштапкы уюмдары бар. 1994-ж. 24-сентябрда СДПнын  П съезди болуп, анда партиянын аракеттеринин программасы кабыл алынган. 1994-ж. 22-октябрдагы баштапкы  деңгээлдеги жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоого СДП жигердүү катышкан. 1995-ж. 5-февралдагы СДП  көрсөткөн талапкерлердин ичинен адам Жогорку Кеңештин депуттарын шайлоодо депутат болуп шайланышкан: А. Ш.  Атамбаев, М. М. Айбалаев, Ж. Казакбаев, К. Идинов, М. Мамасаидов, А. Н. Марышев, Б. Нурунбетов, И. Ш. Өмүркулов,  Ш. Садыбакасова, Э. Төрөбаев, Ж. Төлөбердиев, Т. Анаркулов, А. Э. Эркебаев – Эл өкүлдөр жыйынына, Р. А. Ачылова,  Ж. Б. Бокошев, Ж. Жоробеков, Б. Журсаев, А. Кадырбеков, М. Ш. Чолпонбаев, И. Д. Кадырбеков — Мыйзам чыгаруучу  жыйынга.

СДПнын жетекчи составында беш тең төрага бар. Партиянын Координациялык Кеңешинин биринчи  Координатору Ж. Ибраимов болуп, ал эми 1994-ж. февралынан координаторлукка Атамбаев А. Ш. шайланган.

Досторуңуз менен бөлүшүүнү унутпаңыз (ツ)