КЫРГЫЗСТАНДАГЫ САЯСИЙ ПРОЦЕСС

Кошкон | 06.03.2020

КЫРГЫЗСТАНДАГЫ САЯСИЙ ПРОЦЕСС. Учурдагы татаал саясий процесстерге мүнөздөмө берүү, баа берүү,  кыргыз коомчулугу тарабынан ар түрдүү, көп учурларда карама-каршы ой-пикирлерди пайда кылууда. Саясий  аморализм саясий турмуштан өз ордун таап, калыптана башташы – өлкөдөгү демократиялык өзгөрүү-лөрдүн башкы  белгилеринин бири. Коомдук пикирди толугураак берүү максатында К. с. п-ке эки түрдүүчө түшүндүрмө берүү ылайык.  Биринчиси – официалдуу, экинчиси официалдуу эмес, бирок коомдук пикирде өзүнчө бир багытка ээ болуп калган  түшүнүк-төр. 1. Өз алдынчалыкка жана көз карандысыздыкка жетишүү менен Кыргызстан тоталитардык саясий  режимден демократияга, борбордук-пландоо экономикасынан социалдык-багытталган рынок экономикасына өтүү жолун  тандап алды. Кыргыз Республикасы 1993-ж. 5-майда кабыл алган жаңы Конституцияга ылайык демократиялык  республика деп жарыяланды. Максаты укуктук мамлекетти жана граждандык коомду куруу. Мамлекеттик бийликтин  бардык үч бутагы – мыйзам чыгаруучу, аткаруучу жана сот бийликтери өз алдынча иш алып барууда. Калктын аңсезиминде рынок экономикасына жана демократияга карай гиганттык бурулуш болду. Көпчүлүк граждандар бийликке  карата «жетеленүү», «балапандай ооз ачуу» мамилесинен кутулуп, өзүнүн күчүнө ишенүүгө өзүнүн чыгармачыл жана  ишкердүүлүк жөндөмдүүлүгүн арттырууга өттү. Чет элдик жана ички инвесторлордун көбүйүшү буга мисал. Советтик  системадан калган мамлекеттик ишканалар менен иштегенге караганда, жеке менчик ишкерлер менен иштөөнү  инвесторлор толук колдошот. Ошондуктан Кыргызстандагы өнөр жай жана айыл чарба ишканаларынын дээрлик  көпчүлүгү, ал эми соода жана тейлөө ишканалары толугу менен приватташтырылды. КМШ өлкөлөрүнүн ичинен  биринчиден болуп улуттук валюта – сом киргизилди. Сом эң бир бекем валюталардын бирине айланууда. Кыргыз  сомунун АКШ долларына карата катнашы эки жылдан бери бир калыпта кармалууда. Инфляция салыштырмалуу түрдө  төмөнкү деңгээлде. 1994-ж. баа бар болгону 3,3 эсе өскөн, «ал эми 1993-ж. –10,8, 1992-ж. – 14 эсени түзгөн. Калктын аз  оокаттуу бөлүгүн колдоо программасы иштелип чыгып, мамлекет тарабынан аларга адрестүү жардам көрсөтүлүүдө.  Акыркы жылдарда болуп өткөн шайлоолор жана референдумдар, алардын жыйынтыктары калктын саясий аң-сезимин  жана саясий маданиятынын тез аранын ичинде болуп көрбөгөндөй көтөрүлүшүнө мисал. Саясий жана экономикалык  реформанын кыйын кезеңи өтүп, эми алдыга өнүгүүнүн алгачкы белгилеринин пайда болушуна толук шарттар түзүлдү.  2. Иштелип чыккан жана колдоого ээ болуш үчүн коомчулуктун кеңири катмарына жеткирилген программасы жок  болгондуктан Кыргызстандын кандай коомдук түзүлүштү, демократиянын кандай моделин курууга аракеттенип жатканы  абстрактуу маселе. Ушундан улам, бүгүнкү мезгилди өткөөл мезгил деп аташ кыйын. Кандай коомдук түзүлүштү курууга  өтүп жатабыз? — түрк моделиндеги капитализмгеби, же швейцариялык социализмгеби, япондук монархиялык  тоталитаризмгеби же америкалык полиархиягабы? Айтор К. с. п-тин өнүгүүсүнө терең структуралык кризис мүнөздүү.  Жаңы идеологиялык ар кандай ураандарга жамынып алып, Кыргызстандагы мамлекеттик жогорку бийликтегилер  коомдук түзүлүшүн авторитардык формасын орнотууга багыт алып жатышкандай. Мамлекеттик бийлик элдин  жыргалчылыгы үчүн эмес, тескерисинче, элдин байлыгын талап-тоноо (приватташтыруу), мыйзамдарды одоно бузуу  аркылуу пайда табуу, бийлик абалынан пайдаланып байлык топтоо үчүн иштеп калды. Кылмышкерлик менен коррупция,  кошоматчылык менен паракорчулук күчөп кетти. Элдин демократияга болгон, мыйзамдын күчүнө болгон ишеними күн  сайын азаюда. Бийликтин кризиси эмес, бүгүнкү күндө, кризистин бийлиги, баш-аламан, зордук-зомбулуктун бийлиги  өкүм сүрүүдө. Илгери уруу билермандары карапайым элден бөлүнүп турган сыяктуу, бүгүнкү бийлик коомдон өзүнчө  обочолонуп, бөлүнүп баратат. Коомго карата бийликтин автономиясы түзүлүүдө.

Мамлекеттеги курч карамакаршылыктардын бийлик менен коомдун ортосундагы мейкиндикке өтүп кетүү коркунучу бар. Бийликтен четтетилген  кыргыз коомунда бүгүнкү күндө он төрт саясий партия жана жүздөгүн коомдук уюмдар бар. Бирок, бул көп  партиялуулук бийликке эч таасир тийгизе алган жок. Бул партиялар Батыш өлкөлөрү эчак өткөн моделдерди кабыл  алып, өздөрүнүн күчсүз экендиктерин көрсөтүүдө. Кыргыз Республикасынын тышкы карыздарынын күн санап көбөйүп  баратышы Африка жана Латын Америкасындагы өлкөлөрдөн аянычтуу тагдырын көз алдыга элестетет. Өнүккөн Батыш  жана Чыгыш өлкөлөрүнөн алган карыздарды жана ал карыздардын жылдык проценттерин төлөө үчүн жыл сайын  Кыргызстандын улуттук кирешесинин 50%ке жакыны сарпталышы күтүлүүдө. Мунун өзү Кыргыз мамлекетинин саясий  жана экономикалык көз карандысыздыгын жоготуп алууга алып келиши мүмкүн. Карыз берген бай өлкөлөрдүн  Кыргызстандын мамлекеттик бийлигине койгон саясий жана экономикалык шарттары, алардын эксперттеринин  көзөмөлү астында жүргүзүлүп жаткан менчиктештирүү процесси бүгүнкү күндө, өнүккөн айыл-чарбасын толук кыйроого  алып келди. Өнөр жайы, ири завод-фабрикалар иштебей токтоп калды, жумушсуздук күч алды, социалдык чыңалуу  чегине жетти. Бул кыйынчылыктардан улуттун кызыкчылыгы үчүн, илимий жактан иштелип чыккан, Кыргыз руханий  өзгөчөлүгүн сактап калууга багытталган жана ага таянган коомдун бардык сфераларын чечкиндүү модернизациялоо жана  терең реформаны жүргүзүү гана чыгармакчы.

Досторуңуз менен бөлүшүүнү унутпаңыз (ツ)