ЛОЯЛДУУЛУК (англ. loyal — убадада турган, берилген) – коом, мамлекет, индивид, түрдүү катмардагы социалдык топтордун өз ара аракетинин саясий-психологиялык маанилүү механизми. XVII к. Англияда Л. деп, революция мезгилинде монархиялык түзүлүштү жактоочуларды аташкан. Негизинен Л. гражданин деп – ак ниет, берилген, мыйзамды сыйлаган индивидди айтышат. Л. феноменинде ички жана тышкы, инсандын социалдык жактарын бөлүп караса болот. Л. термини биринчи ирет социалдык-саясий институттарга, айрыкча мамлекетке карата так аныкталат. Көп өлкөлөрдө Л. сакталат, бирок айрымдарында жалданма жумушчуларды кожоюнга карата мамилеси өзгөргөндөй эле граждандардын Л-ка мамилеси төмөндөп бара жатат.