МАКСАТ ЖАНА КАРАЖАТТАР

Кошкон | 06.03.2020

МАКСАТ ЖАНА КАРАЖАТТАР (саясатта) – саясий ишмердүүлүктүн эффективдүүлүгүн аныктай турган маанилүү  структуралык элементтери. Саясий максат каалаган натыйжанын саясаттын субъектисинин талаптары жана  кызыкчылыгы менен аларды канааттандыруунун шарттарына болгон катышынын элеси катары берилет. Максат – ар бир  айкын саясий ишмердүүлүктүн башталышы эмес, эпицентри, ал анын жөнгө салуу функциясын аткарып, саясаттын  субъектилеринин талаптары жана кызыгууларына ылайык иштелип чыккан келечектеги социалдык-саясий  кубулуштардын моделин калыптандырат. Максат өзү негизги үч компоненттен турат: а) саясаттын субъектисин  кызыктыруучу объекттердин маңызы жөнүндө билүү; б) өзүнүн негизи катары саясий проблеманы кабылдоо; в) саясий  ишмердүүлүктүн натыйжасында келечек жөнүндө болжолдоо. Бир да саясий максаттын белгилүү каражаттарысыз ишке  ашуусу мүмкүн эмес. Саясий каражаттар саясаттын субъектиси, саясий процесстин жүрүшүн текшерүү жана максатка  жетүү үчүн колдонгон ишмердүүлүктүн куралы.

Саясаттын субъектиси алдына койгон максатка жетүү үчүн  пайдалануучу каражаттардын маанилүүлөрү болуп: а) саясий милдеттерди чечүүгө жөндөмдүү ресурстар (материалдык,  адам, маалыматтык, маданий ж. б.); б) субъект тарабынан саясий системага, жалпысынан коомго жана анын түрдүү  бөлүктөрүнө мамлекет, саясий партиялар ж. б. таасир кылуунун эффективдүүлүгүн жогорулатуу максатында түзүлгөн  саясий уюмдар жана мекемелер; в) укуктук жана башка саясий нормалар; г) жалпы саясий максатка карата каражат  болуучу жеке саясий максаттар; д) түрдүү саясий билим (кырдаалды билүү, профессионалдык даярдык), саясий тил,  саясий сөз өзүнө мүнөздүү болгон белгилер – фразеология, терминология, саясий риторика, саясий символика ж. б.  менен; е) массалык маалымат каражаттары (пресса, радио, теле-көрсөтүү), искусствонун (театр, кинематограф,  көркөм чыгармачылык искусство) мүмкүнчүлүктөрү, бардык түрдөгү үгүттөө; ж) коомдук кыймылдар, агымдар жана  алардын чыгуулары – массалык саясий акциялар, митингдер, манифестациялар, чогулуштар ж. б. Саясаттын каражаты  болуп аң-сезимдүү түрдө саясий күрөшкө тартылып жана ошого ылайык саясаттын субъекттери тарабынан белгилүү  саясий максаттарына жетүү үчүн бурмаланган ар бир социалдык кубулуш, ар бир факт эсептелет. Максат менен каражат  бирин-бири өз ара толуктайт. Бирде максат болгон нерсе, экинчисинде каражат жана тес-керисинче болушу мүмкүн.  Мисалы: саясий бийлик саясий ишмердүүлүктүн негизги максаты катары чыкса, ага жетишүүнүн каражаттары болуп  шайлоо, массалык граждандык акциялар ж. б. эсептелет. Бирок саясий бийлик ошол эле учурда саясаттын  субъектилеринин милдеттерин (социалдык-экономикалык ж. б. кызыкчылыктарын) камсыз кылуу каражаттарынын  кызматын аткарат.

 

Досторуңуз менен бөлүшүүнү унутпаңыз (ツ)