МАКИАВЕЛЛИ Николо (1469–1527) – Кайра жаралуу доорунун көрүнүктүү өкүлү, италиялык коомдук ишмер, саясий ойчул, тарыхчы жана аскердик теоретик. Ага карата мамиле ар дайым карама-каршылыктуу болгон: анткени, ал саясий бийликтин механизмин, анын максатын, милдетин, каражат-тарын ырайымсыздык менен жарыя-лаган, ал эми экинчи жагынан, анын ойлору жана максаттары бардык убактарда жана түрдүү абалды пайдаланууга болот деп табылган. Н. Макиавеллинин мурастарына өтө каршы болгондор анын ойлорун, көз караштарын бурмалап, кандайдыр-бир аморалдуу, ырайымсыз нерсе катары көрсөтүү үчүн көп нерсени жасашкан. Спиноза айткандай, бул «акылман адам» белгилүү максатка: бөлүнүүчүлүктү жеңип, бекем, бор-бордоштурулган, унитардык италиялык мамлекетти түзүүгө умтулган.