МАССАЛЫК САЯСИЙ АКЦИЯЛАР эмгек коллективдери, коомдук уюмдар, граждандардын топтору аркылуу көчөлөрдө, аянттарда, калктуу жерлерде ачык же жабык өз оюн, колдоо же нааразычылыкты билдирүү үчүн өткөрүлгөн иш-аракеттер. М. с. а-дын негизги түрлөрү: митинг – граждандардын массалык чогулушу, тигил же бул уюмдун ишаракеттерине, коомдук-саясий жашоонун окуя-ларына жасаган мамилелерин чагыл-дырышат; көпчүлүк жүрүштө – бул же тигил коомдук маселелерге көңүл буруу максатында уюшулган адам-дардын массалык кыймылы; демон-страция – адамдардын тобунун коомдук-саясий көңүлүн ачыкка чыгаруу үчүн жүрүш учурунда ураан, плакат ж. б. көрсөтмө каражаттарды пайдалануу менен чыгуу; пикетке чыгуу – граждандардын тобунун өз көз караштарын жана көңүлүн жүрүшсүз көрсөтүү, ачыкка чыгаруу. М. с. а-ды даярдоо тууралуу кабар аларды уюштуруучулар тарабынан жергиликтүү аткаруу бийлигинин органдарына (мэрия, префектура, полиция) алдын-ала, болоордон 10–15 күн эрте билдирилет. Билдирүүдө акциянын максаты, түрү, орду же кыймылынын маршруту, акциянын башталуу жана аяктоо убактысы, катышуучулардын болжолдуу саны, медициналык жардамдарды уюш-туруу ж. б. белгиленет. Билдирүү алган соң бийлик органы жазуу түрүндө датасын жана убактысын бекитет.
Эгерде акция мамлекет-теги адам укугу жөнүндөгү иш кагаздарына каршы болгон болсо, коомдук адептүүлүктүн кабыл алын-ган нормаларына туура келбесе; уюштуруучулардын коомдук тартипти камсыз кылуу боюнча милдеттүүлүгү болбосо; мурдатан жарыяланган акцияга формасы окшош болуп, бир мезгил белгиленсе; ишкана, уюм, мекемелердин кадыресе иштешине реалдуу коркунуч туудурса; жүргүн-чүлөрдүн же башка транспорттун ишин токтотуу зарылчылыгы бол-гондо М. с. а-ны өткөрүү жөнүндөгү билдирүү кабыл алынбоосу мүмкүн. Орнотулган тартипти сактап М. с. а-ны жүргүзүү учурунда мамлекеттик жана коомдук уюмдар, кызмат адамдары жана граждандар ага тоскоолдук кылууга акысы жок. Эгерде билдирүү белгиленген мөөнөттө берилбесе же кабыл алынбаса акциянын уюштуруучулары аны өткөрүүгө укугу жок.