ӨКМӨТ

Добавил | 09.03.2020

ӨКМӨТ аткаруу бийлигинин жогорку органы. Премьер-министр (канцлер, Кеңештин же министрлер кабинетинин  төрагасы), айрым өлкөлөрдө мамлекет башчысы (АКШ) тарабынан башкарылат. Ө-түн мүчөлөрү (министрлер,  мамлекеттик катчылар ж. б.) мамлекеттик башкаруунун мекемелерин жетектешет. Ө. парламент тарабынан түзүлөт же  мамлекет башчысы (монарх же президент тарабынан дайындалат. Өзүнүн составы боюнча Ө. бир партиялуу,  коалициялуу боло алат. Унитардык жана конфедерациялык мамлекеттен айырмаланып, федерациялык мамлекетте  борбордук Ө. ошондой эле федерациянын составына кирген мамлекеттик бирикмелердин (штаттар, провинциялар) Ө.  түзүлөт. Конфедерациялык Швейцарияда федералдык Кеңеш-өкмөт болуп саналат. Ал ар бири бир департаментти  (саясий, ички иштер, юстиция, аскердик, финансылык, экономикалык, транспорттук, энергетикалык)тейлеген жети  федерациялык кеңештен турат.

Президенттик республикаларда Ө-тү президент башкарат. Себеби Ө. парламент эмес,  анын алдында жооп берет. Бул учурда премьер-министр жөн гана администрациялык орун ээлеп калат. Негизги  маселелер боюнча Ө. заседаниелерин президент өзү өткөрөт. Адатта кабинеттин мүчөлөрү президент мүчөсү болгон  партияга таандык. Кабинеттин заседаниелеринин туруктуулугу жана күн тартиби президент тарабынан аныкталат.  Парламенттик республикаларда Ө. парламенттин алдында жооп берет. Бирок бул жобо ар дайым эле колдонула бербейт.  Кээде Ө-түн колунда зор бийлик топтолот (башкача айтканда парламентаризмге каршы «министериализм» системасы).  Айрыкча бул децентралдаштырылган мыйзам чыгаруу аркылуу Ө. норма чыгаруу ишмердүүлүгүнө чагылдырылат.  Жалпысынан Ө. түзүүнүн тартиби, анын составы жана компетенттүүлүгү мамлекеттердин конституциялары же  конституциялык мыйзамдары тарабынан аныкталат.