ӨКҮЛЧҮЛҮКТҮН ПРОПОРЦИЯЛАШ СИСТЕМАСЫ

Кошкон | 09.03.2020

ӨКҮЛЧҮЛҮКТҮН ПРОПОРЦИЯЛАШ СИСТЕМАСЫ шайлоо системасы. Анын негизи катары партия үчүн  берилген шайлоочулардын добушу менен добуш алган мандаттардын ортосундагы пропорциялаш принциби алынган.  Бул системада чоң-чоң шайлоо округдары түзүлөт. Алардын ар биринен бир нече депутат шайланат (округдун чоңдугуна  жараша өкүлчүлүктүн мажоритардык системасына караганда Ө. п. с-нын артыкчылыктары даана белгиленет). Ө. п. с-ы  боюнча жүргүзүлгөн шайлоолордо өкүлчүлүк органдарына талапкерлер жалаң гана саясий партиялар тарабынан  көрсөтүлөт (партиялардын ар бири талапкерлердин тизмесин көрсөтүшөт). Ал эми шайлоочу бул же тигил партиянын  тизмеси үчүн добуш берет. Кээде эркин тизменин жардамы менен шайлоочуларга талапкерлерге карата мамилесин  аныктоого мүмкүнчүлүк берилет (б. а. шайлоочулар партиялык тизмеде өзүлөрү каалаган талапкерлердин  фамилиясынын тушуна белги коюшат). Бул же тигил партиянын мандатынын көлөмүн аныктоо үчүн квота белгиленет.  Квота – бул депутатты шайлоо үчүн зарыл добуштардын эң аз саны. Ал ар бир шайлоо округуна өзүнчө же ошондой эле,  бүт өлкө үчүн жалпы болушу да мүмкүн. Ө. п. с. кеңири жайылган. Аны Финляндияда, Швейцарияда, Швецияда,  Норвегияда, Австрияда, Бельгияда, Австралияда ж. б. өлкөлөрдө колдонушат. Айрым өлкөлөрдө (ФРГ, Россия) бул  система өкүлчүлүктүн мажоритардык системасы менен катар аралаш пайдаланылат.

Мажоритардык системага  салыштырганда Ө. п. с. өлкөдөгү партиялык күчтөрдүн накта катышына ылайык түзүлгөн курамдагы борбордук жана  жергиликтүү мекемелерин түзгөнгө мүмкүнчүлүк берет. Кыргыз Республикасында 1995-ж. 5-февралда өткөн Жогорку  Кеңештин депутаттыгына шайлоолор мажоритардык системага көбүрөөк ылайык ыкмада өткөрүлдү. Көптөгөн чет  өлкөлүк жана жергиликтүү официалдуу байкоочулардын пикирлерине караганда, дегеле көпчүлүк шайлоочулардын да,  депутаттыкка өткөн жана ат салышып өтпөй калган талапкерлердин да пикирине караганда шайлоонун мажоритардык  системасы кыргыз салт-санаасына, дегеле кыргыз менталитетине анча туура келбегендей сезилет. Шайлоо өнөктүгү  жүрүп жаткан мезгилдеги, башкасын айтпаганда да, шайлоочулардын уруу-уруктарга, региондорго, улуттарга ж. б.  бөлүнүшү жана добуш берүү учурунда ушундай терс көрүнүштөрдүн үстөмдүк кылышы буга далил. 1994-ж. б-декабрда  уюшулган конституциялык кеңешменин жыйындарында колдоого ээ болгон шайлоонун Ө. п. с. бүгүнкү күндө  коомчулуктун өкүлдөрү, саясий партиялардын жана көптөгөн коомдук уюмдардын өкүлдөрү, тарабынан да мыйзам  чыгаруу демилгеси катары колдоого ээ болууда.

Досторуңуз менен бөлүшүүнү унутпаңыз (ツ)