КОКОН ХАНДЫГЫНЫН ПАЙДА БОЛУШУ ЖАНА ӨНҮГҮШҮ

Кошкон | 27.07.2017
Кокон хандыгынын тарыхы боюнча 1709-ж. Фергана өрөөнүнүн борбордук бөлүгүндө (Маргалан чөлкөмүндө) көчмөн феодалдардын жардамы менен Шахрух бий башкаруучу болуп жарыяланган. Санжыра боюнча ал айтылуу Бабурдун урпактарынан болгон.

Бийликке келген Шахрух бий Кокоя хандыгынын негиздөөчүсү болуп калат. Бул жерде белгилей кетчү нерсе XVIII к. башында Коженттин бийлөөчүсү кыргыздын чонбагыш уруусунан чыккан Акбото бий болгондугу тарыхый булактарда маалым. Ал Шахрухтун Зейнеп деген кызына үйлөнүп, Кокон амирлигинин негиздөөчүсүнүн күйөө баласы болгон. Көчмөндөрдүн салтында күчтүү бийлөөчү гана башка бий атаандашынын кызын аялдыкка алуусу шарт экендиги маалым. Мындан биз Шахрухтун бийликке келишине Акбото бийдин чон жардамы тийгендигин божомолдосок болот.

Кокон хандыгын негиздеген Шахрух бий 1721-ж. дүйнөдөн кайткан. Анын ата-бабалары XVI к. башынан бери миң уруусунун расми бийи аталып келишкендиктен, кийинки адабияттарда, айрыкча, советтик тарыхнаамада Кокон хандыгын негиздегендер көчмөн өзбектердин миң уруусунун бнйлерн болгои, ошого байланыштуу « Кокон хандыгы өзбектердин хандыгы» деген түшүнүк калыптанган.

Чынында 1709-ж. тартып 1800-ж. чейин өзүлөрүн бий деп атап келишкен Кокон башкаруучулары ата жагынан тимурий, ал эми эне жагынан миңдер болуп чыгышат. Кокон ханы Алим хаидыи (1800-1809-жж.) тушунда калыптанган генеалогиялык санжыра тимурнд тукуму Алтын Бешикти асырап алышкан миңдердин, кыргыздардын, кыпчактардын жаяа жүздөрдүн аталышы. Алардын Фергана чөлкөмүндө XVI к. баштап эле саясий чөйредө тең аталык укукка ээ болгондугунан кабар берет. 1709-1876-жж. өкүм сүргөн Кокон мамлекетинин өнүгүүсүн үч доорго бөлүп кароо ылайыктуу. Алар төмөнкүлөр:

  1. 1709-1800-жж. Кокон мамлекетинин түптөлүшү. Бул мезгилде Кокон амирлиги өз алдынча мамлекет катары саясий-административдик жактан калыптаньш бүткөн, социалдык-экономикалык жактан чыңалган. Фергана чөлкөмү Кокои мамлекетине биротоло бириккен.
  2. 1800-1840-жж. Кокон хандыгынын өнүгүшү жана гүлдөө мезгили. Кокон мамлекети саясий-административдик жактан күчтүү өнүгүп, ички-тышкы саясаты чыңалган. Фергана өрөөнүнун экономикалык абалы бекемделген. Кокон хандыгы Фергана өрөөнүнөн сырткары жактарды караткан.
  3. 1842-1876-жж. Кокон мамлекетиндеги социалдык-саясий кризистердин күчөшү жана хандыктын кулашы. Бул мезгилде социалдык, феодалдык жамааттар аралык карамакаршылыктардын өсүшү, мамлекеттик түзүлүштүн бошондошу, борбордук бийликтиы феодалдык эзүүсүнүн күчөшү, саясий кризистерге, элдик көтөрүлүштөргө алып келген. 1873— 1876-жж. элдик кыймыл Кокон мамлекетин биротоло кулаткап. Ошонун натыйжасында Фергана өрөөнүн орус колонизаторлорунун каратып алышына ыңгайлуу шарт түзүлгөн.

1741-1750-жж. Фергана өрөөнүнө калмактар бир нече жолу басып киришкен. Мындай тышкы коркунучтун мезгилинде Кокон Кыргыз союзу түзүлгөн. Кокон бийи Абдукарим, Оро-Төбөнүн акими Фазыл бий Ферганалык кыргыздар жана кыпчактар менен бирдикте калмактарды Ферганадан кууп чыгышкан. Айыгышкан күрөш айрыкча Аксы тарапта болгон. Бул жерде кутлуксейит уруусу калмактарга активдүү каршылык көрсөткөн.

Фергана аймагынын Бухара хандыгынын карамагынан биротоло бөлүнүп чыгышы Ирдана бийдин (1751-1770-жж.) ишыердиги менен байланыштуу. 1754-ж. Бухара эмири Мухаммед-Рахим, Кокон эгеси Ирдана бий жана кыргыздын кушчу-мундуз урууларынын улугу Кубат бий тен укуктуу тектүү шериктер катары Оро-Төбөгө чогуу жортуул уюштурушкан. Кубат бий Ирдананын оң колу делип эсептелген.

Гиссардын беги Мухаммед Эмин-бий айла-амал салып алардын ортосуна от жагат. Айлакер бектин көксөгөн максаты ишке ашып, көп өтпөй шериктер бири-биринен кол үзүп, туш таралка кетишет. Ошол кезде кушчу уруусунун журту Анжияндын айланасындагы, кеңири өрөөндү кучагына алган. Ирдана менен мамилени үзгөн сон Кубат бий өз алдынча элдин улугу, мырзалардын чыгааны катарында ак тоолук кожолор тарабында Кашкардагы саясий окуяларга катышат. Ал тургай убактылуу Кашгарга аким болот. Кубат бийдин кушчуларды дале болсо бийлеп тургандыгы тууралуу акыркы маалыматтар 1785-ж. таандык. Кубат бий XVIII к. экинчи жарымындагы кыргыз уруу жолбашчыларынын эн атактуусу, ыыктылардын мыктысы, көптү билген көрөгөчү, акылманы катары коңшу элдерге аттын кашкасындай таанымал, кадырыан адаы болгон. Ал өзүнүн кушчу уруусунан тышкары Анжиян-Аксы тараптагы бөлөк урууларга дагы баш-көз болуп, жалпы кыргыз калкы, анын келечеги үчүн кам көргөн. Кубат бий Кокон, Бухара, Кашкар акимдерине эч качан баш ийген эмес, алар менен тең ата катары өз элине өз бетинче сурак жүргүзчү, коңшу өлкөлөр менен каалагандай достошуп, каалагандай касташчу. Анын эр жүрөктүгүн, тайыанбастыгын, албарс кылычтай курчтугун адилет баалаган өкүмдарлар кезинде ага «Бахадур-бий» ысыыын ыйгарышкан.

XVIII к. экинчи жарымында кокондуктарга каршы көз каранды эместик үчүн күрөштө эл башында туруп даңкы далайга кеткен кыргыз мыктыларынын дагы бири Ажы бий (Ажыбек) болгон. Кытайлык географтьш (XVIII к.) жазган маалыматтарына караганда кыргыздардын адыгине уруусунун чыгааны Ажы бийге Бухарадан күн чыгышты көздөй кеңири аймакты жердеген 200 миң кыргыз баш ийчү. Кайсы бир жылы ал эли менен бирге кытай букаралыгына өтмөк болот. Бирок кийин ал мындай ойдон баш тартьш, Алай жана Ош аймактарындагы бардык кыргыз урууларын ынтымакта бийлеп турган. Ал Бухарадан, Стамбулдан билим алган.

1758 ж.   Ирдана бий адыгине уруусунун бийи Ажы ыенен өнөктөш болгон. Мындай өнөктөштүк татаал саясий кырдаалда чон роль ойногон. 1759-ж. кеч күздө кытай жазалоочулары Кашкардагы көтөрүлүшчүлөрдү куугунтуктап Фергананын чыгыш тоо этектерине кирип келишет. Кыргыздардын жана кокондуктардын биргелешкен күчү 9 мин жазалоочунун 7 минин кырып салган.

1759-60-жж.     кытай географтарынын берген маалыматтары боюнча Фергана чөлкөмү Анжиян, Маргалан, Наманган, Кокон вилайеттерине бөлүнүп, ал эми Оро-Төбө, Кожент кээде Коконго, кээде Бухарага баш ийип, ара-чолодо өз алдынча болуп турган. 1755-1758-жж. Цин империясы Чыгыш Түркстанды каратып алгандан кийин Кокон-кытай дипломатиялык байланышы түзүлөт. Ирдана бийдин мезгилинде Фергана өрөөнүндө экономикалык абал жакшырат. Алыксалык системасы тартипке келтирилет. Кокон салыштырмалуу чон шаарга айланып, 1760-ж. мында 20 миңден ашуун түтүн эл жашаган, 4 медресе, караван сарай курулган.

Өскөн ОСМОНОВ — Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мучөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор

Досторуңуз менен бөлүшүүнү унутпаңыз (ツ)





Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *