XIX к. 60-70-жж. КОКОН ХАНДЫГЫНЫН ЖАНА ТҮШТҮК КЫРГЫЗСТАНДЫН КООМДУК САЯСИЙ АБАЛЫ

Кошкон | 27.07.2017
XIX к. 50-жж. башында Кокон хандыгынын саясий абалы өтө начарлап кеткен. Буга ордодогу ич ара чыр-чатактар, кайра-кайра кайталанган козголоңдор, хандардын тез-тез алмашуусу себеп болгон. Мунун натыйжасында Россиянын Фергана өрөөнүн, Түштүк Кыргызстанды басып алышы женилдеген.

Бул жылдары кыргыз эли жана анын билермандары Кокон хандыгынын саясий турмушуна мурдагыдай эле активдүү аралашып турган. Такты үчүн күрөшкөн ханзаадалар да кыргыз, кыпчак феодалдарына колдоо сурап кайрылып турган.

Алсак, ханзаада Малла бек Кудаяр хандан бийликти тартып алуу үчүн алайлык кыргыздардын билерманы Алымбек даткага (1799-1862-жж.) кайрылган. Натыйжада Малла бек Кудаяр хандын аскерлери менен айкапгта жеңишке жетишип, бийликти өз колуна алган (1858-1862-жж.). Малла бек өзүнө көмөк көрсөткөндүгү үчүн Алымбек датканы Анжияндын акими кылып дайындаган.

Алымбек Мадали хандын тушунда эле Кокон хандыгынын саясий турмушуна аралашып, 1831-ж. хандан алайлык кыргыздардын улугу датка мансабын алган. Адыгине уруусунун баргы уругунан чыккан кадимки Ажы бийдин чөбөрөсү Алымбек датка өзүңүн акылмандыгы, эрдиги, калыстыгы жана намыскөйлүгү менен элине барктуу болгон. Ал кокондуктардын эзүүсүнө каршы элдик бир нече кыймылдарды жетектеген. Өзүнүн көрөгөчтүгү менен Алымбек датка түндүк кыргыздары менен алакасын үзбөй, чоң манаптар Ормон хан, Жантай, Жаңгарач, Умөтаалы, Осмон менен карым-катташта турган. Орустар Бишкек, Токмок чептерин алган соң, аларды кайра калыбына келтирүү үчүн келген Канаат-шаанын аскеринин курамында өз кошууну менен Алымбек датка да болгон.

1861 -ж. октябрь айында Узун-Агачтагы орустар менен беттешкенде өзү баштаган колу менен согушка кирбей койгондугу үчүн Малла хан Алымбек датканы өлүм жазасына буюрган. Бул кабарды уккан Алымбек Алайга качып барып, Кокон хандыгына каршы көтөрүлүш уюштурган. Бирок көтөрүлүш жеңилнп кальш, Алымбек датка Теңир-Тоого ооп келпп туруп калат. Аны жазалоого келген Кокон кошуунун бул жактагы кыргыздар талкалаган.

1862-ж. башында хан сарайында кайрадан козголоң уюштурулуп, Малла хан өлтүрүлөт. Анын ордуна Шералы хандын небереси Шах-Мурат хан көтөрүлгөн. Бул жолу төңкөрүшкө активдүү катышкан Алымбек даткага вазир мансабы ыйгарылган. Бирок көп өтпөй бул бийликти аиын атаандашы, кыпчак элинин билерманы Алымкул ээлеген.

Көп өтпөй учурунда Бухарага кире качкан Кудаяр хан Канаат-шаанын жана Бухара эмири Музафардыя жардамы менен 1862-ж. мартта кайрадан бийликке келет. Бирок ал бийликти Бухара эмирдигинин жардамы менен гана кармап турган. 1863-ж. бийликти мындан ары кармоого көзү жетпеген Кудаяр хан кайра Бухарага кетүүгө аргасыз болгон. Упгундан кийин Кокон хандыгындагы бийлик кыргыз, кыпчак төбөлдөрүнүн колуна өткөн. Алар Малла хандын 12 жаштагы өспүрүм уулун хан көтөрүшүп (1863-1865-жж.), ага саясий ишмер хандын башкы кеңешчиси Алымкулду аталык мансабына дайындашкан.

1865-ж. Кокон хандыгынын стратегиялык маанидеги эң ири шаары Тапгкентти орустардын басып алышы үчүн ыңгайлуу кырдаал түзүлгөн. Буга 1865-ж. Бухара эмирдиги менен Кокон хандыгынын ортосунда башталган согуш себеп болгон. Мүмкүнчүлүктү текке кетирбеш үчүн май айында генерал М. Г. Черняев өзүнүн көп сандуу аскерлери менен Ташкентке аттанган. Ташкент үчүн салгылашта кокон аскеринин башында турган Алымкул аталык окко учкан. Үч күнгө созулган айыгышкан салгылашуудан кийин 17-майда Ташкент орустардын колуна өткөн.

Ушундан кийин Кокон хандыгынын бийлиги Фергана өрөөнү жана Памир, Алайдагы кыргыз конуштары менен гана чектелип калат. Ташкентти орустарга тарттырып жиберүү Кокон хандыгынын жеңилишине тете жоготуу болгон. Ошондой болсо да орус төбөлдөрү жортуулду андан ары улантууга, Кокон хандыгын толук каратууга батына алган эмес.

1865-ж. Алымкулдун өлүмүнөн кийин Бекмамат менен Атабектин башчылыгында кыргыз, кыпчак төбөлдөрү 16 жашар Кудайкул бекти (буга чейин ал кур сатып жүргөндүктөн аны Белбакчы хан деп коюшкан) хан көтөрүшкөн. Көп узабай эле Кудаярды ордуна коюуга аракеттенген Бухара эмири Музафар 15-июлда Коконго кирип, Кудаяр хан үчүнчү жолу такты ээлеген.

Ташкентти ээлегенден эки жылдан кийин — 1867-ж. жайында Түркстан областы Түркстан генерал-губернаторлугу болуп кайра түзүлүп, Ташкент анын борбору болуп калган. Ак падыша Александр II Түркстандын алгачкы генерал-губернатору кылып К.П. фон Кауфманды дайындаган. Падыша өкмөтү ага Орто Азия хандары менен өз алдынча дипломатиялык мамилелерди жүргүзүү, согуш жарыялап же тынчтык келишимин түзүү өңдүү кеңири укуктарды берген. 1865-ж. окуялардан кийин кыргыз, кыпчактар Кудаяр хандын эзүүсүнө каршы тынымсыз күрөш башташат. 1867—1870-жж. Алайдагы, 1871-ж. Сохтогу көтөрүлүштөр буга мисал.

Кийинки жылдары да майда көтөрүлүштөр жана толкундоолор Фергананын ар кайсы жерлеринде чыгып турган. Алардын ичинде Алай чөлкөмү толкундоолордун негизги очогу бойдон кала берген.

Өскөн ОСМОНОВ — Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мучөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор

Досторуңуз менен бөлүшүүнү унутпаңыз (ツ)





Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *