КЫРГЫЗСТАНДАГЫ САЯСИЙ АБАЛ ЖАНА КЫРГЫЗ-ОРУС МАМИЛЕЛЕРИ (XVIII к. экинчи жарымы — XIX к. ортосу)

Кошкон | 27.07.2017
Кыргызстанды Россия каратып алар алдында кыргыздарда патриархалдык-феодалдык коом үстөмдүк кылып турган. Тарыхый маалыматтарга таянып XVIII к. аягынан XIX к. ортосуна чейинки мезгилди Россиянын Кыргызстанды каратып алуу өбөлгөлөрүнүн бышып жетилүү баскычы деп карасак болот.

XVII к. экинчи жарымында кыргыз коомчулугу татаал процесстерди башынан кечирип жаткан. Орто кылымдардан бери келе жаткан жоокерчилик замандын кесепетинен болгон ич ара кагылышуулар элди бөлүп жарган тышкы саясий окуяларга байланыштуу кыргыз эли бирдиктүү мамлекеттик түзүлүшкө жетише алган эмес. Бул мезгилде кыргыз уруулары географиялык шартка ылайык бир нече саясий бирикмелердин таасиринде жашап турган. Түштүк кыргыз уруулары (ичкилик, адыгине тобу, мундуз, басыз, кушчу, саруу, багыш, жедигер, саяк ж. б.)Фергана өрөөнүндө илгертен бери алар менен ирегелешип жашап келген өзбек, кыпчак, тажик ж. б. элдер менен бирдикте Кокон мамлекетин негиздөөгө (1709-ж.) жана аны башкарууга багытталган саясий окуяларга активдүү катышып келишкен (Акбото бий, Кубат бий, Ажы бий ж. б.). XVIII кылымдын акыркы чейрегинде Фергана чөлкөмүндө, Памир, Тоолуу-Бадахшан, Оро-Төбө, Жызак, Кожент чөлкөмдөрү Кокон мамлекетине биротоло бириктирилгендигине байланыштуу анда жашаган кыргыздар хандыктын туруктуу калкына айланып калган.

Кыргызстандын түндүк бөлүгү бул мезгилде ар бири өз алдынча бийлик жүргүзүшкөн уруу башчыларынын чон манаптардын кол алдында эле. 1770-ж. Талас, Чүй жана Ысык-Көл кыргыздарына каршы Аблай хандын чабуулунан кийин түндүк кыргыз уруулары 1781-ж. чейин (Аблай хан өлгөнгө чейин) казак султанынын бийлигине ыкрар кылып, бирок 1780-1830-жж. көз карандысыз феодалдык эаликтер катары жашашкан. XIX к. азыркы Чүй областынын аймагында сарыбагыш, солто; Ысык-Көлдө бугу, саяк, сарыбагыш; Нарында моңолдор, черик, басыз, сарыбагыш, чекир саяк, азык; Таласта кушчу, саруу, кытай, жетиген; Жалал-Абадда багыш, мундуз, саяк; Ошто адыгине, мунгуш, найман, тейит; Баткенде төөлөс, оргу, жоокесек, бостон, ават, кесек, канды, тейит, найман ж. б. жашаган. Ичкилик уруу бирикмесине кирген кыргыз уруулары Өзбекстандын, Таджикстандын, Афганстанга кирген Памирдин Кыргызстанга чектеш аймактарында жашашкан. Чыгыш Түркстанда басыз, саяк, чон багыш, төөлөс (дөөлөс), солто, сарт, тейит, найман кыпчак, бугу, черик, нойгут, т. а. ичкилик, он, сол кыргыз урууларынын аз-аздан өкүлдөрү жашаган.

Кыргыздардын түндүк чөлкөмдөрүндө сарыбагыштан Тынай, Атаке, Эсенгул, Ормон, бугудан Карга, Бийназар, Меңмурат, Боромбай, солтодон Түлөберди, Жайыл, Канай, Жаңгарач, саяктан — Садыр хан, Жанболот, Качыке, Тайлак, саруудан Бердике, Туума бий, кушчудан Жетим бий, мундуздан Тыныбек ж. б. өз алдынча бийлик жүргүзүп турушкан.

Саясий бытырандылыкта жашаган кыргыз уруулары ХУШ к. аягында тышкы саясатта бирдиктүү багыт менен аракеттенүүгө мүмкүнчүлүгү жок эле. Түндүк кыргыз урууларынын өз ара келишпес мамилелеринен улам аларга тышкы душмандар такай коркунуч туудуруп турган. Алсак, 17581760-жж. Цинь империясы ойроттордун мамлекетин талкалагандан кийин келген кытай баскынчыларьгаын кыргыз урууларына үстөмдүгүн орнотууга багытталган аракеттери, казак султандарынын түндүк кыргыз урууларына болгон чабуулдары (1760-ж.)» Аблай хандын жортуулу (1770-ж.) ж.          б. окуялар буга далил. XVIII к. аягынан баштап Түндүк кыргыздарга Кокон хандыгы да кысым көрсетө баштаган.

Мындай кырдаал кээ бир кыргыз бийлерин Россия импернясына кайрылууга түрткөн. Алар Россия менен мамиле түзүп, анын колдоосуна ээ болуу менен гана өздөрүнүн бийликтерин, саясий өз алдынчалыктарын сактап калууга болот деп түшүнүшкөн.

Россия менен саясий байланыш түзүү аракетин адегенде Чүй боорунда жашаган сарыбагыш уруусунув бийи Атаке баатыр жасаган. Атаке баатыр көптү билген, өтө кыраакы, акылмандыгы менен эл ичинде чок кадыр-баркка жеткен өз замавынын мыкты адамдарынан болгон. Россия империясына кайрылып ымала кылуу гана злинин өз алдынчалыгын сактаарына ишенген Атаке баатыр өзүнө караштуу кыргыздардын атынан Россияныв борбору Санкт-Петербургга элчи жиберүү жөнүвдө ойго келген. Бул оюн ортого салуу үчүн Атаке баатыр кыргыз элинин он каватывыв курултайын чакырган. Атаке баатырга ал учурда ЧүЙ өрөөвүндө, ЫсыкКөлдө, Кочкордо, Жумгалда, Нарында, Ат-Башыда, ТогузТородо, Кетмен-Төбөдө ж. б, жерлерде жашаган калктардын баары баш ийген.

Курултайдын бардык катышуучулары кыргыз элчилерин Россиянын борбору Санкт-Петербургга жиберүү жөвүвдөгү Атаке баатырдын чечимин бир добуштан жактырышкан.

Россняга бара турган биринчи элчиликке Абдрахман Кучаков жана Шергазы тандалган.

1785-ж. 23-августунда Омскиге келип жеткен кыргыз элчилери Сибирь генерал-губерваторуна Атаке баатырдав кат жава эки аргымак, Екатерина Пге атайын расмий кат, бир кул, үч илбирствн жана беш сүлөөсүндүн терисин тартуулашкан.

Элчиликтин негизги максаты Россиянын колдоосуна ээ болуу, Борбордук Азиядан жана Чыгыш Түркстандан Россияга карай чыккан соода кербендеринин маршрутув өзгөртүп, Кыргызстан аркылуу өтүүсүн камсыз кылуу болучу. 1785-ж. 29-декабрында Петербургга келишкен кыргыз элчплерин,

Екатерина II 1786-ж. 15-мартта гана кабыл алат. Кыргыз элчилигинин башчысы ооруп калып, 1788-ж. 14-сентябрында мекенине карай аттанган. Орус падышасынын элчилерди кабыл алгандыгы жөнүндө Атаке бийге 1787-ж. октябрь айында Омскиден кабарлашкан.

Атахе баатыр биринчи элчилеринин кайтып келишин күтпөй эле, 1788-ж. жайында Омскиге Абдрахман уулу Сатымбай башында турган экинчи элчиликти жиберген.

Россияга барган алгачкы элчилер кыйла кыйынчылыктарды женип, өздөрүнүн милдетин ийгиликтүү ишке ашырышкан. Кыргыздар менен Россиянын ортосундагы туруктуу байланыш түзүлбөсө дагы, кийинки дипломатиялык мамилелердин кальштанышына биринчи кадам жасалган.

Ушундан кийин Кыргыздар менен Россиянын ортосундагы саясий, соода-экономикалык байланыштар өнүккөн.

1825-ж. күзүндө Жыргалан суусунун боюнда бугу уруусунун бнйлери курултайга чогулушуп, Россиянын же Кокондун букаралыгын кабыл алуу маселесин талкуулашат. Курултайда Коконго караганда Россиянын букаралыгына өтүүнү жактагавдар басымдуу көпчүлүктү түзүп, Россияга кошулуу жөнүндө чечим кабыл алынат.

Ысык-Көл кыргыздарывыв ири уруу төбөлдөрүнүн Россия мамлекетинин курамына кирүүгө умтулушунун натыйжасында булардын ортосунда алгачкы дипломатиялык байланыштар жөнгө салынган.

Досторуңуз менен бөлүшүүнү унутпаңыз (ツ)





Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *