ЭЛДИК МУЗЫКАНЫН ӨНҮГҮШҮ

Кошкон | 27.07.2017
Кыргыз эл музыкасы элдин маданиятын, дүйнөгө көз карашын, турмуш-тиричилигин, тарыхын, этностук жана эстетикалык идеяларын чагылдыруучу баа жеткис мурас. Анын тамыры байыркы замандардан башталат. Кыргыз музыкасы жөнүндөгү алгачкы жазуу маалыматтары бир катар адабияттарда кездешет. Кытайдын белгилүү дин кызматкери жана саясатчысы Сюан-Цзан 630-ж. азыркы кыргыз жеринде болуп, жергиликтүү эл жөнүндө: «Мени тосуп алууга арналган той кулакка жагымдуу, жүрөк менен көңүлдүү эргиткен лирикалык күү менен башталды», деп белгилеген. Бирок ушул убакка чейин байыркы кыргыз музыка өнөрү тууралуу кабарлаган буюм, маданият эстеликтери табыла элек. Кыргыз элинин музыкалык фольклору кагаз бетине түшүрүлбөгөндүктөн, искусствонун бул тармагын тарыхый мезгилдерге бөлүү өтө кыйын.

Кыргыздарда өзүнчө музыка теориясы, улуттук музыкалык-поэтикалык өнөр жөнүндө илим, тажик элдериникиндей музыкант-окумуштуулар болгои эмес. Негизинен чыгарма жекече аткарылып, көп үн менен ырдоо жана күүнү ансамбль менен аткаруу салтка айланбаган. Кыргыздарда айтышуу ыкмасындагы аткаруу кеңири тараган. Ыр бир үн менен аткарылып, аспаптык музыкада комуздун жана кыл кыяктын эки кылынын жардамы менен эки-үч добуштуу үндөштүк жаралган. Фольклор оозеки түрдө гана жашап, ал эми эл музыканы жаттап алуу жолу менен бири-биринен үйрөнүшкөн. Ошондуктан тигил же бул музыкалык чыгарманы аткарган адам аткаруучу гана эмес, ошол күүнүн жаңы вариантын жаратуучу да болуп калган. Ыр-күүлөрдүн мындайча таралышы элдян музыкалык ан-сезиминин өзгөчө бир түрдө калыптанышын жана өнүгүшүн шарттаган.

 

Кыргыздын музыкалык өнөрүн комузда, кыякта (кыл кыяк), темир (жана жыгач) комузда, чоордо, сыбызгыда ж. б. аспаптарда ойноп, күү чыгарган өнөрпоздор байытышкан.

Салттык кыргыз күүлөрүнүн ичинен «Камбаркан», «Кет Бука», «Ботой», «Кербез», «Шыңгырама» сыяктуу кылым карыткан күүлөрү бүгүнкү күнгө чейин жеткен.

Кыргыз күүлөрүндө элдин турмушундагы орчундуу окуялар, жашоо-турмушту, дүйнөгө болгон көз карашты чагылдырган философиялык ой толгоолор камтылган. Кыргыздар байыртадан эле күү угуп, өксүгөн көңүлдүн бөксөсүн толтурушкан, чаялыккан жаиына кубат алышкан. Жан кейкгенде, арман жүрөктү эзгенде күүгө кулак төшөп көкүрөгүн тазартышкан, рух оорусун күү менен дарылап келишкен.

Кыргыз элинин байыркы музыкалык аспаптарынын бүгүнкү күнгө чейин сакталып келген негизги өзгөчөлүгүнүн бири бул алардын бир эле мезгилде күнүмдүк турмушта, ырым-жырым, үрп-адаттарында ж. б. кеңнри колдонулуп келгендигинде,

Ал аспаптардын сырткы түзүлүшүнө, жалпы көрүнүшүнө элибиздин социалдык, чарбалык карым-катнашы, улуттук бөтөнчөлүгү, эстетикалык, философиялык көз карашы, көркөм өнөрдү баалай билүүсү өз таасирин тийгнзбей койгон эмес.

Комуз кыргыз элинин чертме кылдуу музыкалык аспабы. Турк элдеринде тартма, кылдуу жана какма аспаптарынын кобус (хобус) комыс, кобус (хомуз), кумуз деп аталган аспаптары бар. Бул комуздун эң байыркы музыкалык аспап экенин далилдейт. Комуз өрүк, алмурут, карагай, арча, жапан тал, өңдүү экме жана жапайы жыгачтардан чабылат. Жалбырактары күбүлгөн жана мөмөсү бышкан кезде кыйылган жыгач сомдолуп, сууга кайнатылып, анан ышталган. Комуз: баш, моюн, тулку, чара, капкак, тепкек, үч кулак, үч кылдан түзүлөт.

Кулагы өрүктөн, арчадан же мүйүздөн жасалат, ал эми кылы көбүнчө эки тиштүү кыргыз койлорунун ичегисинен жасалган. Муздак сууга салынгая ичегинп сыдыргы менен тазалаган соң, ийик менен оңго ийрип, анан аябай кере тарттырып кургатышкан. Залкар комузчулар кылды добушуна жараша өтө кылдаттык менен таядашкаи. Кээде бир койдун ичегисияен бир кыл гана жасалган.

Кыл кыяк улуттук кылдуу, жаалуу музыкалык аспап. Ал негизинен кулак, чара, моюн, куткун, тээк жана башка бөлүктөрдөн турат. Тулкусу көк арчадан, өрүктөн, сом жыгачтан чабылат. Узундугу — 65-70 см. Моюну кыска, беренеси жок. Добуш чыгаруу чарасы тең бөлүнгөн алмурут сыяктуу. Анын жарымы төөнүн териси менен капталат. Алдына туурасыная кнчинекей ичке жыгачтан бертик (төшөгүч) коюлат. Капкактын ортосунан төмөн карай ичке кайыш тартылып, чарасына бекитилет. Кыл кыяктын аягы санга коюп тартуу үчүн ылайыкталып ичке келет, башында карама-каршы эки кулагы бар. Ал ыргай, чычырканак, табылгыдан жасалат. Кыл кыяктыя тепкеги (тээги) үч бурчтук формасында эки ача жыгачтан куткуну кайыш же булгаарыдан эки тилтшп жасальга ага кыл тартылат. Аспапты аттын куйрук кылы тартылган жаа менен жаньш ойнойт. Кыл кыякка добушу бийик, мукам, уккулуктуу болуш учүн эки асый жылкынын куйрук кылы (60-70 талдан апшаган) тагылат. Адатта кылды аспалка тагаарда аны самындап жууп, тарап, карагайдын чайырын (дабыркайын) кайнатып сүйкөйт. Ойноор алдында да кылга чайыр сүйкөлөт. Кыл кыяктын түрлөрү дүйнөгө, айрыкча түрк элдеринде кеңири тараган. Алардын ичинен кыргыздын кыл кыягы тембри, добушу, күүлөнүшү, жалпы формасы, чабылышы, тартылышы жагынан казактардын кыл кобызына, кара калпактардын кобызына, тувалыктардын иглесине, хакастардын ыыхына, алтайлыктардын иклемине окшош.

Кыл кыяктын коңур добушу адамдын үн интонациясына өтө жакын. Анда адамдардын ар кандай турмушун, согуштук жүрүшүн баяндаган күүлөр тартылат. Адамдардын күлгөнү, ыйлаганы, кошкону, баланын, келиндин, кемпирдин, чалдын үндөрү, жан-жаныбарлардын аракети, табигый көрүнүштөрү так тууралып баяндалат.

Кыл кыяк көбүнчө кенже эпосторду айтуучулардын, жомокчулардын жана элдик ырчылардын коштоочу аспабы катары пайдаланылган. Кыл кыякта өзүнө мүнөздүү обон, күүлөр менен бирге комуз, темир комуз күүлөрү да тартылат.

Булардан тышкары кыргыздардын чоор, ооз комуз, жылаажын, сыбызгы, добулбас, керней, сурнай өңдүү толуп жаткан музыкалык аспаптары болгон. Алардын айрымдары бүгүнкү күнгө чейин колдонулууда.

Өскөн ОСМОНОВ — Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мучөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор

Досторуңуз менен бөлүшүүнү унутпаңыз (ツ)





Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *