КЫРГЫЗДАРДЫН ООЗЕКИ ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫ

Кошкон | 27.07.2017
Оозеки чыгармачылыгы жөнүндө сөз болгондо биринчи кезекте эле «Манас» эпосу эске түшөөрү шексиз. Чындыгында эле «Манас» кыргыз эпосунун байыркы үлгүсү катары кыргыз элинин азаттык, көз карандысыздык үчүн күрөшүн, анын адилет, жыргал турмушу туурасындагы ой-тилегин көркөы чагылдырган чыгарма. Жазылып калган тарыхы жок, өзү жөнүндө жазуу даректери анча көп болбогон көчмөн эл үчүн «Манас» эпосу оозеки поэзиянын башка жанрларындай эле жазуу адабиятынын да, сүрөт өнөрүнүн да, театрдын да милдетин аткарган.

«Манас» эпосунда баатыр Манастын образынын айланасында үчилтиктин окуялары өнүгүп, негизги идеяга — кыргыздын бытыраган урууларын бириктирүү идеясына баш ийдирилет. «Манас* үчилтигннин 1-бөлүгү Манас баатырдын Бээжинде жеңилиши, эр жүрөк баатырлары Алмамбет, Чубак, Сыргак, Эр Көкчөнүн өлүшү. Манастын өзү да катуу жарадар болуп дүйнөдөн кайтышы менен аяктагандыктан, эпопеянын андан ары уланышына шарт түзүлөт.

Үчилтиктин 1-бөлүмүнүн кайгылуу аякталышы реалдуу чындык деңгээлинде көтөрүлгөн. Манастын керезинде уруулар арасында чыр-чатактар, Манас баш коштурган кыргыз элинин күч-кубатынын начарлаганы жөнүндө айтылат. Манастын уулу Семетейдин төрөлүшү келечекте атасы үчүн өч алууну алдын ала шарттайт. Ошентип, биринчи бөлүк менен идеялык жана сюжеттик жактан байланышкан экинчи бөлүк пайда болуп, анда өз аталарынын эрдиктерин кайталап, чет жердик баскынчыларды талкалап чыккан Семетейдин жана анын шериктеринин турмуш жолу менен эрдиктери баяндалат.

«Семетей» баатырдык поэмасы үчилтиктин бир кыйла көп айтылуучу бөлүгү. Поэманын эр жүрөк каармандары баштагыдай эле адилетсиздиктин курмандыгы болушат. Бирок, буга чет жердик баскынчылар эмес, элди бузган уруу башчылары же хандар, т. а. ички душмандар себепкер болушкан.

Ички душмандарга каршы күрөшүүнү эпикалык баяндоого « Сейтек» бөлүмү арналат. Анда акыры адилеттик жеңип чыгат. Семетей менен Сейтектин образдарында элдин Манас жөнүндөгү легенданы укум-тукумдарына сактап калууга умтулуусу көрүнөт. Эпосто кыргыз элинин тагдырына байланыштуу өтө урунттуу тарыхый окуялар ар кыл даражада чагылдырылган. Сюжеттин курулушуна Түрк кагандыгынын тарыхына байланышкан орто кылымдын алгачкы мезгили, ошондой эле Борбордук Орто Азиянын аймагындагы элдердин, уруулардын жер которуштуруусуна, ассимиляцияланышына алып келген монголдордун басып кирүү доору, Жуңгар хандыгынын түзүлүш мезгили да из калтырган.

«Манас» элдик адабияттын эк ири эстелиги катары кыргыз тилинин калыптанышында, анын диалекттеринин жакындашында, грамматикалык нормаларынын такшалышында, сөздүк курамынын байышында баа жеткис роль ойногон. «Манастын» идеясынын кылымдар бою кыргыз элинин этикалык нормаларынын, улуттук мүнөзүнүн калыптанышына олуттуу таасир тийгизип келгендигинен да көрүнөт. Эпос адамдардын бири-бирине болгон өз ара мамилелериндеги этикалык иормаларды даназалайт, ушундан улам ал биздин күндөрдө да өзүнүн тарбиялык маанисин жоготкон жок. «Манас» эпосу элдик оозеки чыгармачылыктын дүйнөлүк мыкты үлгүлөрүнүн арасында татыктуу орунда турат.

Кенже эпостор да баатырдык менен каармандыкты даназалоого арналгая. Буларда коомдун социалдык-турмуштук проблемалары лирика-романтикалык маанайда баяндалат. Кылымдар бою айтылып келген эпостордун жаралуу мезгилин аныктоо мүмкүн эмес. Алар ар башка доорлордун окуяларын камтып, көп алектен өтүп, акын аткаруучулардын таланттары менен байыган.

Кенже формадагы эпикалык чыгармалардын арасында баатырдык жана социалдык-турмуштук дастандар бар. «Эр Төштүк», «Кожожаш» өндүү дастандар мифологиялык-жомоктук негизде курулуп, байыркы доордон кабар берет. «Эр Табылды», «Курманбек» дастандарында кыргыздардын кийинки учурлардагы уруулук чыр-чатактары, чет элдик баскынчыларга каршы күрөшү баяндалат. «Олжобай менен Кишимжан», «Саринжи-Бөкөйдө» кыргыз урууларынын тарыхындагы ар кандай доордун социалдык-турмуштук проблемалары романтикалык маанайда чагылдырылган.

Лирикалык ырлар да кыргыздардын маданиятында элдик оозеки поэтикалык чыгармачылык кенирн роль ойногон. Анда элдин тарыхый тагдыры, өзгөчөлөнгөн байыркы маданияты, эмгеги, үмүтү, тилек-максаты, жаратылышы, каада-салты поэтикалык бийик деңгээлде кенири чагылдырылган.

Нечендеген кылымдарда ар кандай тагдырга туш келген элибиз фольклорго өтө бай. Эмгек процессин камтыган эмгек ырлары салт-кааданы чагылдырган салт ырлары, элдик ырым-жырымдарга ылайык эм-дом ырлары, лирикалык секетбай, күйгөндөр, мелдеш айтыштар да түгөнбөс казына. Көлөмдүүсүбү же чаканыбы, ар бир чыгарма алгач ирет жеке адамдар тарабынан чыгарылат. Ошол көркөм материал мазмуну жана формасы жактан башкалардын да купулуна толсо үйрөнүү, эсте сактап калуу жолу менен ооздон-оозго өтүп, көпчүлүккө тарап элдик мүнөзгө өткөн. Кийин бирөөдөн экинчиге өтүп, оозеки айтылганда алар алымча-кошумчаларга учурап, өзгөртүүлөр, тактоолор киргизилген. Натыйжада алгач чыгарган адамдын аты унутулуп, андай чыгарма көп адамдардын элегинен өтүп, толукталып, жалпы элдин энчисине айланган.

Адамдын ички сезимин, ой толгоолорун көбүнчө ыр түрүндө баяндаган көлөмү чакан ырларды лирикалык ырлар дейбиз. Лирика деген түшүнүктүи түпкү теги гректердин «лира» аттуу музыкалык аспабынын атынан келип чыккан. Байыркы гректерде ошол лира аспабынын коштоосу менен аткарган чыгармалар лирикалык ырлар деп аталган.

Лирикалык ырлар тематикалык мүнөзүнө жараша эмгек ырлары, турмуш ырлары болуп бөлүнөт. Турмушта лирикалык ырлардын тарбиялык мааниси зор.

Кыргыздыи эн байыркы доордо жаралып биздин күндөргө чейин жашап келген эмгек ырларына »0п майда», «Бекбекей», «Шырылдан »  кирет.

Кыргыздар коомдук түзүлүштүн баскычтарына, күндөлүк тиричиликтин түрлөрүнө ылайык узак жылдар сакталып, элге сиңген үрп-адаттарга, каада салттарга бай. Кыргыздын фольклордук чыгармаларынын ичинен үрп-адатка байланыштуу чыгармалар көп. Ошондуктан аларды үрп-адат ырлары дейбиз. Үрп-адат ырларына кошоктор, (киши өлгөндө, кыз узатканда айтылган), керез ырлары, арман ырлары, сүйүү ырлары, жарамазан, мактоо ырлары, бешик ырлары, оюн ырлары кирет. Үрп-адат ырлары эл арасында кеңири таралган.

Кыргыз элинин аш-тойлору, майрамдары акындарсыз өтчү эмес. Акындык өнөр кыргыз элинде өтө жогору бааланган. Натыйжада оозеки элдик чыгармачылыктын төкмөчүлук өнөру күчтүү өнүккөн. Төкмө акындар ой жүгүртүүсүнүн тездиги, баамчылдыгы, өзгөчө таланттуулугу менен айырмаланган. Элибиздин толуп жаткан оюн-зооктору менен катар акындарды айтыштыруу да кеңири жайылган салт болгон. Эки ырчынын акындык дареметин салыштырып, бирин-бири женүү максаты менен ырдаган ырлары айтыш ырлар делип айтылган. Айтыш ырлары акындардын чеберчилигин айгинелеп, бул жанрдын өсүшүнө түрткү берген.

Өскөн ОСМОНОВ — Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мучөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор

Досторуңуз менен бөлүшүүнү унутпаңыз (ツ)





Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *