ФЕВРАЛЬ РЕВОЛЮЦИЯСЫ КЫРГЫЗСТАНДА

Кошкон | 27.07.2017
Россиядагы 1917-ж. буржуазиялык-демократиялык февраль революциясы Россияда жашаган бардык элдердин тарыхындагы эң маанилүү окуя болгон. Анткени бул революция падышачылык бийликти жоюп, элдерге саясий эркиндикти берген. Саясий партиялар подпольеден чыгып, басма сөз эркиндик алган. Башка саясий камактагылар менен катар кыргыз элинен чыккан биринчи профессионал революционер-большевик Таабалды Жукеев (А. Пудовкин) да түрмөдөн бошотулган. Революциянын демократиялык республиканы орнотуу, жерди мамлекеттештирүү, сегиз сааттык жумуш күнүн киргизүү жөнүндөгү идеялары Кыргызстандын элинин да мүдөөсүнө толук туура келген.

Февраль революциясынын жеңгендиги тууралуу кабар Кыргызстанга март айынын башында гана жеткен. Пишпек, Ош сыяктуу уезддик борборлордо, көмүр кендеринде, Чүй сугат тармагында ж. б. жумушчулар топтолгон жерлерде массалык митингдер, демонстрациялар болуп, аларда падыша бийликтерин жоюу, сегиз сааттык жумуш күнүн киргизүү, согушту токтотуу, саясий камактагыларды бошотуу жөнүндөгү талаптар коюлган.

11-мартта Пишпекте түрмөнүн алдында өткөн митингден кийин 130 саясий камактагылар, Караколдо 34 адам, 10мартта Ош шаарында болгон митингден кийин 300 адам камактан бошотулган. Алардын ичинде 1916-ж. улуттук-боштондук кыймылга катышты деген күнөө менен камалган адамдар да болгон.

1917-ж. 6-мартта Кызыл-Кыя кениндеги шахтерлор жумушчу депутаттарынын Советин түзүшкөн. 16-мартта Сүлүктүдөгү шахтерлор өздөрүнүн Советин шайлашкан. Жумушчулардын Советтери менен катар Кыргызстандын шаарларында жана аскердик бөлүктөрдө солдат депутаттарынын Советтери түзүлүп алар жумушчу депутаттарынын Советтери меиен бириге баштаган. 6-7-мартта Пишпекте, 14-мартта Ошто солдат депутаттарынын Советтери түзүлгөн, кийинчерээк Советтер Токмокто, Нарында, Пржевальскиде пайда болгон.

Убактылуу өкмөттү колдогон буржуазия менен феодалдар Советтер менен катар Аткаруучу комитеттери, Коомдук коопсуздук комитеттери деп аталган өздөрүнүн бийлик органдарын түзө башташкан. Алар эми Убактылуу өкмөттүн атыяаи бийлик жүргүзө баштап, мурдагы падышалык администрациянын саясатын улантышкан.

7-мартта Пишпекте Аткаруучу комитет түзүлүп аядагы көпчүлүк орунду буржуазиянын өкүлдөрү, падыша чиновниктери ээлешкен. Ага менъшевиктер менен эсерлер кирген. Ушул өңдүү комитеттер Фергана областында, Ошто, кийинчерээк болуштуктар менен айыл-кыштактарда түзүлө баштап, ага мурдагы падыша чиновниктери, бай-манаптар, кулактар мүчө болушкан.

Февраль революциясы саясий эркиндикти берүү аркылуу Россиянын тарыхында маанилүү роль ойногону менен жумушчулар менен дыйкандар эңсеген жер жана тынчтык, сегиз сааттык жумуш күнү жөнүндөгү негизги маселелерди чече алган эмес.

Улуттук башка региондор сыяктуу эле Орто Азияда, анын ичинен Кыргызстанда падышачылыктын улуттук-колониялык эзүүсү жоюлган эмес. Ал тургай Убактылуу өкмөттүн башчысы Керенский Түркстанга колония катары гана мамиле жасаш керек деп кошумча көрсөтмө берген.

Түркстан крайында бийликте мурдагы эле геверал-губернатор Куропаткин калып, Убактылуу өкмөттүн комиссарынын милдетин аткарган. Областтар менен уезддерде мурдагы аскердик губернаторлор жана уезддин начальниктери өздөрүнүн башкаруу аппараттары менен бийлик жүргүзүп кала берген.

Жергиликтүү калктын өкүлдөрү колониячыл эзүүнү жоюу жана улуттук теңчиликти орнотуу үчүн улуттук-боштондук мүнөздөгү күчтөрдү бириктирген уюмдарга бириге баштаган. Мисалы, 1917-ж. апрель айында Пишпекте Кыргыз коомдук комитети түзүлгөн. Мындай комитеттер Түндүк Кыргызстандын башка шаарларында да пайда болуп, алардын башында мурда падышачылыкка кызмат кылган манаптар менен байлар турушкан. Бирок улуттук мүнөздөгү комитеттер өзүнүн уюшкандыгы жагынан алсыз болуп, олку-солку абалда турушкан. Ошентип, Кыргызстанда Борбордук Россиядан айырмаланып, жумушчулар менен солдаттар Эепутаттарынын. Советтеринен. Убактылуу өкмөттүн комитеттеринен жана улуттук мүнөздөгү Кыргыз коомдук комитеттеринен турган үч бийлик түзүлгөн. Булардын биргелешип башкарууга өз ара байланыштарды бекемдөөгө кылган аракеттери жакшы натыйжа берген эмес. Чындыгында реалдуу бийлик Убактылуу өкмөттүн колунда болгон.

Россияда буржуазиялык-демократиялык революция жеңиштүү аяктаганы менен өлкөдөгү социалдык-экономикалык маселелер чечилген эмес. Эмгекчилер чыныгы эркиндикке жетишкен жок. Улантылып жаткан дүйнөлүк биринчи согуш, Убактылуу өкмөттүн элге каршы багытталган саясаты элдин абалын начарлаткан. Февраль революциясы Кыргызстан үчүн маанилүү болгон улуттук жана агрардык маселени чечкен эмес.

Россиядагы падыша бийлигинин кулагандыгын уккан качкын кыргыздар Кытайдан өз мекенине кайта баштаган.

Ал эми Убактылуу өкмөттүн Түркстан комитети качкыя элдин Ата Мекенине кайтып келүүсүнө тыюу салган атайын токтом кабыл алган. Мунун натыйжасында орус кулактары кайтып келе жаткан ач-жылаңач, алсыз, куралсыз кыргыздарды ар кайсы жерлерден тосуп алып топ-тобу менен кырып салгая учурлары болгон. Тирүү калгандарын өз чарбаларында бекер иштетишип, акырындык менен «козголоңчу» деген жалаа менен жок кылып турган, Убактылуу өкмөт кыргыздарга улуттук боштондук бермек тургай, падышачылыктын колониялык саясатын уланткан, 1916-ж. көтөрүлүштүн катышуучуларын жазалоону жана куугунтуктоону күчөткөн.

 

Өскөн ОСМОНОВ — Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мучөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор

Досторуңуз менен бөлүшүүнү унутпаңыз (ツ)





Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *