КЫРГЫЗСТАНДА СОВЕТ БИЙЛИГИН ОРНОТУУ

Кошкон | 27.07.2017
1917-ж. күзгө жакын Россияда большевиктер партиясынын ролу жогорулай баштайт. Алардын таасиринин өскөндүгү өэгөчө Советтердин ишинде байкалган. Өлкөдө аскердик бийликти орнотууга аракет кылган корниловчулардын талкаланышы большевиктердин авторитетин көтөрүп, контрреволюциячыл күчтөрдү начарлаткан. Ушундай кырдаалда В.   И. Ленин июль окуяларынан кийин убактылуу алынып салынган «Бардык бийлик Советтерге!» деген ураанды кайрадан койгон. Эми бул ураан эл массасын куралдуу көтөрүлүшкө, Убактылуу өкмөттү кулатууга, пролетариат диктатурасын орнотууга чакырган.

1917-ж. 24-октябрда (6-ноябрь) Петроградда куралдуу көтөрүлүш башталып, эртеси көтөрүлүшкө чыккан жумушчулар, солдаттар жана матростор борбордун маанилүү объектилерин ээлеп алышкан. 25-октябрда (7-ноябрь) эртең менен Аскердик-революциячыл комитет Убактылуу өкмөттүн кулагандыгы жөнүндө жарыялаган.

Советтердин Бүткүл россиялык II съезди В. И. Ленин башында турган жуvушчу-дыйкандардын биринчи өкмөтү Эл Комиссарлар Советин шайлаган. Ушул мезгилден тарта большевиктер партиясы башкаруучу партияга айланган. Бул съездде тынчтык жана жер жөнүндөгү маселелер каралып, эки маселе боюнча Совет мамлекетинин алгачкы декреттери (закондору) кабыл алынган. Тынчтык жөнүндөгү декрет боюнча жалпы демократиялык тынчтык келишимин түзүү программасы иштелип чыккан.

Жер жөнүндөгү декрет боюнча Россияда жашаган көп миллиондогон элдин мүдөөсунө ылайык жерге болгон помещиктердин менчиги жоюлуп, аны мамлекеттин байлыгы катары дыйкандарга пайдалануу үчүн бекер берүү чечилген.

Кыргызстанда Совет бийлигин орнотуу өтө кыйын жана өзгөчө шарттарда жүргүзүлгөн. Өндүргүч күчтөрдүн начарлыгы, өнөр жай пролетариатынын аз санда болушу, большевиктер партиясынын таасиринин аздыгы, колониялык саясаттын натыйжасындагы кыргыздар менен орустардын ортосундагы кастык мамиле жаңы бийликтин орношуна тескери таасирин тийгизген.

Кыргызстанга жакын Ташкентте 1917-ж, 31-октябрда (13-ноябрь) Совет бийлигинин орношу Орто Азияда, анын ичинде Кыргызстанда, Совет бийлигинин орнотулушун тездеткен. Жумушчу, солдат жана дыйкан депутаттарынын крайлык III съезди 28-ноябрда Түркстандагы мамлекеттик бийликтин Эл комиссарлар Советине өткөндүгүн таанып, жер-жерлердеги бийлик жумушчу, солдат жана дыйкан депутаттарынын колуна өткөндүгү жөнүндө чечим кабыл алган.

Бул мезгилде Кыргызстандагы бийлик Убактылуу өкмөттүн колунда болгон. Ал эми жумушчу, солдат жана дыйкан депутаттарынын Советтеринде көпчүлүк орун меньшевиктер менен эсерлерге тиешелүү эле.

Кыргызстандын аймагында биринчи болуп Сүлүктү менен Кызыл-Кыяда Совет бийлиги жарыяланган. Кыргызстандын түштүгүндө Совет бийлигинин орношун тездетүүгө Советтердин Фергана областтык VI съезди чон таасир тийгизген. Съезд 1917-ж. 6-7-декабрда болуп өтүп, анда большевиктер басымдуулук кылган жана алардын резолюциясы кабыл алынган. Съездде Фергана областында бийликти Советтердин колуна алуу маселеси чечилген. Ушундан кийин Фергана өрөөнүнүн бардык аймактарында Советтердин бийлиги орной баштаган. 1917-ж. декабрда Жалал-Абадда,1918-ж. январда Ошто Совет бийлиги орногон. Айыл-кыштактарда да Советтер уюшулуп бийликти өз колдоруна ала баштаган.

Кыргызстандын түндүгүндө Совет бийлиги адегенде Таласта 1917-ж. декабрдын башында орногон. Бул жерде Совет бийлигин орнотууга Ташкент-Олуя-Ата темир жолунун жумушчулары жана Олуя-Ата шаарындагы аскер гарнизону жардам көрсөтүшкөн.

Пишпек шаары Кыргызстандын түндүгүндө Совет бийлигин орнотууда чоң роль ойногон. 1917-ж. октябрь айында Пишпектеги большевиктер бирдиктүү уюмга бириге элек болчу. Алар дагы эле солчул эсерлер менен бирдикте иштеп жатышкан. Жумушчулардын, кол өнөрчүлөр менен солдаттардын, 1916-ж. көтөрүлүштөн жабыр тарткан кыргыз кедейлердин нааразычылыктарьшын өсүшүнүн натыйжасында ноябрь-декабрь айларында Пишпекте революциячыл кыймылдар күч алып, аларда большевиктердин таасири күчөгөн. Күзүндө Пишпек уездинде большевиктердин жашырын топтору: башында жумушчу А. И. Иваницын турган Чүй сугат тармагынын курулушундагы топ, механик И. С. Меркун башында турган Пишпектеги жумушчулар тобу, Г. И. ШвецБазарный жетектеген солдаттар тобу түзүлгөн. Ошол эле мезгилде Пишпекте X. Хасанов жетектеген Кыргызстандагы алгачкы большевиктик улуттук топ түзүлүп, анын алгачкы мүчөлөрү: К. Сарыкулаков, И. Худайбергенов, Р. Солтонбеков, Ш. Баубеков, Ж. Балапанов ж. б. болушкан. Уезддеги бардык болуштуктардын дыйкандарынын арасында зор таасири бар «Букара» союзу большевиктердин негизгн таянычын түзгөн.

Пишпек уездинде Совет бийлигин орнотуу контрреволюциячы күчтөрдүн каршылыгына дуушар болуп курч мүнөздө өткөн. 1917-ж. 31-декабрывдагы Пишпектин Дубовый паркында 1000ден ашык киши катышкан митинг уезддеги революциялык окуялардын жүрүшүндө бурулуш учур болгон. Митинг большевиктер башында турган бардык революциячыл күчтөрдү чечкиндүү аракетке өтүү үчүн баш коштуруп, Кызыл Гвардия отряддарын түзүү жөнүндө чечим кабыл алган. 1918-ж. 1-январда Пишпектин большевиктери жаны женишке ээ болуп, Пишпек Советинин аскердик жетекчилиги большевиктер менен алмаштырылган. Анын төрагалыгына большевик Г. И. Швец-Базарный шайланган. 1918-ж. 5-январында Пишпек уездинин Советтеринин съезди болуп, бул аймакта Совет бийлиги орногондугун жарыялаган. Февралда Токмок шаарында бийлик Советтердин колуна өтуп, 300 адамдан турган Кызыл Гвардия түзүлгөн. Пишпек уездинде Совет бийлигинин орношу Жети-Суу областынын борбору Верный (азыркы Алматы) шаарында буржуазиянын бийлигин кулатууну бир кыйла жеңилдеткен. 3-мартта Верныйда Совет бийлигинин жеңиши областтын калган аймагында, анын ичинен Пржевальск уездинде Совет бийлигин орнотууда чечүүчү мааниге ээ болгон.

Пржевальск жана Нарын аймагында Совет бийлигин орнотуу курч кырдаалда өткөн. Бул жактагы эмгекчилер Совет бийлигинин женишин кубаттап, Совет бийлигин орнотууга жардам берүүлөрүн суран, Жети-Суу областтык жана Пишпек уезддик Советтерге кайрылышкан. Нарын кыргыздарынын чакыруусу боюнча Токмоктон Ф. Дубовицкий командирлик кылган кызыл гвардиячылар келишип, мындагы контрреволюциячыл күчтөрдү, Кокон автономнялуу өкмөтүнүн куралдуу отрядынын калдыктарын талкалаган. Нарын аймагынын Советтеринин съезди 1918-ж. 8-апрелде ачыльш, аймакта Совет бийлиги орногондугун билдирген.

Ысык-Көл өрөөнүндө, өзгөчө Пржевальскиде, Түп, Теплоключенка сыяктуу айрым кыштактарда бай орус дыйкандары, казак орустар көп болгондуктан алар Совет бийлигин орнотууга айыгышкан каршылык көрсөтүшкөн. Бул жерде контрреволюциячыл күчтөрдү басуу 1918-ж. жайына чейин созулган. 1918-ж. июнь айынын аягында Верныйдан келген кызыл гвардиячылардын отряды Пржевальскидеги Убактылуу өкмөттүн бийлигин жоюп, 26-июнда Советтердин уездик съездин чакырууга көмөктөшкөн. Съезд Советтердин эски курамын таратып, жаны курамды шайлаган. Советтердин жаны курамы Пржевальскидеги бийликти колуна алган.

Ошентип, 1918-ж. орто ченинде Совет бийлиги Кыргызстандын бардык жерлеринде орнотулган.

 

Өскөн ОСМОНОВ — Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мучөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор

Досторуңуз менен бөлүшүүнү унутпаңыз (ツ)





Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *