«ӨНҮККӨН СОЦИАЛИЗМ» МЕЗГИЛИНДЕ ӨНӨР ЖАЙДЫН ӨНҮГҮШҮ (1964-1985-жж.)

Кошкон | 27.07.2017
1965-ж. өлкөдө эл чарбасын реформалоо башталган. Бул реформа анын активдүүдемилгечиси СССР Миңистрлер Советинин төрагасы А. Н. Косыгиндин атынан косыгиндик реформа делип аталып калган, Реформа боюнча Н. С. Хрущев тарабынан уюштурулган Эл чарба Советтери жоюлуп, тармактык миңистрликтер калыбына келтирилген. Реформага ылайык ишканалардын иштерине айрыкча кийлигишүүтоктогон. Ишканаларга жогору жактан берилүүчү көрсөтмөлөр, план ташпырмалар азайган. Продукция өндүрүүдө ишканалардын материалдык кызыкчылыктарын көтөрүүгөаракеттер жасалган. Ал үчүн өнөр жай ишканаларын дотациялабастан, кредит берүүаркылуу финансылоо тартиби киргизилген.

Реформа алгачкы жылдары жакшы натыйжаларды берген. Өлкөнүн, анын ичинде Кыргызстандын, өнөр жайы тез темп менен өнүгө баштаган. Сегизинчи беш жылдыкта (19661970-жж.) өлкөнүн экономикасы болуп көрбөгөндөй темп менен көтөрүлгөн. Реформаны андан ары тереңдетүү үчүн өндүрүштүк мамилелерди дагы өзгөртүү керек эле. Реформа экономикалык чөйрөдө ийгиликтүү жүргөнү менен саясий чөйрөдө, идеологияда кардиналдуу өзгөрүүлөр болгон эмес. Адмиңистративдик-буйрукчул системанын шартында жүргүзүлгөн реформа акырындык менен начарлай баштаган, анын баалуулугу төмөндөгөн.

Өнүккөн социализмдин шарттарында Кыргызстандын өнөр жайы өлкөнүн бирдиктүү эл чарба комплексинин органикалык бөлүгү катары өнүккөн. 1965-1985-жж. Кыргызстандын улуттук кирешеси 2,7 эсе, өнөр жай продукциясы 4,4 эсеге өскөн. Мунун ичинен машина куруу жана металл иштетүү 8 эсеге, ал эми электр энергиясын өндүрүү 5 эсеге жогорулаган. Бул мезгилде республиканын коомдук дүң продукциянын 60 пайызы, улуттук кирешелеринин жарымынан көбү өнөр жайга туура келген. Кыргызстанда 150 жаңы өнөр жай ишканалары курулган.

Бул жылдары адмиңистративдик-буйрукчул бийлик экономиканы интенсивдүү жол менен өстүрүүгө анча көңүл бурган эмес. Экономика мурдагыдай эле экстенсивдүүмүнөздө өнүккөн. Натыйжада өндүрүштүн өсүшү жаңы объектилерди ишке киргизүүнүн натыйжасында көбүрөөк камсыз болгон.

Токмокто жүндү алгач иштетүүчү жана ийрүүчү фабрикасы, Кыргыз камволдук нооту комбинаты, Фрунзедеги трикотаж бирикмеси, килем комбинаты курулган. Мунун натыйжасында республикада жүндөн даяр продукция чыгаруу иши жолго коюлган.

Ушул мезгилде өнөр жай ишканалары, өзгөчө айыл чарба продукцияларын иштетүүчүишканалар кичине жана орто шаарларда курула бштаган. Натыйжада жергиликтүүпродукцияларды, эмгек ресурстарын пайдаланууга жакшы шарттар түзүлгөн.

80-жж. башында Орто Азияда казылып алынган көмүрдүн 40 пайызы Кыргызстандынүлүшүнө туура келген. Бирок бул жетишкендик да өндүрүштүн экстенсивдүү өнүгүшүаркылуу камсыз болгон. Кыргызстандын электр энергиясы Нарын дарыясында курулган Үч-Коргон, Токтогул ГЭСтеринин эсебинен көтөрүлгөн. 80-жж. ортосунда Кыргызстандын ГЭСтеринде жылыпа 11 млрд кВт саат эпектр энергиясы иштелип чыгып турган.

Ошентип, Кыргызстанда индустриянын перспективалуу тармагы азыркы гидроэнергетика ушул жылдары калыптанган.

Жалпы союздук эмгекти бөлүштүрүүдө Кыргызстан сурьма, сымап, сейрек кездешүүчүтүстүү металлдарды өндүрүүдө маанилүү роль ойногон. Кадамжай сурьма комбинатында өндүрүлгөн сурьма эл аралык рынокто сапаттын эталону болуп таанылган. Хайдаркан сымап комбинатынын продукциясы да дүйнөлүк рынокто жогору бааланган. 70—80-жж. түстүү металлургия республиканын өнөр жайында алдынкы орунга чыккан. 1970-1985-жж. түстүү металл 2 эседен көбүрөөк өндүрүлүп, анын продукциялары 40 мамлекетке экспорттолгон. Мындан тышкары алтындын, жездин, олово ж. б. кендери ачылып, аларда жаңы ишканалар курулган.

Машина куруу тармагы күчтүү темп менен өнүгүп, республиканын индустриясынын жүзүн көргөзгөн. Бул тармакта айыл чарба машиналары, автосамосвалдар, металл кесүүчү станоктор, ири электр машиналары жана электр кыймылдаткычтары, физикалык жана контролдук-ченөөчү приборлор, электр насостору, кир жуугуч машиналар, электр лампалары ж. б. жасалган. Тилекке каршы бул тармак да экстенсивдүү мүнөздө өнүккөн.

Бул мезгилде айыл чарба машиналарын чыгаруучу Фрунзе атындагы заводдо жана «Тяжэлектромаш» заводунда техникалык реконструкциялоо иштери толук жүргүзүлгөн. Натыйжада бул заводдордун өндурүштүк кубаттуулуктары бир кыйла жогорулаган. Алсак, айыл чарба машиналарын чыгаруучу заводдо 1985-ж. 32 миң чөп таңгактоочу машина чыгарылган. Бул продукцияны дүйнөнүн 50дөн ашык мамлекеттери сатып алып турган.

Майлы-Сайдагы электр лампалар заводу СССРдеги эн ири ишканалардын бири болуп калган. Мындан тышкары «Кыргыз кабель», «Кыргызэлектродвигатель», электрондук эсептөөчү машиналар заводу ж. б. ишканалары иштей баштаган. Машина куруу өнөр жайы боюнча Кыргызстан Орто Азия республикаларынын ичинен алдынкы орунда турган. Он биринчи беш жылдыкта (1981-1985-жж.) республиканын дүңпродукциясынын 50 пайыздан ашыгын машина куруу жана металл иштетүү тармактары өндүргөн.

Республикада курулуш материалдарынын индустриясы да өнүккөн. Канттагы цемент-шифер комбинаты, 3 үй куруучу комбинаттары, айнек заводу, темир-бетон заводу, гранит, мрамор ж. б. таштарды иштетүүчү заводдор иштеп, продукцияларды арбын чыгара баштаган.

Өнөр жайдын экстенсивдүү мүнөздө өнүгүшү 80-жж. башында өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып бүткөн. Мындан ары өнүгүү үчүн мезгил өндүрүштүк мамилелерди түп тамырынан бери өзгөртүүнү талап кылган.

Өнөр жайдын өнүгүшү менен республиканын жумушчу табынын катары өскөн. Кыргызстандын эл чарбасынын бардык тармактарында иштеген жумушчулар 1960-ж. 310 миң адамды түзсө, 1985-ж. алар 866 миң адамга же болбосо 6,3 эсеге көбөйгөн.

1985-ж. республикада 360 миң жумушчу кыргыздар болуп, алар республикадагы жумушчулардын 40 пайызын гана түзгөн. Булардын көбү айыл чарбасында, транспортто же курулушта ж.б. иштешкен. Өнөр жайдын индустриялуу тармактарында болсо негизинен СССРдин борбордук региондорунан келген жумушчулар эмгектенген. Жергиликтүү элдерден жумушчу адистерди даярдоонун ордуна бул мезгилде сырттан адистерди чакыруу аларга жашоо жана иштөө үчүн шарттарды түзүү тенденциясы күч алган. Бул жергиликтүү калктын жумушчу табынын өсүшүнө тоскоолдук кылган.

Өскөн ОСМОНОВ — Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мучөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор

Досторуңуз менен бөлүшүүнү унутпаңыз (ツ)





Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *