САЯСИЙ АКТИВДҮҮЛҮК

Добавил | 17.06.2022

САЯСИЙ АКТИВДҮҮЛҮК (лат. activus – ишмердүүлүк) – коомдук активдүүлүктүн формаларынын бири, өзүнө  саясаттын субъектисинин абалын өзгөртүүгө багытталган саясий жүрүм-турумду камтыйт. С. а. аң-сезимдүү жана  стихиялуу болуп бөлүнөт. С. а. саясатка катышкан индивидге, массаларга таандык. С. а. саясий баалуулуктардан жана көрсөтмөлөрдөн, коомдук жана индивиддик аң-сезимден ишмердүүлүктүн субъектисинин саясий маданиятынан,  субкультурасынан саясий аракеттердин маңызын, мүнөзүн, багытын аныктаган жүрүм-турумдан көз каранды. С. а.  саясий идеал, кызыкчылык, баалоо, норма жана принциптер менен тыгыз байланышта. Алардын таасири менен  субъекттин бийликке, партияларга, кыймылдарга, социалдык-саясий структураларга, жалпысынан саясий турмушка  жасаган ишмердүү мамилесинин багыты иштелип чыгат. С. а. саясий мейкиндикте жана убакытта болот. Ал чыгуу  формалары, ишке ашуучу милдеттери, колдонуучу каражаттары жана жетишкен натыйжалары боюнча өзгөрөт. Мазмуну  боюнча конструктивдүү жана деструктивдүү; саясий жашоонун инновациялык демократтык формаларын түзүүгө алып  келүүчү прогрессивдүү; уюмдарда жана институттарда социалдык топторго, айрым граждандарга карата коомдо  туруктуулукту сактоого мүмкүнчүлүк берген консервативдик; социумдун өнүгүшүн кармап турган реакциячыл боло  алат.

Эгерде прогрессивдүү С. а. коомду бириктирип, анын чыныгы кызыкчылыктарын, индивиддердин эркиндикке  умтулуусун, социалдык-саясий мурастарды сактоонун, карама-каршылыктарды гумандуу чечүүнүн объективдүү  зарылчылыктарын чагылдырса, реакциячыл активдүүлөк социалдык байланыштарды начарлатат, саясий турмуш үчүн  коркунучтуу формаларда (улутчулдук, сепаратизм, экстремизм) чыгат. С. а. коомдук жашоонун бардык чөйрөлөрүн  (технологиялык, экономикалык, социалдык, саясий, руханий) өзгөртүүгө же сактап жана өнүктүрүүгө, инсанга  социалдык топторго (алардын саясий социалдаштыруусуна таасир тийгизүүгө багытталган. С. а-кө социалдык  кризистердин убагында өзгөчө өскөн саясий пассивдүүлүк каршы турат. Саясий пассивдүүлүк калктын, баалуулуктар,  идеалдар, бийлик структураларынын ишмердүүлүгүндөгү стратегиялык жана тактикалык багыттар менен канааттанбоо  шарттарында өсөт. Бул болсо баалуулуктардын, саясий курстан четтөөнүн өсүшү менен чагылдырылат да, коомдогу  саясий патологиянын симптому жана индикатору болуп эсептелет.