САЯСИЙ КЫРДААЛ – коомдун саясий турмушундагы чыңалып келе жаткан, курч абалды белгилүүчү түшүнүк, С. кдын өзөгүн негизи саясий мамилелердин – мамлекеттин граждандык коомго карата жана граждандык коомдун мамлекетке карата мамилелеринин мазмуну түзөт. Көп учурда С. к. бийликтин мамлекеттин институттарынын кризиси формасында чыгат. С. к-дын пайда болушунун негизинде коомдук турмуштун өзөгүндөгү (мамлекеттик бийлик, анын формалары жана багыттары үчүн ар түрдүү саясий күчтөрдүн ортосундагы) карама-каршылыктардын өнүгүшү жатат. Акыры келип, сөз саясат менен экономиканын, саясат менен социалдык чөйрөнүн ортосундагы карама-каршылыктар жөнүндө жүрөт. Коомдогу төрт сапаттык өзгөрүүлөрдө өбөлгөлөгөн системалык карама-каршылыктардын өнүгүү процессинде С. к. революциялык кырдаалдын бөлүгү катары чыгат. Коомдун саясий өнүгүшүндөгү терең өзгөрүүлөргө чейинки С. к-дан ал өзгөрүүлөр болуп өткөндөн кийинки С-к-ды айырмалап билүү зарыл. Биринчисинде саясий күчтөрдүн күрөшү саясий проблемалар жана маселелер менен (бирөөлөрү бийликти сактап калуу үчүн; экинчилери бийликти тартып алуу үчүн) чектелип, эски бийликке каршы күрөшкөндөр, адатта, бирдиктүү фронтко биригишет. Экинчисинде, алдыңкы планга экономикалык жана социалдык саясат чыгат. Жеңилгендердин арасында моралдык рух төмөндөп, бөлүнүп-жарылуулар күчөйт.