САЯСИЙ ПЛЮРАЛИЗМ

Добавил | 17.06.2022

САЯСИЙ ПЛЮРАЛИЗМ (лат. plu-ralis – көпчүлүк) – көз карандысыз бытиенин башталышынын жана саясий  билимдердин болушуна негизделген, коомдук-саясий жана социалдык өнүгүүсүнүн идеялык-тескөөчү принциби.  Буржуазиялык коомдун чегинде пайда болгон. Түшүнүк биринчи жолу 1712-ж. монизмдин антиподу катары немец  ойчулу X. Вольф тарабынан киргизилген. С. п. термини коомдук ой жүгүртүүдө эркиндик, теңдик, демократия  проблемаларына кызыгуу пайда болгон сайын, философиялык жана социалдык-саясий адабиятта активдүү колдонулган.  Эрте либерализмдин идеологдору жана көптөгөн агартуучулар (Дж. Локк, Ш. Монтескье, Дж. С. Милль, А. Токвиль) С. п.  менен укуктук, граждандык коомдун идеясын байланыштырышкан. И. Кант: «Өзүмчүлдүккө адам өздүк «Менинде»  бүткүл дүйнөнү камтып алган эмес, дүйнөнүн гражданы катары көрүп, алып жүрүүчү ойду, же плюрализмди каршы коюу  гана мүмкүн, — деген. Бүгүнкү күндө саясат таануу коомдук-саясий турмуш көп түрдүү өз ара байланыштуу, көз  каранды жана ошол эле мезгилде автономдуу социалдык жана саясий топторду, партияларды, уюмдарды камтуусу керек  деп эсептейт. Алардын программалары жана концепцияларды салыштыруунун негизинде коомдук аң-сезимге таасир  тийгизүү үчүн мелдешүү, атаандаштык күрөшүү камсыз кылынат. Бул күрөш – концепциялардын жана доктриналардын  өнүгүүсү үчүн маанилүү түрткү болуп эсептелет. С. п-дин милдети – чындыкты издөө жана ага жалпы максаттар үчүн  компромисттик чечимдердин негизинде жетүү, түрдүү саясий күчтөрдүн аракетинин биримдигин камсыз кылуу үчүн  демократтык талкуулар шартында көз караштарды, ой-пикирлерди, идеяларды салыштыруу аркылуу социалдык  субъектилердин кызыкчылыктарын табуу жана легалдаштыруу. С. п-дин кучагы жана тереңдиги мамлекеттин жана  коомдун саясий системасынын мүнөзү, экономиканын көп тармактуулугу, социалдык структура, жалпысынан коомдук  чөйрө менен шартталган.

Бийлик тарабынан инсанды жана коомду көзөмөлдөө, официалдуу идеологиянын үстөмдүүлүгү,  башкача ой-жүгүртүүгө чыдамсыздык мамиле кылуу менен мүнөздөлгөн тоталитардык мамлекетте С. п. кескин түрдө  чектелген. Саясий мүмкүнчүлүктүн чегине чейин идеологиялаштырылган, аларды чагылдыруучуларга – жол  башчыларга, саясий жетекчилерге түздөн-түз баш ийген тоталитардык партия жана кыймылдарга гана берилет. Бир  адамдын же топтун чектелбеген бийлигине, куралдуу күчкө негизделген, авторитардык саясий системада С. п-ге  партиялар, профсоюздар жана башка уюмдар бийликтегилердин көзөмөлү астында болгон шарттарда гана жол берилет.  Оппозициянын, көз карандысыз легалдуу ишмердүүлүгүнүн бар болуусуна жол берилбейт. Бийликтин кийлигишпөөсү же  анын чектелүүсү саясаттан тышкаркы чөйрөдө гана, барынан мурда экономикада мүмкүн. С. п. толугу менен  демократтык системада боло алат. Ал бардык граждандарга, саясий партияларга жана кыймылдарга өз  кызыкчылыктарын ачык билдирүүгө мүмкүндүк берип, өз ара компромисттердин жардамы менен рационалдык тең  салмактуулукту таап, көп сандаган саясий таасирдин көз карандысыз борборлорун түзүп, күчтүү коомдук топтор же  саясий көпчүлүктүн бийликти басып алуусуна жол бербейт, коомдун кандайдыр бир катмарынын кызыкчылыгынан улам  бийликтин аракетин чектөөчү чечимдерди кабыл алууда бир топтун монополиясын алып таштайт. С. п-дин жашоосунун  гарантиясы: бекем рыноктук мамилелердин үстөмдүк кылуусу, атаандаштыктын болуусу, экономикалык чөйрөнүн  демонополизацияланышы, мамлекеттик жана коомдук иштерди тескөөдө түрдүү саясий кызыкчылыкка ээ социалдык  субъекттердин катышуусу; мыйзам чыгаруучу, аткаруучу жана соттук бийлик бутактардын эффективдүү аракет  кылуусуна мүмкүндүк берген, мамлекеттик бийликтин децентралдаштырылышы; инсандын жана коомдун өнүккөн   саясий маданияты; кеңири көз караштуу, жөндөмдүүлүгү менен айырмаланган саясий лидерлердин болушу. С. п.  коомдун кош партиялуулук же көп партиялуулук системасында толугу менен чыгат. Бир нече партиялардын болушу  граждандардын кызыкчылыктарын табууда жана эсепке алууда коомдук саясий институттарында алардын калыптанып,  чагылдырылышында аныктуулугунун чоң даражасын камсыз кылат.